Жаңы жылдык майрам күндөрү бейтапканалар кандай иштейт? График, телефондор

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги оорукананын кызматкерлери. Архив
Бишкектеги оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
3-январдан тарта Бишкек шаарынын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштей баштайт.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык майрамдарда үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иштөө графигин жарыялады.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медициналык кызматкерлери кайрылган бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүнү улантышууда.
"Жаңы жылдык майрамдарда — 31-декабрда, 1,2 жана 7-январда үй-бүлөлүк медицина борборлорунда нөөмөткө чыккан дарыгерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштешет", — деп билдирди мэрия.
Ал эми 3-январдан баштап Бишкек шаарынын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштей баштайт.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларына төмөнкү номерлер менен чалууга болот:
№1 ҮМБ - 0312 64 45 42;
№2 ҮМБ - 0312 21 03 57;
№3 ҮМБ - 0312 32 52 32;
№4 ҮМБ - 0312 43 39 07;
№5 ҮМБ - 0312 63 51 23;
№6 ҮМБ - 0312 57 02 84;
№7 ҮМБ - 0312 66 20 44;
№8 ҮМБ - 0312 42 69 62;
№9 ҮМБ - 0312 21 17 32;
№10 ҮМБ - 0312 67 82 74;
Мэрия шаардыктарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктаган.
Календарь выходных дней 2023 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
2023-жылдагы майрам жана эс алуу күндөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0