Дастан Бекешев окуучуларды онлайн-окутууну узартууну сунуштады

© Sputnik / Абзал КалиевОкуучу онлайн сабак учурунда. Архив
Окуучу онлайн сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Эл өкүлү 11-январдан баштап катуу суук түшөт деген кабардан улам ушундай ойду айткан.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдардын кышкы каникулун узартууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Билдирүүсүндө ал 11-январдан баштап катуу суук түшөт деген божомолду жүйө келтирүү менен балдарды онлайн-окутууну узартуу зарылчылыгын белгилеген.
"Дал ушул 11-январдан баштап балдардын каникулу аяктайт экен. Бишкектин коомдук транспорту мындай суукка даяр эмес, ал эми мектеп, бала бакчалар даярбы? Билим берүү жана илим министрине мектеп балдарын онлайн-окутууну бир нече күнгө узартууну ойлонуп көрүшүн сунуштадым", — деп жазды Бекешев.
Эскерте кетсек, кечээ ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 10-январдан тарта катуу суук түшөрүн билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды. Ал эми коңшу Өзбекстанда сууктан улам окуучулардын каникулу узартылды.
Электр зымдарын кардан тазалап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Алдыдагы сууктан улам энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет
Жаңылыктар түрмөгү
0