Кыргызстанда күн эртең, бүрсүгүнү дагы сууктап, аяз күчүнө кирет

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар учурунда көчөдө бараткан адамдар
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Синоптиктер катуу суукта автоунаа менен жүрүү, энергетика тармагында жана коммуналдык кызматтардын иши кыйындай тургандыгын эскертти.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 12-13-январда күн дагы суук болорун Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -14…-19;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл аймагында -12…-17, күндүз -9…-14;
Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -17…-22, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -23…-28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38, күндүз -23…-28 градус болорун билдирди.
Синоптиктер мындай суук жайыттарда мал кармоону, автоунаа менен жүрүүнү, энергетика тармагында менен коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатарын эскертти.
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
ӨКМ алдыдагы үч күндө ашууларга кар көчкү түшөрүн эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0