00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
10:53
7 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
По следам истории
Первый бой и дороги войны — рассказ ветерана Афгана
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жөө жүргүнчүлөрдү айыпка жыгуу жол кырсыгын азайтабы? - Жолдогу кырсыктарды кантип алдын алса болот?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия менен күрөштүн флагманы. АКШ "Европанын жаңы кожоюнун" тандадыбы?

© AFP / PATRIK STOLLARZГерманиянын Leopard 2 танкы машыгуу учурунда. Архив
Германиянын Leopard 2 танкы машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2023
Жазылуу
Польша Киевге танк тартуу кылууну убадалады. Ошол эле учурда өзү да активдүү түрдө куралданууда. Эксперттер Варшаваны Украинадагы жаңжалдын демилгечилеринин бири катары эсептешет. Мындан Польшанын кызыкчылыгы же көрөр пайдасы эмне?
РИА Новости сайтына жарыяланган Давид Нарманиянын макаласында ушул соболдун тегерегинде ой калчанган. Варшава Киевге 240 курал бирдигин, атап айтканда, социалисттик доордон калган Т-72, ошондой эле Twardy PT-91 танктарын, советтик мезгилден берки БМ-21 залптык октун реактивдүү тутуму, Krab өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрүн жөнөттү. Жалпы жонунан Украинага жардам берүү үчүн үч миллиард евро жумшалып, бул Польшанын ички дүң өндүрүмүнүн 0,5 пайызын түзөт.
Зеленскийди колдоодо ички дүң өндүрүмүнүн 1,1 жана 0,93 пайыздарын аябаган Эстония менен Латвия баарынан айырмаланды. Бирок абсолюттук көрсөткүчтөрдү, албетте, салыштырып болбойт. Варшава сарптаган каражаттын жарымынан көбү, тагыраагы, 1,8 миллиард дал аскердик камсыздоого багытталган. Бирок Польша мындан чабал тартып кетпейт, анткени союздаштары, эң оболу АКШ кол сунбай койбойт.
Өткөн жумада Улуттук коргоо министрлиги 116 Abrams танкын сатып алуу жөнүндө маалымат берди. Украинага "Леопард" танкынан бир гана рота – 10-12 машина беришет. Бул Варшавага Берлинди эзип, Европаны "россиялык коркунучтан" коргоочуга айланууга мүмкүндүк берет.
Шольцтун Германия континенттеги коопсуздуктун гаранты болуу ниети жөнүндөгү билдирүүсү бундесвердин абалына дегеле шайкеш келбейт. Немец аскердик техникасынын басымдуу бөлүгү, маселен, Puma пехота машиналары жана PzH 2000 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөрүнүн көпчүлүгү активдүү пайдаланууга жараксыз.
Аскер аба күчтөрүнүн да ушундай маселелери арбын. Сокку уруучу "Тигр", көп буталуу NH-90 тик учактары, ал тургай эскилиги жеткен "Торнадо" бомбалоочулары жетишсиз. Украинаны курал менен камсыздоонун айынан "дүрмөт таңсыктыгы" да жаралды. Энергетикалык ресурстардын тартыштыгынан улам (буга дейре Россия камсыздап келген) аскер өнөр жайы өндүрүш ыргагын тийиштүү деңгээлге чыгара албай жатат.
Польша мындай көйгөйгө кабылган жок. Варшава бир топ мезгилден бери активдүү колдоого алынууда. 1989-жылдан тарта Польша Вашингтон менен жакын ымалалаш. Буга мурдагы советтик республикаларга салыштырмалуу жеңил өткөн экономикалык трансформациялар себеп болгон.
Ачыгы ал кезде НАТО туурасында кеп да жүргөн эмес. Саясатчылар Европа биримдигинин коопсуздук тутумуна гана кошулат деп кайталашкан. Бирок 1999-жылы Польша Түндүк атлантикалык блокко кирген. Ошол убактан бери бул республика – "НАТОнун" түштүк канаты. Өлкөдө альянстын беш жана америкалык он беш чакты базасы бар. Пентагон дагы экөөнү ачууга белсенди.
АКШ президенти Жозеф Байден аскерлерди тосуп алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык саясатчы Байденди согуш кылмыштары үчүн кызматтан алууну талап кылды
1990-жылдардын башында Польшанын 400 миң армиясы, советтик техникага жык паркы бар эле. Атап айтканда, 700 чакты Т-72, ок өткөрбөс жүздөгөн транспортёр, ондогон Ми-2, Ми-8 жана Ми-24 тик учактары болгон. Акырындап куралдуу күчтөрү кыскарып отуруп, 2013-жылы 120 миң аскерге чейин азайган. Көбүнесе буга кызмат өтөөнүн келишимдик түрүнө өтүү себеп болгон.
Ага катар эле армия модернизацияланган. Советтик техниканын бир бөлүгү кампаларга жөнөтүлүп, кыйла заманга бап үлгүлөр менен толукталган. Армиянын пайдалануусунда калган Т-72лерге советтик машинанын жергиликтүү модификациясындагы эки жүздөн ашуун PT-91 Twardy кошулган. Кийинчерээк ар кыл модификациядагы Leopard 2 танкынан 250 бирдик, отуз чакты "Абрамс" менен толукталган.
Өзү жүрүүчү артиллерия паркы биринчи кезекте Польшада чыгарылган 155 миллиметрдик AHS Krab гаубицаларынын эсебинен жаңыртылган. Аны менен катар эле Варшава америкалык учактарды көп сатып ала баштаган. 2020-жылы анын авиапаркында 50дөй F-16 учагы топтолуп калган. Ошол эле жылы F-35 учагынан 32 бирдик сатып алуу боюнча макулдашкан.
Былтыр Польша бийлиги дагы бир устатты — Түштүк Кореяны тапкан. Сеул менен өтө көп көлөмдө техника сатып алуу тууралуу келишимге кол койгон. Ошол тизмеде миң даана К2 Black Panther танкы, 600дөн ашуун К9 гаубицасы, FA-50 истребителинин үч эскадрильясы камтылган. Бирок сатып алуулар менен гана чектелбестен, март айында президент Анжей Дуда "Мекенди коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык 2023-жылдан тарта аскердик чыгымдар ички дүң өндүрүмдүн үч пайыздан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш эле. Мындан тышкары, армиянын саны да эки эсеге — 300 миң кишиге көбөйтүлгөн. Алардын эки жүз элүүсү дасыккан аскер кызматкери, дагы элүү миңи территориялык коргоо жоокери болмокчу. Резервдегилердин да саны жогорулатылат. Мындай чара кызуу талкууга алынып, көктөмдө бийлик 200 миң кишини аскерге чакырууну пландап туру.
"Жаңы Германияга айлануу — бачым жүзөгө ашырылчу процесс эмес, ал эми аскерге чакыруу чечими – жеңил эле аткарыла турган иш-чара, — деген пикирде россиялык аскерий илимдердин доктору Константин Сивков. — Машыгуулар деген шылтоо менен булардын баары Батыш Украинага аскер күчтөрүн киргизүү үчүн жасалууда".
Мындай милитаризация Польшага өз коопсуздугун гана бекемдебестен, мурда Германия аркалап келген "Европанын калканы" ролун алууга умтулууга жол ачат. Эгер Варшава муну ишке ашыра алса, аскердик "бонустардын" аркасынан саясий өңүттөгү өзгөрүүлөр да башталып, континенттеги позициялар биротоло алмашат.
ГЛОНАСС спутнигин макети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2023
Россия 2023-жылы жаңы муундагы үч ГЛОНАСС спутнигин учурат
Жаңылыктар түрмөгү
0