Оокат кылып жүрүп англис тилин үйрөткөн өзгөндүк Барчынай. Тик-Ток жылдызынын маеги

© Фото / предоставлено Барчынай Омарбек кызы Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы
Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Жазылуу
Айыл жеринде жашап, Тик-Токто жана Instagram желесинде англисче видеосабак алып барган келинди көбү тааныса керек. Еnglish_apake (англис апаке) атанган Өмарбек кызы Барчынайдын алдыда көп пландары бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай менен маектешти.
— Айылда жашап, англис тилинде блог алып баруу бизге көнүмүш нерсе эмес. Дегеним, өзгөчө көрүнүш. Сиз тууралуу билгиси келгендер көп...
— Мугалим менен ветеринардык врачтын карапайым үй-бүлөсүндө туулгам. Ата-энем бизди окутуп, буттан тургузуу максатында Россияда мигрант болуп кесиби менен иштебей калды. Антсе да үйдө китеп, гезит көп болчу. Ошол себептен дайыма китеп окуп туруу, изденүү үй-бүлөбүздүн көнүмүш адатына айланган. Учурда Өзгөндө алты бир туугандын эң кичүүсүнө турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз классташпыз. Үч баланын энесимин. Эң кичүүсү төрт айлык, көбүнчө бешикке бөлөп коём. Айыл жери болгондуктан аял кишинин жумушу түгөнбөйт. Тандырга нан жаап, уй саап ишимди бүтүрүп жүрүп эле тарткан Тик-Токторумду эл ушунча кабыл алат деп ойлобоптурмун. Өзгөчө нан жапкан видеом адамдарга абдан жакшы таасир калтырды. Нан жабууну 6-классымда эле чоң энем үйрөткөн. Тандырга боюм жетпей бутума дагара коюп алчу элем. Камырым суюк, нанымдын баары күлгө түшүп калса да чоң энем мактап "күйгөндөрүн мен жейин, жакшысын сен же" деп сабырдуулук менен үйрөткөн. Ушул кезге чейин нан жапкан сайын чоң энемдин сөздөрү эсиме келе берет.
— Тилди канча жылда өздөштүрдүңүз?
— Англис тилин 2008-жылдан баштап эле үйрөнө баштагам. Андан мурун орто мектептин гана базалык билими болгон. 10-классты шаарда окуп калып, англис тилинен артта калганымды байкадым. Ал кезде бир айлык курс 400 сом эле. Китепкананын ичинде эки эле мугалим өтчү. Алгач ошол жакта окудум. 2009-жылы англис тили адистигине тапшырып, кийин жогорку билимге ээ болдум. Тил үйрөнүп бүтпөй турган нерсе, дагы да үйрөнүп жатам. Катталуучуларымдын көбү "канча убакта сүйлөп кетүүгө болорун" сурашат. Кийин бир сөздү туура эмес окуп койгонум үчүн кайрадан деңгээлимди көтөрүүнү чечкем. Мектепте окуп жүргөндө төрт ай курска барып, англисче тамагымды сатып алып жеп, үйүмдү таап бара ала турган деңгээлге жеткем. Тилди "үйрөндүм" деп таштап коюуга болбойт. Тарыхты, географияны окуп билдим деп айта аласың. Ал эми тилди дайыма угуп, сүйлөп машыктырып туруу керек. Муну спортко салыштырам.
@english.apake #mom #recommendations #англистилинүйрөнөбүз #кичүүкелин #врекомендации❤️❤️ #айылдажашоокеремет ♬ оригинальный звук - english.apake- Барчынай
— Англис тилин үйрөтүүчү видеоблог алып барууга эмне түрткү берди?
— Коомчулук мени жылуу кабыл алып, жакшы сөздөрүн айтат деп деле күткөн эмесмин. Жолдошум экөөбүз Казакстанга барып иштеп келгенбиз. Бир ирет Казакстандан дарыканага барсам, африкалык жигит фармацевтке түшүндүрө албай жатыптыр. Тыңшасам "хат, хат" (heart – жүрөк) деп эле жатат. Же анын сөзүн дары саткан кыз түшүнбөйт. Телефон аркылуу аялы менен сүйлөштүрүп, ал да түшүндүрө албай койду көрүнөт. Көрсө, анын жүрөгү ооруп жатыптыр, бирок кан басымы да бар экен. Мен дарынын нускамасын окуп, түшүндүрүп, фармацевтке которуп, дарыларын алып бергем. Ал киши абдан ыраазы болду. Ушул окуя мага чоң дем берген. Ушундан кийин дагы да изденип окуй баштадым. Себеби ага чейин дипломум менен иштебей, бир кесипти аркалабай, өзүмдү коомго кереги жок болуп калгандай сезип жаткам. Анан ичимден Кудайга жалынып койчумун. Ошондон кийин блог алып баруу идеясы келди.
— Кайын журтуңуз видеороликтериңизди көрүп кандай кабыл алды? Айылдаштарыңыз да билсе керек...
— Айылдаштарым англис тилинен мугалим экенимди билбейт, бирок кайын журтум билет. Азыр тоодо жашаган келиндер деле миграцияга барып, чет өлкөнү бир сүзүп келип жатышат. Ошентип мен да кесибим менен иштебей эле миграцияда көп жүрүп калдым. Бир ирет кайын журтум менен Сары-Челекке эс алууга бардык. Анан эле Израилден келген туристтер жүрүптүр. Аябай сүйлөшкүм келип, өзүм таанышып, кайындарым менен тааныштырып, даам ооз тийгизип, салтыбызды айтып бергем. Анан туугандарым "сен сүйлөй алат турбайсыңбы" деп мактап, иштешим керектигин айтышты. Кайненем да иште деп жатат.
© Фото / предоставлено Барчынай Омарбек кызы Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы
Видеоблогер Барчынай Омарбек кызы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы
— Тик-Токто жасап жаткан ишиңизден кандай пайда жана энергия аласыз?
— Негизи адам баласы жасап жаткан ишин жакшы көрүп, ага канааттанса оң энергия алат. Ал иш адамга мотивация тартуулайт. Канчалык жетишпей, уйкуң канбай, чарчап, эмгекти талап кылса да монтаждап, тартуу процесси жагат. Себеби камеранын алдында иштөөгө жана контент жасоого да көп тажрыйба топтоп алат экенсиң. Мисалы, кээде видео тартып жатсам короз кыйкырып же балаң ыйлап калат. Ошол убакта кайрадан тартууга туура келет. Мунун баары менин англисчемди жакшыртууга көмөкчү. Кээде видеолорумду көрүп өзүм күлөм. Видео тартууга убакыт табуу үчүн баламды уктата коюп, жумуштарымды жүгүрүп кылам. Кээде короодо ары-бери жүгүрүп баратып коңшулардан уялып калам.
— Башкаларга пайдасы тийип жатканы сезилеби?
— Катталуучуларыма пайдасы тийип жатканын мага жазган жылуу сөздөрүнөн байкайм. Комментарийге да жазышат. Орус тилин жакшы билбесем да, өзүмө окшоп орусча жакшы билбей, бирок англис тилин үйрөнүүгө далалат кылгандарга пайдамды тийгизип жатам деп эсептейм. Анткени бизде "орусча билбесең, англисче үйрөнө албайсың" деген стереотип бар.
@english.apake #врекомендации #english #englishteacherjason ♬ оригинальный звук - english.apake- Барчынай
— Видео тартуу менен кошо эле тил үйрөтүп жатасыз. Ар бир видеого маани-мазмун керек. Идеяны кайдан аласыз?
— Тил үйрөнүү — океандай иш болсо, мен аны тамчылатып берип жатам деп ойлойм. Себеби канчалык атаандаштык болбосун, бул иш баарыбызга жетиштүү. Ар кимдин өз ыкмасы бар. Мен үйрөтпөгөндү ал, ал үйрөтпөгөндү башка окутат. Тил үйрөнүүдө ошол тилде ойлоно алуу да ыкмага кирет. Тоокко жем берип же итке тамак берип жатып деле ар бир сүйлөмдү англисче айта берем. Анан бир сөздү, мисалы, иттин чынжырынын англисче аталышын таппай каласың. Ошондон кийин ал сөздү издеп таап, америкалыктар кандай айтарын бир угуу керек деп изденем. Дал ошол кезде мага идея келет. Мен ушуну билбей калдымбы, демек, башкаларга да пайдасы тийсин дейм. Ошентип видеосабакка даярданам. Очокканада, тандырымдын жанында бир блокнотум бар. Ал да идеяга толуп калган. Дайыма келген ойду блокнотко же телефонума жазып, кошумчаларды киргизип видеосабак жасап чыгам.
— Катталуучуларыңыз кандай маселе менен кайрылышат?
— Көбүнчө "курсуңуз барбы?" деп сурашат. Мен да абдан тил үйрөткүм келет, бирок бул да чоң жоопкерчилик. Ишеним артылып, акчасын алып алгандан кийин билимиңди берип, ишти аягына чыгаруу зарыл. Айтайын дегеним, бизде убакыт жок. Ошондой эле кышкысын интернет жакшы тартпай калат. Кызымды бир аз чоңойтуп алсам, тил үйрөтүү планымда бар экенин айтып жатам.
© Фото / предоставлено Барчынай Омарбек кызы Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы
Видеоблогер Барчынай Омарбек кызы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Өзгөндүн келини, кыргыз тилдүү сегментке англис тилин видеосабак аркылуу үйрөтүп жаткан Барчынай Өмарбек кызы
— Айылда деле сизден окууну каалагандар бардыр?
— Ооба, мен ойлонгуча эле кошуналарым "ай, сага биздин эле балдар жетет" деп жатышат (күлүп). Жеке ишкердик жагында документтерин тууралап окуу курсун, бара-бара борбор ачкым келет. Айыл өкмөттөн имарат жагынан жардам берилсе жакшы болор эле.
— Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
— Пландар абдан көп. Сиз сыяктуу журналисттер байланышка чыкканда да мотивация алам. Оюмда "окушум керек, окушум керек" деп эле жүрөм. Азыр эле Билим берүү министрлигинин кыргыз тилин өнүктүрүү секторунан чалып алкыш айтты. Абдан кубандым. Билимдүү эже-агайлар тарабынан ушундай телефон чалуулар көп болот. Бул мага жоопкерчилик артат. Медиасабаттуулугумду көтөрүү үчүн тренингдерге катышууга аябай кызыгып жатам. Үйдө эле онлайн окубастан, билимдүү адамдардын жанында жүрүп, аралашып сабак алгым келет. Жакында эле Ош шаарында "заманбап мугалим" деген семинар болуп өттү. Ушуга катышууну каалап, бирок бара албай калдым. Абдан кааладым эле.
Гүлназ Келсимбаева Реальные пацаны против зомби фильмине тартылуу учуру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Россиялык тасмаларда роль жараткан Гүлназ: көксөгөнүмө Москвадан жеттим
Жаңылыктар түрмөгү
0