Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Соледардагы курчоо, Артемовскини бошотуу. Атайын операциянын жүрүшүнөн баян

© Sputnik / Константин МихальчевскийРоссиянын Украинадагы жоокелери
Россиянын Украинадагы жоокелери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2023
Жазылуу
Соледар калаасын украиналык күчтөрдөн бошотуу – Донбасстагы согуштук аракеттердин масштабдуу көрүнүшүнүн кичинекей бөлүгү. Ошол эле учурда атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн тактикалык жана стратегиялык артыкчылыгын айгинелейт.
Аскерий серепчи Александр Хроленко Россия Куралдуу күчтөрү киевдик режимди демилитаризация жана денацификациялоо милдеттерин пландуу, ырааттуу жана майнаптуу, таасирдүү жыйынтыкты камсыз кыла тургандай ыкчамдык менен аткарып жатканын белгилейт. Бул жолу да ал РФтин атайын аскердик операциясынын жүрүшүнөн баяндаган.
Соледар жана ага коңшулаш Артемовскиден (Бахмуттан) чыккан жолдор Славянски, Краматорски (30 чакырымдын тегерегинде), андан ары Батышка карай алпарат. Россиялык күчтөр 11-январда Артемовск/Бахмуттан алты чакырым аралыкта жайгашкан Соледар шаарын толук өз көзөмөлүнө алды.
Соледардын борборунда курчоодо калган Украина Куралдуу күчтөрүнүн гарнизону (61-пехоталык, 46-аэромобилдик жана 128-тоо-чабуул бригадасынын бир нече бөлүгү) төрт секторго бөлүнүп, "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын күчтөрү тарабынан ар бири өз-өзүнчө жок кылынууда.
Украина "аскердик элитасы" 200 чакырымга созулган туз шахта жана үңкүрлөр тутуму жана көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүндө жай тургундарды калкан катары кармап баш калкалоону туура көрөт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн деңиз пехотачылары Мариуполдо да дал ошондой жорукка барышканы белгилүү эмеспи.
10-январдан тарта россиялык күчтөр бир нече багыттан Соледарга чабуул коюуну баштаган. Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный өлкө жетекчилигине кырдаалдын кескин начардыгы жөнүндө кабарлап, курчоодон кутулуу үчүн шаардан украиналык аскер бөлүктөрүн чыгарып кетүүнү өтүнгөн. Ошол эле убакта ар кыл маалымат булактарында Соледарда украиналык күчтөрдүн жапырт дезертирлиги жөнүндө маалымат жарыяланды.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү, польшалык жана британиялык жалданма аскер отряддары өтө чоң жоготууларга кабылган. Ар бир олуттуу аскер операцияларынын стратегиялык ийгилиги ээлик кылган чарчы чакырымдары менен эмес, душмандын армиясын канчалык деңгээлде жок кыла алышы менен өлчөнөт.
Украина армиясы толук талкаланган күнү атайын аскердик операциясынын зонасында территориялык көзөмөл жеңүүчүгө, тагыраак, Россия Куралдуу күчтөрүнө автоматтык түрдө өтөт. Ал эми азырынча атайын аскердик операция илгерилеп, Артемовск/Бахмут калаасынын украиналык гарнизону жарым курчоодо.
Транспорттук коммуникациялар бөгөттөлүп, ошол себептен россиялык артиллериянын огу жаап турганда Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө көмөкчү күчтөрдү жөнөтүү же Батышка чыгарып кетүү дээрлик мүмкүн эмес. Артемовск/Бахмуттан түштүккө карай үч чакырымдык аралыктагы Клещеевка кыштагында кармаш дале уланууда. Аталган районго украиналык күчтөрдүн бул аймактагы соңку бөлүктөрү топтолгон.
Солнцепёк оор огнемёттук тутуму. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операцияда иштеп жаткан "Солнцепектун" видеосу
Башкы командачы Валерий Залужный 6-январда Украина президенти Владимир Зеленскийге Бахмутту таштап кетүүнү сунуштап, бирок Киевден колдоо таба алган жок. Рождество убагында ок атууну токтотуу боюнча Москванын сунушун четке каккан киевдик режим Соледар менен Артемовскидеги салгылаш чийининде россиялык күчтөрдүн оор соккусуна кабылды. Ушул жерде Украина Куралдуу күчтөрүнүн алты бригадасы талкаланды. Ошондой күндө да шаарды кармап калууга мүмкүн болбоду.
Соледарда "Карпаты" спецназ жана тоо-чабуулчу бригадаларынын эң мыкты даярдыктагы, идеологиялык жактан шыктандырылган бөлүктөрү талкаланып же качууга аргасыз болушту. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Соледар менен Артемовскиде жети сутка ичиндеги орду толгус жоготуусу эки миңге чамалайт. Украиналык резервди андан ары тозок отуна таштоонун кажети барбы?
30 чакырымдык Артемовск – Соледар – Северск чийининдеги коргонуу позицияларынын арылышы Украина Куралдуу күчтөрүн оор кесепеттерге кептейт. Мындан тышкары, Артемовск менен Соледардагы россиялык күчтөр жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын активдүү аракеттери Мелитополдо украиналык аскерлердин контрчабуул коюу пландарын бузду.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү касташкан тарабын Сватово-Кремен жолунан батышка карай багыттагы бир катар таяныч түйүндөрүнөн, Луганск Эл Республикасынын жана жалпы жонунан Донбасстын аймагынан украиналык күчтөрдү ырааттуу сүрүп чыгарууну улантууда. Ал эми бул майдандагы россиялык ракеталык, радио, биологиялык, химиялык коргоо күчтөрү менен артиллериясынын артыкчылыгынан кеп сала турган болсок, РФ Коргоо министрлиги ТОС-1А "Солнцепек" оор огнеметтук тутумдарынын жогорку майнаптуулугун баса белгилейт. Бул бирдиктер жаңжалда колдонулганда украиналык улутчулдар көп учурда командирлеринин буйруктарына да кулак салбай орундарын таштап, өз ыктыяры менен багынып беришет.
Жапырт мобилизациянын улам кийинки толкуну уюштурулган сайын Украина Куралдуу күчтөрүнө алынган баалуу жоокерлердин саны азайып барат. Күчү да, руху да даярдыксыз, туруктуу кармаша албаган же АКШ менен улутчул киевдик режимдин кызыкчылыктары үчүн өлүмгө дуушар болгусу келбегендер арбын.
Кадрдык таңсыктык украиналык кыз-келиндерди да жапырт армияга чакырууга мажбур кылды. Харьков багытындагы радиоэфирде чет тили көп жаңырып, көбүнесе Польшадан келген "ыктыярчылар" чыгат.
Киевде Зеленский 14 – 16 жаштагы өспүрүмдөрдөн турган өзүнүн "гитлерюгендин" түптөөгө мажбур болуп, ушул тапта жашы жете элек "жоокерлерди" Украина Куралдуу күчтөрү үчүн "Пласт", "Оңчул жаштар" жана башка неоулутчул уюмдар даярдап жатканы тууралуу маалыматтар айтылат.
Бир топ айдан бери киевдик режимдин бачым жеңишке жетишерине көз ачыктык кылып келген Батыштагы таасирдүү басылмалар атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн ийгиликтерин байкап, Украина Куралдуу күчтөрү утулууга дуушар экенин моюнга алууга аргасыз.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украинада CAESAR гаубицасынын жанындагы украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун Киевге багытталган жардамы жаңы деңгээлге чыктыбы? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0