Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан

Мирзиёев учурда Кыргызстанда: расмий сапардан онлайн-репортаж. Сүрөт, видео

Жазылуу
Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев кечээ Бишкекке келди. Эки күндүк мамлекеттик бул сапар эң жогорку тепкичтеги иш чара болуп эсептелет.
Сапар алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөр болот. Мамлекет башчылар чакан форматта кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүндөгү бир топ маселелерди талкуулайт. Андан сырткары, достук, бир туугандык жана ынак коңшулукту мындан ара бекемдөө боюнча да сөз болмокчу.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:31 27.01.2023
Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу кандай өттү? Тарыхый күндүн видеосу
17:38 27.01.2023
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Кызматташтыкты чыңдоо ниетибизди ырастадык. Садыр Жапаров билдирүү жасады
Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.
17:36 27.01.2023
15:58 27.01.2023
Мирзиёевдин сапарынын алкагында 24 документке кол коюлду
Өзбекстан президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кыргызстан жана Өзбекстан желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Мирзиёевдин сапарынын алкагында 24 документке кол коюлду. Тизме
15:03 27.01.2023
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты
13:57 27.01.2023
Мирзиеевге Чыңгыз Айтматовдун назары түшүп...
Эми кайрадан кыргыз-өзбек мамилелеринин башка өңүтүнө келсек. Буга чейин Sputnik Кыргызстан Шавкат Миризеев туурасында жасаган материалында анын аалам масштабындагы алп калемгер, кыргыздын эле эмес дүйнөнүн классик жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен мамилесине токтолгон элек. Төмөндө ошол материалды окурмандарга сунуштайбыз.
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Айтматов ыраазы болуп... Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу 9 факты
13:52 27.01.2023
Жапаров: Өзбекстан менен чек ара жаатында процесстер аяктады, бул — тарыхый окуя
Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөлөрдүн ортосунда саясий карама-каршылык жок, ал эми бийлик чек аралар боюнча диалогго жана эки тарапка тең ыңгайлуу болгон чечимдерди караштырууга даяр экендигин көрсөттү.

"Чекит коюп, биз кийинки муундардын өнүгүшүнө жана өлкөнүн өсүшүнө кам көрүп жатабыз деп ишенип турам. Шавкат Мирромонович, маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин ролуңузду белгилеп кетпесек болбойт", — деген Жапаров.

13:42 27.01.2023
Мирзиёев: Кыргызстандагы реформаларга чын дилден ыраазы болуп жатабыз
Ал чек ара боюнча макулдашууну тарыхый документ деп атап, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу жана Кытай — Кыргызстан —Өзбекстан темир жолу сыяктуу биргелешкен ири долбоорлорду тизмектеди.

Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда жүргүзүп жаткан реформаларына Өзбекстанда туруп чын дилден ыраазы болуп жатабыз. Биз мындан ары да Кыргызстан президентинин программасын колдоону улантабыз. Дагы бир ирет жакындашууга жана толук кандуу кызматташууга дилгир экенибизди көрсөттүк. Бардык маселени ийне-жибине чейин талкууладык. 31 жылдык тарыхта биринчи жолу мамиле ушундай жогорку деңгээлге чыкты", — деди Мирзиеёв.

13:39 27.01.2023

"Саясий эрк болбосо мындай жыйынтыкка келе алмак эмеспиз. Мурункудай эле "ооба, жасайбыз, бирок эртең же бүрсүгүнү" деп жооп берип койсо деле болмок. 30 жыл өттү, маселенин түйүнү чечилбей келген", — деди коңшу өлкөнүн президенти.

Мындай пикири менен Мирзиеев чек ара маселеси боюнча колдоо көрсөткөн Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирген.
13:38 27.01.2023
2016-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү 2,7 эсеге өстү.
Мыйзамга ылайык, товарды Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы автожол (жөө жүргүнчүлөр), темир жол жана суудан өткөрүү жайлары аркылуу алты айда бир жолу кошумча төлөмдөрсүз ташууга болот. Ал тизмеде тиричилик жана кеңсе техникасынын 20 түрү бар.
Мындай маалыматты экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов айтып берди.
13:06 27.01.2023
Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек форумунда Кыргызстандын облустары менен да кызматташууларга чыйыр салынды.
Жалал-Абад облусунда текстиль буюмдарын өндүрүү боюнча кызматташтык келишим түзүлдү;
Нарын облусунда терини кайра иштетүү жана өндүрүү, картошка өстүрүү багытындагы агрардык класстер уюштуруу боюнча кызматташтык келишимге кол коюлду.
13:01 27.01.2023
Өзбек ССРинде декада уюштурган кыргыздар. Ташкент шаары, 1969-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакасын чагылдырган 16 сүрөт
12:25 27.01.2023
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2023
Ажары аңыз болуп... Өзбекстандын канайымы Зироатхон Хошимова тууралуу фактылар
Эми кайрадан көптөрдү суктантып жаткан биринчи айымдарга келсек. Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Хошимова тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
12:21 27.01.2023
Мирзиёевдин сапарынын алдында Бишкекте кечээ, 26-январда Кыргызстан — Өзбекстан" бизнес-форуму өттү. Анын жыйынтыгында тараптар 84 документке кол коюшкан. Жалпысынан 1 миллиард 670 миллион долларлык кызматташуу туурасында сүйлөшүү болгон.
12:18 27.01.2023
12:18 27.01.2023
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунун салтанаттуу бөлүгү аяктап, алар чакан жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларга кирип кетишти.
12:16 27.01.2023
Эми расмий жагына келсек, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу башталды.
Биргелешкен жыйында бир катар документтерге кол коюлат. Азырынча кайсы документтер экендиги белгисиз. Президенттердин чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча парламенттер тарабынан мурда кабыл алынган келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0