Чүйдө милиция баңгизат жасаган ири лабораторияны тапты. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МВД
Жазылуу
Эл аралык кылмыштан түшкөн акча уюштургандардын колуна 2,7 миллион доллар кирише түшмөк.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусунда синтетикалык баңгизат саткан лаборатория табылып, иши токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

1/4
© Фото / пресс-служба МВД
Чүй облусунда синтетикалык баңгизат саткан лаборатория табылып, иши токтотулду

2/4
© Фото / пресс-служба МВД
Бул жерде кандай иштер, кантип жасалганын аныкташ үчүн бир топ түйшүктүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн

3/4
© Фото / пресс-служба МВД
Баңгизатты Кыргызстандын ичине жана коңшу мамлекеттердин чек арага жакын райондоруна сатып турушкан

4/4
© Фото / пресс-служба МВД
Алынган психотроптук заттардын көлөмү 30 килограммдан ашык болгон.

Бул жерде кандай иштер, кантип жасалганын аныкташ үчүн бир топ түйшүктүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Баңгизатты Кыргызстандын ичине жана коңшу мамлекеттердин чек арага жакын райондоруна сатып турушкан.
26-декабрда баңгизат лабораториясынан үч кишини кармаган. ИИМден ал ошол учурда синтетикалык баңгизатты жасоо менен алектенип жаткандарын маалымдады.
Алынган психотроптук заттардын көлөмү 30 килограммдан ашык болгон. Андан сырткары төмөнкү буюмдар табылган:
көлөмү 20 литр болгон 140 канистра жана көлөмү 30 литр болгон суюк түрдөгү белгисиз химиялык заты бар 12 канистра;
синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу реактор;
"нутч фильтр" (химиялык реактивдерди суусуздандыруу үчүн, беш даана атайын аба чыпкасы);
тараза;
жеке химиялык коргонуу каражаттары;
даяр продукцияны таңгактоо үчүн материалдар.
"Жогоруда көрсөтүлгөн психотроптук заттарды сатуудан эл аралык баңги синдикаттын баасы 180 млн. сомдон ашык сумманы же 2 млн. 68 миң 965 долларды түзмөк", — деп айтышты ИИМден.