Баткендеги кагылышта каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди

© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек ШамбетовБаткендеги кагылышта каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди
Баткендеги кагылышта каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү жерге берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жазылуу
Жоокердин сөөгү көпкө чейин табылбай бир катар экспертизалардан кийин гана өздүгү такталган.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бүгүн, 29-декабрда, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди. Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов

Бүгүн, 29-декабрда, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди

Бүгүн, 29-декабрда, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бүгүн, 29-декабрда, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди

© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов

Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/4

Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов

Эскерте кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон.

Эскерте кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/4

Эскерте кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон.

© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов

Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган

Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган - Sputnik Кыргызстан
4/4

Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган

1/4

Бүгүн, 29-декабрда, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда каза болгон чек арачы Дастан Анарбековдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилди

2/4

Жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

3/4

Эскерте кетсек, "Достук" чек ара тозотунун башчысынын орун басары, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Талас облусунда туулган. Ал 2022-жылдын 16-сентябрында Достук айылын коргоодо мектептин аймагында каза болгон.

4/4

Чек арачынын сөөгү көпкө чейин белгисиз бойдон калып, бир катар экспертизалардан кийин гана анын өздүгү такталган

Садыр Жапаров мекен үчүн баатырларча курман болгон Дастан Анарбековдун үй-бүлөсүнө, ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Президент жолугушуу-реквиемдин катышуучуларына кайрылып жатып ушул жылдын сентябрында Баткен жергесине болгон куралдуу кол салууда жашоонун даамын эми тата баштаган кырчындай жигиттерибиздин окко учушу мүлдө кыргыз элинин кабыргасын кайыштырып, кайгыга салганын белгиледи.
Жапаров кыргыз эли ар дайым бардык кошуналар менен достукту жогору баалап, пайда болгон көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен гана чечкенин баса белгиледи.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек ШамбетовПрезидент Садыр Жапаров
Похороны Дастана Анарбекова, погибшего при защите границы в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Президент Садыр Жапаров
"Тилекке каршы, жакында эле коңшу өлкө Кыргызстандын жерине басып кирди. Бирок Дастандай болгон Мекени үчүн тоо болуп туруп берген жоо жүрөк кыргыз жигиттеринин татыктуу каршылыгы алардын мизин кайтарды. Туулган жердин ар бир карышын коргогон баатыр уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, аларды өстүргөн аталарга башымды ийип таазим кылам. Дастан Анарбеков сыяктуу жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбайт, алардын жаркын элеси бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!" — деди президент.
Ал Дастан Анарбековдун ысымы Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин элеси катары элдин эсинде түбөлүккө сакталарын баса белгиледи.
"Мекен үчүн жан берүү — эрдиктин жеткен чеги! Дастан аскердик антына бек туруп, Мекен үчүн, улуу кыргыз элинин бейпилдиги үчүн, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, чек арабыздын кол тийгистиги үчүн душман менен кармашып жатып шейит болду. Жаткан жери жайлуу болсун", — деди Жапаров.
Андан ары аза күтүү музыкасынын коштоосунда Ардактуу кароолдун ротасы Дастан Анарбековдун сөөгүн буга чейин комплекске коюлган, танк экипажынын үч мүчөсү, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаныбай уулу Тилектин жайынын жанына жерге беришти.
Ротанын аскер кызматкерлери үч жолу ок чыгарды. Президент Садыр Жапаров жана башка митинг-реквиемдин катышуучулары жоокердин жайына бир ууч топурак салышып, куран окулду.
Белгилей кетсек, чек арадагы кандуу кагалышууда Кыргызстан 49 аскер уулунан ажыраган. Мындан тышкары, 14 жай тургун көз жумган. 169 киши ар кандай жаракат алган. Жалпысынан 1 158 объект талкаланган, анын 613ү — турак үй.
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар
Жаңылыктар түрмөгү
0