Улан-Батор — Бишкек — Шарджа чартердик авиакаттамы ачылат. График

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАбага көтөрүлүп жаткан учак. Архив
Абага көтөрүлүп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Авиакаттамдар монголиялык компания тарабынан жума күндөрү, кайра артка ишемби күндөрү аткарылып турат.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-декабрынан тарта Улан-Батор — Бишкек — Шарджа чартердик авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматта каттамдар монголиялык Hunnu Air авиакомпаниясы тарабынан аткарыла тургандыгы айтылган.
Рейстер жумасына бир жолу — жума күндөрү (2022-жылдын 30-декабрында, 2023-жылдын 6, 13, 20 жана 27-январында), кайра артка Шарджа — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча ишемби күндөрү аткарылат.
Jazeera Airways авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2022
Бишкектен Кувейтке авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0