Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

НАТОнун башкы катчысы Украинадагы жаңжал көпкө созулат деп билдирди

© Sputnik / Алексей ВитвицкийНАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Столтенберг Путин узакка чейин тирешкенге, ал тургай жаңы чабуулдарды жасоого даяр экендигин түшүнүшү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Украинадагы жаңжал узакка созулушу мүмкүн, бирок соңунда сүйлөшүүлөр жолу менен бүтөт. Мындай пикирди НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Биз Россияга туура баа беришибиз керек. Россия согуштун көпкө созулушун пландап жатат... Президент Владимир Путин узакка чейин тирешкенге, ал тургай жаңы чабуулдарды жасоого даяр экендигин түшүнүшүбүз керек", — деген НАТОнун башкы катчысы Франс Пресс агенттигине берген маегинде.
Анын пикиринде, Украинадагы чатак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аяктайт, бирок андагы чечимдер соңунда Украина суверендүү, көз карандысыз мамлекет боюнча кала тургандай болушу керек.
Politico басылмасы жакында саясатчы, дипломаттардын айткандарына таянып, Украинадагы жаңжал али бүтпөй тургандыгын, бирок чыр-чатактар убактылуу токтоп турушу мүмкүндүгүн жазган.
"Буга жетүүнүн эң ыкчам жолу — Путин согуш талаасында жеңишке жете албашын түшүнүп, өз эрки менен ынтымактуу сүйлөшүүлөргө барышы үчүн Украинага аскердик жардам көрсөтүү", — деп кошумчалаган Столтенберг.
Столтенберг июнь айында Украинаны аскердик заманбап курал-жарактар менен каржылоо — анын аскерлерине Донбасска көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгүн кайтарууга шарт түзөрүн айтып, ошол эле учурда жаңжал бир нече жылга созулат деген оюн жашырган эмес. Бирок декабрда Германиянын канцлери Олаф Шольф менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Киевге колдоо көрсөтүү жөнүндө айтып жатып НАТО Украинадагы жаңжалдын катышуучусу боло албастыгын, конфликтинин узарып кетишин көтөрө албай турганын билдирген.
Жакында Владимир Зеленский россиялык аскерлерди 1991-жылдагы чек арага сүрүп чыгуу — Украинадагы жаңжалды чечүүнүн жалгыз жолу деп айткан. Крым парламентинин башчысы Владимир Константинов Зеленскийдин бул айткандары боюнча "Зеленскийге Украинадагы тынчтыктын кереги жок" деген.
Декабрдын башында Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эгерде Зеленский кааласа, Украинадагы чыр-чатактарды эртең деле бүтүрсө болот деп айткан. Ошол эле учурда Путин Украина боюнча сүйлөшүүлөргө дайыма даяр экендигин билдирип келет. Анткени менен Зеленский өзү Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эместиги жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Россия буга чейин НАТО өлкөлөрүнө Украинага курал берип жатканына каршы нота жөнөткөн. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун белгилеген. Россиянын тышкы иштер түзүмү НАТО Украинага курал берип "от менен ойноп жатат" деп билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыш тараптын Украинаны куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан.
Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасынын сыртындагы баннерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун башкы катчысы европалыктардын Украинаны колдоосу түйшүк жаратарын моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0