Бишкекте үч коомдук транспорттун маршруту өзгөрдү. Схема

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаршрутка. Архив
Маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор болсо, (0502) 20-52-02 WhatsApp номерине кайрылууга болот.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте бир нече коомдук транспорт маршрутун өзгөрттү.
Мэриянын маалыматына караганда, чечимдер шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынган.
№18 автобустун кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү (Кызыл-Туу айылы — "Ош" базары);
№234 маршрутту Төкөлдөш конушуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартуу;
№233 маршрутту Чүй облустук ооруканасына чейин узартуу.
Акыркы эки учурда линияда маршруткалардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу каттамдар өзгөртүлгөн.
Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор болсо, (0502) 20-52-02 WhatsApp номерине кайрылууга болот.
Бишкектеги аялдамада адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Бишкекте жол кире канчага кымбаттайт? Депутаттардын сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0