Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОнун Киевге багытталган жардамы жаңы деңгээлге чыктыбы? Сереп

© AP Photo / LibkosУкраинада CAESAR гаубицасынын жанындагы украиналык жоокер
Украинада CAESAR гаубицасынын жанындагы украиналык жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Жыл башында НАТОнун блогу Россия менен тирештеги ставкасын кескин жогорулатты. Альянстын бир катар өлкөлөрү Киевди ок өткөрбөс оор техника менен камсыздоону убада кылышты.
Азырынча кеп пехота унаалары, дөңгөлөктүү танк жана өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жөнүндө гана жүрүүдө. Бирок айрым мамлекеттер андан да олуттуу техникаларынан да бөлүшүүдөн сөз козгоодо деп белгилейт аскерий серепчи Андрей Коц. Анын РИА Новости сайтына жарыяланган бул жолку макаласында да НАТОнун Украинага жардамынан баяндайт.

"Чөлдөгү бороон" операциясынын ардагери

Ак үй Украинага 3,75 миллиард долларга, азырынча эң ири траншты бөлдү. Киев 100 даана M113 чынжырлуу сооттолгон транспортер, жолтандабас 200дөй дөңгөлөктүү автомобиль, 105 миллиметрлик калибрдеги сүйрөтүүчү 36 гаубица, ар кыл калибрдеги ок-дары, жабдууларды алмакчы.
Тизмеде толук жабдылган 50 бирдик M2 Bradley пехота унаасы да бар. Батыштын мындай деңгээлдеги ок өткөрбөс техникасы жаңжал зонасында буга чейин жок эле. M2 Bradley менен АКШнын кургактагы күчтөрү 1981-жылы куралданган. Ошондон тарта азыркыга чейин америкалык армиянын көзгө басар бирдиги катары кызмат өтөп келет. Бир топ кампанияларда пайдаланылган. Кыйла ынанымдуу, сүрдүү, бекем корголгон, күнү-түнү иштөөгө жөндөмдүү.
Борту 25 миллиметрлик автоматтык замбирек, пулемёт, ошондой эле өзүндө орнотулган TOW тескелүүчү танкка каршы ракетасы менен жабдылып, ичине алты десантчыны сыйдырат.
"Чөлдөгү бороон" маалында "Бредли" бирдиктери "Абрамстарга" караганда көбүрөөк ирактык танктарды талкалаган. Украинага M2A2 ODS модификациясындагы пехота машиналарынан 50 даана бөлүнөрү белгилүү. Алар Ирактагы кампаниядагы тажрыйбаны эске алуу менен 1990-жылдары дөңгөлөккө алмаштырылган.
Заманга бапташтыруудагы эң маанилүү элементин белгилеп коюу дурус. Спутник жана ушул сыяктуу түзүлүштөрдөгү аскердик бирдиктерден топтолгон чалгын маалыматтары менен алмашууга шарт түзгөн FBCB2 маалыматтык-тескөөчү тутуму (Force XXI Battle Command Brigade and Below) бар. FBCB2 компьютердин дисплейинде ошол жердин рельефине жакынкы дос жана кас күчтөрдүн жайгашканын көрсөтүп турат.
Албетте, 50 машина Украина Куралдуу күчтөрүн сетецентристтик армияга айландырып жибере албайт. Бирок америкалыктар өз куралдары россиялык техникага туруштук берип-бере албай турганын сынап алат. Эгер тажрыйба ийгиликтүү деп таанылса, АКШ коргоо жөндөмүнө эч кандай доо кетирбестен камсыздоону кескин түрдө көбөйтөт. Себеби базаларында мурдагы модификациядагы эки миңден ашуун М2 жөн эле токтоп турат.
"Азыр ошондой техниканы берүү үчүн эң ылайык учур, — деди Кошмо Штаттардын коргоо министринин Россия жана Украина боюнча жардамчысынын орун басары Лора Купер. — Өзүндөгү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга, согуш талаасында, ошондой эле техникалык тейлөө жана камсыздоо жаатында да динамиканы өзгөртүү үчүн Украинага эң туура убакыт. Украиналыктар биз союздаш жана өнөктөштөр менен биргеликте жайгаштырган жаңы тутумдарга таянуу менен техникалык тейлөө жана камсыздоодо улам чеберчилигин көрсөтүүдө".
Кошмо Штаттардын эл өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын көңүлүн чөктүргөн окуя. АКШнын саясий айдыңынан кабар

Берлин менен Париж баш болуп...

Германия Украина Куралдуу күчтөрүн биринчи чейректе 40 Marder пехота унаасы менен камсыздоого милдеттенме алды. Мындай чечим бундестагда катуу сынга кабылды. Христиан-демократиялык (ХДС) партиясынан депутат Хеннинг Отте "эми бундесверге өз кампаларын бошотууга туура келет, ал эми техника ансыз деле начар абалда" деп кейиди.
Согушта майнапсыз экени аныкталган акыркы үлгүдөгү Puma пехота унаасы боюнча жакындагы эле жаңжалды эске салышты. Marder менен куралдануу 1970-жылы башталган, бирок согуш талаасына алгач ирет Афганстанда 2009-2011-жылдары гана чыккан.
Бундесвердин жоокерлери анын бекем корголгонун, танкка каршы 20 миллиметрлик замбирегинин ок күчүн, Milan танкка каршы тескелүүчү ракетасы үчүн баалашат. Украинага дал кайсы варианты жиберилери так айтылган жок, бирок акыркы үлгүсү жөнөтүлөрү күмөн. Кыйла жаңы деп саналган Marder A5 жана Marder A5A1 немец армиясында жүздөн бир аз гана ашат, ал эми A3 жана A4 версиялары чыкканына бери дегенде эле отуз жыл. Анткен менен А3 да БМП-2нин 30 миллиметрлик замбирегинен чыккан окко туруштук бере алат, ошондуктан аны да эсептен чыгарып койгон болбойт.
Өз кезегинде француздар AMX-10RC жеңил дөңгөлөктүү танктарынан бөлүшмөкчү. Бул – танк мунарасы, 105 миллиметрлик замбирек орнотулган ок өткөрбөс автомобиль. Ал менен 1981-жылы куралдана башташкан. Кан күйгөн жерлердин бир тобунда колдонулду. Замбирегинин кубаттуулугу ок өткөрбөс жеңил техника гана эмес, кыйла корголгон буталарды кыйратууга толук жетиштүү. Ал эми 6х6 дөңгөлөк формуласы, бийик илгичи жана күчтүү кыймылдаткычы согуш талаасында ордун бачым алмаштырууга мүмкүндүк берет.

"Жогорку технологиялык варианттар"

НАТОдогулар курал-жарак номенклатурасын кеңейтүү менен андан ары да умтулууга даяр. Жаңы үлгүлөрдү Украинага жылдын экинчи жарымында жеткиришерин Дүйнөлүк курал сатуу тармагын талдоо борборунун директору Игорь Коротченко боолголойт.
"Техника менен камсыздоо кадрларды даярдоо менен коштолот, — дейт ал. — Атайын аскердик операцияны создуктуруу Батыш башка, оор технологиялык тутумдар менен башка варианттарды ойлоп табышына алып келерин түшүнүү керек. Курал-жарактын агымы токтобойт. Андан тышкары, НАТО өлкөлөрүнүн жоготууларынын ордун толтуруу үчүн америкалык аскер өнөр жай комплекси толук кубаттуулукта иштөөгө өттү".
Жарым эле жыл мурун караманча танып келишсе да, учурда танк менен жабдуу тууралуу ар тараптан жаңырууда. The Wall Street Journal Польша Украинага Leopard 2 танктарын жөнөтүүгө белсенип жатканын жазып чыкты. Эске салсак, аталган техника Германияда өндүрүлгөн. Азыркы тапта Варшава бул өндүрүштөгү машиналар паркын америкалык жана түштүк кореялык техникага алмаштырууга ашыгууда. Ал жакта союздаштарынын аракеттерин дайым акмалап турушары чын.
Түндүк атлантикалык блокко кире элек жатып Финляндия бийлиги эгер бөлөк өлкөлөр Киевге танк жибере турган болсо, алар да четте калбастан Leopard 2 үлгүсүндөгү 30дан кем эмес бирдик берерин билдирди.
Апта башында Sky News телеканалы Улуу Британия Challenger 2 танктарын тапшыруу туурасында акыл калчап жатканын маалымдады. Ал эми "Абрамс" бирдиктери боюнча Вашингтон азырынча үн ката элек.
Батыштын Украинаны ок өткөрбөс оор техника менен жабдышы россиялык армиянын милдеттерин аткарууну кыйла татаалдаштырат. Эгер мурда танк технологияларындагы артыкчылык Москва тарапта болсо, НАТОлук машиналар бул абалды теңдештирүүгө чейин жакындата алары бышык. Ошентсе да техника менен камсыздоо көлөмү мурдагыдай эле фронттогу кырдаалга жараша болот эмеспи.
Россиянын гиперүндүү Циркон ракетасын сыноо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Батыштын жүрөк үшүн алууда. Германияда Россиянын жаңы куралы талкууга түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0