Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Алаңгазарлык жана эрдик. АКШ Украинанын Крымга сокку урушу үчүн курал береби?

© Фото / U.S. Air Force / Airman 1st Class Nathan ClarkАмерикалык аскер HIMARS көп учуруучу ракета системасына антенна орнотуп жатат. Архив
Америкалык аскер HIMARS көп учуруучу ракета системасына антенна орнотуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Германиянын Рамштайн аскер базасында НАТО мүчөлөрү жана Украинанын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Вашингтон жыйынга камылга да көрүптүр...
Демократиялык партиянын жарчысы The New York Times гезити Байдендин администрациясы Киевди Крымга сокку урууга мүмкүндүк бере турган курал менен камсыздоону караштырып жатканын жазып чыкты. Серепчи Виктория Никифорованын РИА Новости сайтына жарыяланган макаласында дал ошол маалымат талданып, бир нече ойдун учугу чубалган.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс да муну тастыктаган. Андан "АКШ Киевди Крымга сокку урууда курал берүү менен колдойбу?" – деп сурашкан.
"Украиналык өнөктөштөрүбүз өз территориясын коргоо үчүн куралды кайда жана кантип пайдаланууну өздөрү чечет", — деп жооп кайтарган Прайс. Ошону менен бирге эле Кошмо Штаттардагылар аталган жарым арал Украинага таандык деп эсептешерин да баса белгилеген.
Ноябрь айында таасирдүү басылмалардын бири The Hill: "Украина Крымды согуштук жол менен алганы туурабы?" — деп суроо салып, андайдын кажети жок деген бүтүмгө келген.
"Крымдын катуу корголгон жээктерине десантты түшүрсө, Украина Куралдуу күчтөрү оңбой калары бышык. Ал эми Батышта Илон Маск эле эмес, андан башкалары да андай аракетке жооп катары Россия өзөктүк курал колдонот деп коркушат. Декабрда администрацияга "Крым жаатында шашылбай тургула", — деп эскерткен Foreign Affairs. "Бул коалиция үчүн олуттуу сыноо болушу мүмкүн. Чыгыш европалык өнөктөштөрү Украинаны бардык жагынан колдоп, өзөктүк курал боюнча Путиндин эскертүүлөрүн этибарга албаганы менен Франция, Германия жана Кошмо Штаттар кырдаал курчуп кетеринен катуу чочулайт".
Ошондой абал да Киевге маалымат майданында Крым темасын көтөрүүгө жолтоо боло албады. Зеленский Батыштагы башкаруучуларына Керчен көпүрөсү Россия тарапка кулап, россиялык жоокерлер качып кеткени жөнүндөгү капкайдагы сөздөрдү саймедиреп берген. Азов жээгин басып алып, ыраакка багытталган куралдардан Крымды аткылоону убада кылган.
Киевдик режим Крым темасын талкуулоого ар кандай эл аралык жыйындарды уюштуруп келген. Аларга катышкандар бири-бирине "Ялтада бетме-бет кезигүүгө" сөз берген. Акыркы ирет бул теманы Коргоо министринин жардамчысы алып чыгып, Sky News телеканалына Украина Куралдуу күчтөрү "болжол менен" Крымды декабрдын аягында аларын айткан.
Германиянын Leopard 2 танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Адис Берлин эмне үчүн Киевге танк берүүдөн баш тартканын түшүндүрдү
Азыр фронтто баары алар күткөндөй эмес. Украина Куралдуу күчтөрү Соледардан чыгып, Артемовскини алдырганы турат. Акыркы апталардагы жоготуулары үрөй учурат.
Пентагон башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор фронттогу учурдагы кырдаалды: "Украиналыктар түштүк багытка чабуул коюу үчүн резерв топтоого аракет кылышкан. Бирок ал аскердик бөлүктөр Бахмутта (Артемовскиде — ред.) окко учушту. Азыр украиналыктарда 140-150 миңдин тегерегиндеги гана жоокер калды", — деп талдаган.
The New York Times жогорку кызматтагы бир булагына таянуу менен Ак үйдөгү жыйында: "Украина туңгуюкка капталган жаңжалдан чыга албаса, анда Крымга коркунуч жаратуудан башка арга жок" деп чечилгенин кабарлады. Ошол эле учурда басылма Украина Куралдуу күчтөрү жарым аралды аларына үмүт жок экенин да белгилеген.
"Согуштук аракеттер башталгандан тарта Байдендин администрациясы Крымга сокку уруу үчүн Киевди курал менен камсыздоодон баш тартып келген. Ушул тапта ал иш жумшарып барат", — дешет The New York Times гезитинин беделдүү журналисттери. Алардын Ак үйдөгү булактары: "Эскалация тобокелдигин арттырса да Киевге күч мүмкүнчүлүктөрү зарыл экенин администрация да моюнга алууда" – деп билдиришкен. Буга Вашингтондо Киев тарабынан Крым жаатында кыр көрсөтүү Россия менен тынчтык туурасындагы сүйлөшүүлөрдө киевдик режимдин позициясын күчтөндүрөт деген пикирдин жаралышы себеп болгон.
Рамштайндагы жолугушууда украиналык тарапка "Хаймарс" ракеталык комплекстери жана "Брэдли" пехота унаалары тапшырылмакчы. Пентагондо жазылган сценарийлерге ылайык бул техниканын катышуусундагы аскердик оюндар өткөрүлмөкчү. The New York Times басылмасынын маалыматына таянсак, андай сценарийлердин бири Украина Куралдуу күчтөрүнүн кыймылы түштүккө – Мелитополь жана Мариуполго карай М-14 менен бет алышат. Буга "Брэдлилер" көмөктөшөт. Андан ары Крымдын территориясын жана россиялык армияны жабдуучу жолдорду "Хаймарстар" менен аткылашат. Эмне үчүн америкалыктар Крымга сокку урууну көздөп жатышканы түшүнүктүү. Россиялык күчтөрдү, ресурстарды жарым аралды куткарууга тартып, алаксытып, ошол эле учурда Пентагон РФтин абадан коргонуу тутумунун ишин талдоого баа жеткис мүмкүнчүлүк алып, кийин бул тажрыйбасын иш жүзүндө колдонору турулуу.
Америкалык ишкер Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Илон Маск АКШнын Украина боюнча кезектеги кадамын сынга алды
Анткен менен контрчабуулду ким ишке ашырары түшүнүксүз. Ким америкалык пехота машинасын айдап, ким "Хаймарстан" ок атат? "Калбай калышыбыз мүмкүн", — деп бир апта мурун Артемовскидеги украиналык күчтөрдүн командачысы америкалык кожоюндарына The Wall Street Journal аркылуу кабар жолдободу беле. Азыр жоокерлер ал жакта курчоодо отурушат. Алардын эртеңкиси бүдөмүк... Ошентсе да Вашингтон көздөгөнүнөн кайтпай келет.
Ак үй администрациясындагы булактардын айтымында, "Крымга сокку уруу Путинди тактикалык өзөктүк курал колдонууга аргасыз кылат деген кооптонуулардын" басаңдай түшүшү америкалык позициянын өзгөрүшүнө өбөлгө болду. Бирок РФ жетекчилери андай куралды пайдаланууга ниеттенбегенин бир нече ирет билдирген. Өздөрү аздектеген жерлерде эмнеге өзөктүк курал колдонууну көздөшсүн?! Крымды коргоо жаатында кеп таптакыр бөлөк нерсе жөнүндө жүргөн.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев июль айында эле Крымга сокку урулса, жообу кадимки тозоктой болорун эскерткен эле. РФ жетекчилиги бул багыттагы көз карашын апта аягында дагы кайталап: "Кадимки согушта өзөктүк державанын утулушу өзөктүк согушту тутандырышы ыктымал. Өзөктүк державалар өз тагдыры чечиле турган ири жаңжалдарда дегеле жеңилип көргөн эмес".
The New York Times басылмасына берген маектеринде жогорку кызматтагы булактар мында кеп эмне туурасында болуп жатканын түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшөт. "Америкалык аткаминерлер эгер Украина америкалык курал менен Крымга чабуул койсо, президент Путин кандай чара көрөрүн билбей тургандарын айтышат", — деп маалымдайт The New York Times.
Чынында алар баарын сопсонун туюп, түшүнүп турушат. Россия жетекчилиги бул маселе боюнча көз карашын улам билдирип келет. Америкалык бийлик өз элине жагдай канчалык кооптуу, олуттуу экенин түшүндүрүүдөн чочулайт. Россия Украинада тактикалык өзөктүк курал колдонот же колдонбойт деген "жомок, жоромолдун" баары ушундан чыгууда. Америкалыктар лидерлери аларды Кариб каатчылыгынан да катаал глобалдык жаңжалга сүйрөп баратканын аңдоого мезгил эбак жеткендей...
Крымда 31 жыл мурда жасалган тарыхый кадам тууралуу видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Крымда 31 жыл мурда жасалган тарыхый кадам тууралуу видео
Жаңылыктар түрмөгү
0