Кара-Балтада микроавтобус сүзүп кеткен улакчы ооруканада көз жумду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2023
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, оюнчунун аты кырсык болгон жерде өлүп калган.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кара-Балта шаарында микроавтобус ат үстүндө бараткан улакчыны коюп кетти.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жабырлануучу Жайыл райондук ооруканага кечээ, 9-январда, саат 18:40та түшкөн.
"Жасалган реанимациялык аракеттерге карабастан бейтап саат 19:20да каза болду. Жаракаттар өтө эле оор болчу", — деп айтылат маалыматта.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, оюнчунун аты кырсык болгон жерде өлүп калган.
Соревнования по Кок бору среди команд Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Бишкектин түштүгүндөгү көк бөрү: жанын сабап ойногон улакчылардын сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0