Туякты да кошуп жиберишет. Адистер ден соолукту талкалоочу төрт азыкты аташты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСосиска жасоо. Архив
Сосиска жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Өндүрүшчүлөр кеткен чыгымды мүмкүн болушунча азайтуу үчүн колбаса, ветчина, сосиска жана башка ушул өңдүү азыктарга соя жана малдын ичеги-карынын, айтор, этке кирбеген бөлүктөрүн кошот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти керектөөчүлөр эң көп сатып алган төрт азыктын организмге зыянын эскертти.
Департамент адегенде кытырак картошканын (чипсы) курамы жана анын зыянына токтолгон.
"Бул кытырак ашыкча куурулгандыгы жана майлуулугу менен зыяндуу. Аны даярдоого ун, крахмал жана соя кошулат. Мындан тышкары, бекон, икра, ал тургай картошканын өзүнүн даамын берүүчү атайын кошулмалар да бар. Даамды күчөтүүчү бул каражаттарда организмге зыяндуу, жеген сайын жегиңди келтирген Е-621 токсини бар. Калориясы өтө эле көп болгондуктан зат алмашууну начарлатып, ашыкча семирүүгө алып келет", — деп жазылат маалыматта.
Фаст-фуд. Департамент бат даярдалчу тамак-аштын куурулгандыгы гана эмес, анын курамындагы азыктардын өзү да ден соолукка зыян болорун белгилеген. Заматта даярдала калган бутерброд, бургер, шаурма жана башка фаст-фуддарга эт кошулары белгилүү. Дал ушул этти өндүрүү процессинен тартып эле адамдын организмине зыяндуу заттар даярдала баштайт. Мал баккандар канчалык тез соода жүргүзүшсө капчыкка пайда экендигин билген соң колундагы малы бат чоңоюп семире турган жем, кошулмаларды берип бордоп багат. Негизинен алардын курамын антибиотиктер түзөт. Ошондуктан мындай малдын этин таткандан кийин, адам аны улам-улам жегиси келе берет. Кээ бир кишилерге антибиотиктер таасир бербей калат, анын себеби да ушул азыктарда.
Андан соң департамент эт азыктарынын курамы тууралуу айтып, аларды эт азыктары деп атоо туура эмес болуп каларын белгилеген.
"Бул азыктарга эт кошулса жакшы болбойт беле. Өндүрүшчүлөр азыктын даярдалышына кеткен чыгымды мүмкүн болушунча азайтуу үчүн колбаса, ветчина, сосиска жана башка ушул өңдүү азыктарга соя жана малдын ичеги-карынын, туяктарын, айтор, этке кирбеген бөлүктөрүн кошот. Ал тургай май, кемирчек, терисин кошуп жиберген учурлар көп. Аталган азыктар жыт бергичтер, консервант жана боёктордун жардамында табитти ача тургандай болуп көрүнүп калат", — дешти департаменттен.
Мындан тышкары, департамент баасы арзан ундан жасалган макарондор да зыяндуу экендигине токтолгон. Арзан макарондор бат бышат жана кадимки камыр сындуу бири-бири менен жабышып калат. Муну көп жеген адам толуп кетүүсү, кант диабетине чалдыгуусу мүмкүн жана бат картаят. Департамент макарон тандоодо анын катуу сорттогу буудайдан жасалганын алуу керектигин, алар кымбатыраак болгону менен саламаттыкка зыяны көп жоктугун белгилеген.
Чипсы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Акыл-эсти начарлаткан азыктар. Изилдөөнүн жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0