12-январга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик проспектисиндеги автоунаалар. Архив
Эркиндик проспектисиндеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
12-январга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым жерлеринде кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергелеринде -14...-19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -9...-14, ал эми Нарында -15...-20 градус суук болот.
Бишкек менен Ошто түнкүсүн кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -14...-16 жана Ошто -11...-13 градус болуп төмөндөйт.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Кыргызстанда күн эртең, бүрсүгүнү дагы сууктап, аяз күчүнө кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0