Депутат Эмил Жамгырчиев жумушка чыгып, УКМКга ыраазычылык билдирди. Видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Эл өкүлү анын кылмыш иши кайра жанданышын туура кадам деп эсептейт.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн жумушка чыгып, бир жарым айдан бери каякта жүргөнү тууралуу маалымат берди.
Ал Кыргызстандан эч жакка кетпегенин, атасы катуу ооруп Бишкектеги ооруканаларга каттап жүргөнүн айтты. Ошол учурда өзү да тумоолоп эки жума жатканын белгиледи.
Ал эми УКМКнын тынчсызданып, издөө жарыялаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бул УКМК кызматкерлеринин түздөн-түз милдети. Себеби ар бир жаран жок болуп кетсе, издөөгө тийиш. Ал үчүн ыраазычылык айтыш керек. Эл өкүлүнө сарсанаа болуп издөө жарыялаганына ыраазымын. Бирок ошол эле маалда мен Бишкекте жүргөнүм тууралуу маалымат бергем", — деди Жамгырчиев.
Ошондой эле үйүнө жана автоунаасына жашыруун камера, үн жаздыруучу аппараттар коюлганын тастыктады. Бирок ким тарабынан орнотулганын, анда эмнелер жазылганын билбей турганын айтты. Ал боюнча иш козголуп, иликтенип жатат.
Аны менен катар эле депутат мурдагы кылмыш иши боюнча аны актоо өкүмүн жокко чыгарып, кайра башынан кароону колдой турганын белгиледи.
"Иштин кайра ачылышы өтө туура болду, мен колдойм. 2018-жылы мурдагы бийлик учурунда мага кылмыш иши козголгон. Ошондон бери иликтенип сот үч инстанцияда мени актаган. Бирок кээ бир жагдайлар ачылбай калган болчу. Азыр УКМК кылмыштуулук менен аёосуз күрөшүп жатат. Мага мурда эки ирет соттолгон адамдын арызынын негизинде иш козголгон эле. Бул өтө жаман практика, контрабанда менен күрөшкөндөрдүн шагын сындыруу үчүн колунда жок бирөөгө акча берип чиновникке жалаа жаптырып жатпайбы. Эми сотто "анын артында кимдер турат, контрабанданы кимдер калкалайт?" деген суроолорго жооп алабыз. "Ак ийилет, бирок сынбайт" деп коёт, мен кайра кароодон коркпойм", — деди Жамгырчиев.
Эл өкүлү ушул жаңы ачылган ишке байланыштуу ага чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Жамгырчиев мүчө болгон "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев кесиптеши Кемпир-Абад маселесинде "каршы" добуш бергени үчүн жабылган кылмыш ишин кайра жандантуу аракети болуп жатканын билдирген. Жамгырчиевдин сыртка чыгышына тыюу салынып, 26-ноябрда Казакстанга баратып чек арадан өтө албай калган. Андан УКМКга алып келип суракка алышкан, ошондон бери депутат коомчулукка чыга элек болчу.
Көп өтпөй Башкы прокуратура Жамгырчиевди актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып Жогорку Сотко кайрылган.
Эмил Жамгырчиев 2020-жылдын октябрында Финполдо жетекчинин орун басары болуп иштеп жатканда пара алган деп УКМК тарабынан кармалган. Кийин ал мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төгүп, соттон акталып чыккан.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Боорум ооруп Түркияда дарыландым. Айдарбеков жумушка чыгып абалын айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0