Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Адис Берлин эмне үчүн Киевге танк берүүдөн баш тартканын түшүндүрдү

© AP Photo / Mindaugas KulbisГерманиянын Leopard 2 танкы. Архив
Германиянын Leopard 2 танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2023
Жазылуу
Германиянын Рамштайн авиабазасында НАТО жана анын союздаштарынын жыйыны болуп өткөн.
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Германия Батыш өлкөлөрүнүн Украинага Leopard 2 танктарын берүү талабына жооп бергиси келбей турат, анткени мунун баарынын пайдасын АКШ гана көрө турганын жакшы түшүнүүдө. Бул тууралуу Геосаясий көйгөйлөр академиясынын президенти Леонид Ивашов билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Германиянын коргоо министри Борис Писториус өлкөнүн Рамштайн авиабазасында НАТО өлкөлөрүнүн жана алардын союздаштарынын жыйыны болгонун билдирген. Анда тараптар Киевге Leopard танктарын жеткирүү боюнча бир чечимге келе албай койгону айтылып, бирок Берлин бул мүмкүнчүлүктү дагы карап чыгары белгиленген.
"Германиянын бул маселедеги токтоолугу түшүнүктүү. Мунун саясий жана ички экономикалык себептери бар. Бүгүнкү күндө чыр-чатакка байланыштуу системалуу глобалдык экономикалык кризис жүрүп жатат. Андыктан немецтер бул кырдаалда АКШ, анын компаниялары жана аскердик-өнөр жай комплекстери башкаларга караганда эң көп пайда ала турганын түшүнүп жатышат. Анткени алар (АКШ) Германиядан баштап Европаны деиндустриализациялап, Европа экономикасын жарым-жартылай колонияга айландырууда", — деди Ивашов.
Анын айтымында, Рамштайн авиабазасында Украинага колдоо көрсөтүү боюнча топтун жыйыны максатына жетпей калды деш болбойт. Украинага башка курал жеткирүү боюнча келишимдер ишке ашышы мүмкүн.
"Мисалы, Leopard 2 танктарынын ордуна британиялыктардын кубаттуулугу азыраак, америкалык эскирген унаалар же балким куралдын башка жакшы түрлөрү болсо да берилет деп божомолдоого болот", — деди ал.
Ошондой эле Ивашов жолугушуунун жыйынтыгында НАТОнун бир катар өлкөсү Украинадагы аскерий жаңжалга катышуудан чарчаганы билингенин кошумчалады.
"Алар өз элин курмандыкка чалгысы келбейт, биринчи кезекте өз өлкөсүнүн келечегине тынчсызданышат", — деп сөзүн жыйынтыктады адис.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Германияны биринчи болуп Украинага танк берүүгө көндүрө алган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0