Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акылбеков: турак жай кооперативдерин мамлекет көзөмөлдөшү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын экс-вице-мэри, юрист Руслан Акылбеков. Архив
Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, юрист Руслан Акылбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, юрист Руслан Акылбеков өлкөдөгү турак жай жетишсиздиги көйгөйүн чечүү жолун сунуштады.
2016-жылы атайын жумушчу топ түзүлүп, ал курулуш кодексинин долбоорун иштеп чыккан. Долбоордо кепилдик системасы көрсөтүлгөн эле. Учурда мына ушул бизге абдан керек болуп турат. Мындай пикирин Руслан Акылбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Акылбеков: турак жай кооперативдерин мамлекет көзөмөлдөшү зарыл
Анын айтымында, учурда өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан турак жай кооперативдерине көзөмөлдү Экономика жана коммерция министрлиги же Улуттук банк алышы шарт.
"Биз мындан алты жыл мурда шаар куруу боюнча курулуш кодексин иштеп чыккан элек. Анда курулуш компаниялары, турак жай кооперативдери каражатты түз ала албайт деп көрсөтүлгөн. Мындай ыкма менен учурда Россия Федерациясы иш алып барууда. Курулуш компаниясы батирлерди сатууда акчаны кардардан түз эле өз эсебине котортуп ала албайт. Ортодо банк регулятор болуп калат. Ал курулуштун жүрүшүнө карап этап-этабы менен депозиттеги каражаттан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берип турат же курулуш компаниясы алгач өз акчасына үйдү салат да, андан кийин гана сатыкка коёт. Негизи турак жай кооперативдери үйлөрдү өздөрү курушу керек, система ошондой. Бизде даяр үйлөрдү алганга, пирамида жолу менен артынан киши ээрчитип келип эптеп эле каражат чогулткан ыкма менен иштеп жатышат. Жогоруда биз белгилеген эреже кирсе турак жай кооперативдери менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин бириктирип койсо да болот. Анан жоопкерчиликти Экономика жана коммерция министрлиги же Улуттук банк алышы зарыл. Анткени көзөмөлсүз иш жүрбөйт, азыркыдай болуп жарандарыбыз алданып кала беришет. Мына ушундай ыкма менен өлкөдөгү турак жай жетишсиздиги көйгөйүн кыска убакытта чечип, чакан жана чоң шаарларды иретке келтирип, план менен курулуш иштерин жүргүзсө болот", — деди Акылбеков.
Ал өзү сунуштаган долбоор ишке ашышы үчүн кепилдик системасын өнүктүрүү маанилүү экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0