https://sputnik.kg/20221222/bishkekte-kylmyshtuu-toptun-mucholoru-karmaldy-1071370003.html
Бишкекте Россияга баңгизат жеткирип турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Бишкекте Россияга баңгизат жеткирип турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Sputnik Кыргызстан
Учурда кылмышка шектүү дагы эки адамды издөө иштери уланууда. 22.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-22T11:39+0600
2022-12-22T11:39+0600
2022-12-22T11:40+0600
уюшкан кылмыштуу топ
баңгизат
россия
кыргызстан
иим
милиция
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/16/1071369842_0:0:2470:1390_1920x0_80_0_0_8baa4f03fa6c3b6664bc0cf3ed943305.jpg
Бишкекте Россияга баңгизат жеткирип турган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ көптөн бери Афганистанда жасалган баңгизат партиясын Орто Азия өлкөлөрүнөн Россияга, Балтика мамлекеттерине, андан ары Европага жеткирип турган. Баңгизат эл керектөөчү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларда жасалган кампаларга катылып жөнөтүлгөнү аныкталган. Топтун курамындагы Борбор Азия, Россия жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынын ар биринин бөлүнгөн ролу болгон.ИИМ аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон."Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган М.С. Бишкек шаарында эки шериги менен баңгизат ташууну уюштурганы аныкталды", — деп белгилешти милициядан.28-ноябрда Бишкекте кылмышка шектүү эки адам кармалган:Жаш Гвардия менен Лев Толстой кесилишинен Баткен районунун Исфана шаарында туулган россиялык 25 жаштагы К.Ж.;Панфилов менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргызстандын А.А. аттуу 25 жаштагы жараны.Милициянын айтымында, экөө тең Бишкек шаарында жашап, Россияга баңгизаттын ири партиясын контрабандалык жол менен ташууга жардам берип турушкан. Учурда кылмышка шектүү дагы эки адамды издөө иштери уланууда.Мындан тышкары, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аты аталган жарандар тарабынан сары таш плиткаларына катылган баңгизаттары табылган. Алар Россияга жөнөтүүгө даярдалып жаткандыгы аныкталды. Материалдар конфискацияланып, учурда тергөө иштери уланууда.Тема боюнча:— Өлгөн бөбөктүн ичине апийим катып өтүп... Кыргызстанда апийим кантип өстүрүлгөн
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/16/1071369842_257:0:2121:1398_1920x0_80_0_0_3b2d536cb20e97b1e0d9bbf1b5d9481d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
уюшкан кылмыштуу топ, баңгизат, россия, кыргызстан, иим, милиция, видео, видео
уюшкан кылмыштуу топ, баңгизат, россия, кыргызстан, иим, милиция, видео, видео
Бишкекте Россияга баңгизат жеткирип турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
11:39 22.12.2022 (Жаңыртылды: 11:40 22.12.2022) Учурда кылмышка шектүү дагы эки адамды издөө иштери уланууда.
Бишкекте Россияга баңгизат жеткирип турган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ көптөн бери Афганистанда жасалган баңгизат партиясын Орто Азия өлкөлөрүнөн Россияга, Балтика мамлекеттерине, андан ары Европага жеткирип турган. Баңгизат эл керектөөчү товарларды ташыган жүк ташуучу унааларда жасалган кампаларга катылып жөнөтүлгөнү аныкталган. Топтун курамындагы Борбор Азия, Россия жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынын ар биринин бөлүнгөн ролу болгон.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын полиция кызматкерлери тарабынан бул топтун активдүү мүчөсү, 34 жаштагы россиялык жаран М.С. кармалган. Тинтүү учурунда анын Новосибирск шаарында ижарага алган кампасында фасад плиткасында катылган 68 килограмм "травертин", "афган чарсы" наркотикалык заты жана төрт килограмм героин табылган", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган М.С. Бишкек шаарында эки шериги менен баңгизат ташууну уюштурганы аныкталды", — деп белгилешти милициядан.
28-ноябрда Бишкекте кылмышка шектүү эки адам кармалган:
Жаш Гвардия менен Лев Толстой кесилишинен Баткен районунун Исфана шаарында туулган россиялык 25 жаштагы К.Ж.;
Панфилов менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргызстандын А.А. аттуу 25 жаштагы жараны.
Милициянын айтымында, экөө тең Бишкек шаарында жашап, Россияга баңгизаттын ири партиясын контрабандалык жол менен ташууга жардам берип турушкан. Учурда кылмышка шектүү дагы эки адамды издөө иштери уланууда.
Мындан тышкары, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аты аталган жарандар тарабынан сары таш плиткаларына катылган баңгизаттары табылган. Алар Россияга жөнөтүүгө даярдалып жаткандыгы аныкталды. Материалдар конфискацияланып, учурда тергөө иштери уланууда.