https://sputnik.kg/20230113/oshto-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-muchosun-sabap-olturushtu-1071992381.html
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүштү, экинчисинин абалы оор
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүштү, экинчисинин абалы оор
Sputnik Кыргызстан
Окуя 12-январда Курманжан датка көчөсүндө аялдаманын артында болгон. 13.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-13T13:42+0600
2023-01-13T13:42+0600
2023-01-13T13:42+0600
кыргызстан
ош
уюшкан кылмыштуу топ
сабоо
өлтүрүү
https://sputnik.kg/img/103706/87/1037068701_0:0:6016:3384_1920x0_80_0_0_1406c6a362b35ef3c70a2d7501ea7fb7.jpg
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Маалыматты Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы тастыктады.Буга чейин социалдык тармактарга топтошкон кишилердин урушуп жаткан видеосу тараган. Анда бирөөнү арматурага окшош буюм менен экинчиси аеосуз сабап, тепкилеп жаткандыгын көрүүгө болот. Көз жумган адам 28 жашта экени айтылды.Окуя 12-январь күнү калаадагы Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында болгон.Милиция токмок жеген экинчи киши оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун айтышты. Тартип сакчылары сабагандарды издеп жатат.
https://sputnik.kg/20221229/spetsnaz-bishkek-uyushkan-kylmyshtuu-top-1071576814.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103706/87/1037068701_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_86cafa3a314a6c17548cccb7d37c8138.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, уюшкан кылмыштуу топ, сабоо, өлтүрүү
кыргызстан, ош, уюшкан кылмыштуу топ, сабоо, өлтүрүү
Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн сабап өлтүрүштү, экинчисинин абалы оор
Окуя 12-январда Курманжан датка көчөсүндө аялдаманын артында болгон.
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү мыкаачылык менен сабалып, мунун кесепетинен алардын бири көз жумган. Маалыматты Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин социалдык тармактарга топтошкон кишилердин урушуп жаткан видеосу тараган. Анда бирөөнү арматурага окшош буюм менен экинчиси аеосуз сабап, тепкилеп жаткандыгын көрүүгө болот. Көз жумган адам 28 жашта экени айтылды.
Окуя 12-январь күнү калаадагы Курманжан датка көчөсүндөгү аялдаманын артында болгон.
Милиция токмок жеген экинчи киши оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Жабыркагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгонун айтышты. Тартип сакчылары сабагандарды издеп жатат.
29 Бештин айы 2022, 10:58