Косово: АКШ менен НАТОнун агрессиясынын уландысы

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDАКШ менен НАТОнун желектери. Архив
АКШ менен НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Балкандардагы аскерий-саясий каатчылыкты АКШ жараткан, анын Вашингтон тарабынан тескелери жашыруун эмес. Кошмо Штаттар Европаны Россия, Кытай менен стратегиялык күрөштө тил алчаак "солдатына" айлантууга умтулат.
Ошол эле учурда улам бир согуштук жаңжал тутантып, Европанын ресурстарын америкалык экономикага багыттап, ЕБдин атаандаштыкка жөндөмдүү экономикасын алсыратууда.
11-декабрь күнү кечинде сербиялык 10 миңдин тегерегиндеги жоокери, атап айтканда, атайын багыттагы отряд, №63 парашюттук-десанттык бригадасы, жандармерия күчтөрү Косово тарапка багыт алды. Ушул жагдайга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Сербиянын президенти Александр Вучич улутка кайрылуусунда аталган дата ал үчүн 2017-жылдан берки эң оор күн болгонун белгиледи. "Бизди жарга такашты", – деп кошумчалады. Эл аралык коомчулук да косоволук "бийликтин" өзүм билемдиктерине – иш жүзүндө крайдын аймагындагы сербиялык анклавдарды жоюу далалатына көз жуумп коюуда. Сербиянын президентинин пикиринде, "Америка Балкандардагы "перзентин" алдейлөөдө". Андан 23 жылда желмогузду жаратышты.
Белград 15-декабрда KFOR (НАТОнун Косоводогу) миссиясына Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1244-резолюциясына ылайык Косово жана Метохиянын территориясына күчтөрдү жайгаштырууга өтүнүч жолдоого белсенди.
Соңку айларда Косово тынч эмес. Өзүн-өзү жарыялаган "Косово республикасынын" бийлиги тарабынан ар кандай чагымдарына ыкчам жооп кайтаруу үчүн Сербиянын Куралдуу күчтөрү 1-ноябрдан тарта катуу даярдыкта турат. Улам ок жаңырып, Косовонун Митровицасында беш жардыруу болгону маалымдалууда.
Брюссель макулдашууларына карабастан, 8-декабрда сербдер жашаган Косовонун түндүгү жана Метохияны Косовонун 300 чакты атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери басып кирди. Парламенттин атайын жыйынында Александр Вучич Приштинанын бир тараптуу кадамдарынын айынан Косоводо куралдуу кагылыш кооптуулугу чоң экенин белгиледи.
Сербиянын жаңы өкмөтү октябрдын аягында Косовону өлкөнүн курамында сактоого милдеттенме алган. Ошол эле убакта "Косово республикасынын" башчылары сербиялык номер тагылган автоунааларды милдеттүү кайра каттоону узартуудан баш тартышкан.
Өзүн-өзү жарыялаган "Косово республикасын" тааныбаган Россиянын позициясы так жана ачык. РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, "бул эч качан өзгөрбөйт".
Сербдердин жеке документ жана унааларын каттоо номерлерин мажбурлап өзгөртүү боюнча дискриминациялык "эрежелерди" Москва жашоочулардын укуктарын радикалдуу күчтөрдөн коргогон мамлекеттик институттарды Косоводон сүрүп чыгаруу деп эсептейт. Балкандарда куралдуу дагы бир жаңжал тутануу ыктымалдыгы кыйла күч.
НАТОдогу союздаштары Белградды 1999-жылдагыдай туш келди бомбалоону азыр кайталай албасы анык. Өткөн он жылдыктарда жетишерлик бекемделген сербиялык авиация жана артиллериянын соккусуна кабылып, косоволуктар миңдеген жоокерлеринен ажырап калары бышык.
Сербия менен прокси согушта альянс албан полициясынан армияга айланган косоволук "монстрду" колдонууда. Россиянын Сербиядагы элчиси Александр Боцан-Харченко кечээ Приштина Косовонун сербиялык райондорун өздөштүрүү үчүн катуу, одоно күч көрсөтүп жатканын белгиледи.
Артемовск шаарына жакын жерде украиналык аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск Украина үчүн стратегиялык маанисин жоготту. Аскерий сереп
Александр Вучич 11-декабрда Косово "өкмөтүн" кармалган этникалык сербдерди тезинен бошотууга чакырды. Бирок Косовонун түпкү калкына пландалган "жумшак кыргынын" АКШ токтотору күмөн. Атлантчылар Белградды Россиянын Европадагы "Троянь аты" катары эсептөөдө. Сербиянын суверенитетин Болгария, Румыния, Словения, Хорватия өңдүү балкандык лимитрофтордун деңгээлине чейин алмаштырууну көздөйт.
"Террорчулукка" айыпталып, мурдагы полиция кызматы Деян Пантичтин "бийлик" тарабынан кармалышы косоволук сербдерди 10-декабрда түндүктөгү кан жолдордо баррикадаларды курууга түрттү. Кечээ "Косово республикасынын" атайын багыттагы отряды Газиводе ГЭСин жана плотинасын басып алды. Крайдын түндүгүндөгү төрт сербиялык район үчүн бул – суунун негизги булагы. Нааразычылык күч алып, Косово менен Метохиянын түндүгүндө сербиялык мектептер да ишин токтотту.
Косоводогу полициянын өзүм билемдигин жөнгө салуу үчүн БУУ менен Европа биримдигинин кийлигишүүсү жетиштүү болмок. Анын ордуна алар фактыларды бурмалап, шантаж кылып, Белградга өктөм талаптарды коюуда. Германиянын канцлери Олаф Шольц Приштинага келгенинде Белградды "Косовону таануу процессинде салкын кандуулукка" чакырып, ансыз өлкөнүн Европа биримдигине кире албай турганын кыйыткан.
Атлантчылар, тагыраак Кошмо Штаттардын Приштинадагы элчилигинин кызматкерлери Сербияны Косоводогу сербиялык калкты коргоо үчүн согуштук аракеттерге шыкактап жатат. Ал эми РФтин аскер күчтөрүн бөлүп, атайын аскердик операция зонасына масштабдуу кышкы чабуулун үзгүлтүккө учуратуу үчүн Россияны сербдерди жактап, жаңжалга кийлигишүүгө түртүүгө тырышууда.
Кокус Белград Приштина жана НАТОнун күчтөрү тирешип кала турган болсо, Москва аскер-техникалык, экономикалык жана саясий-дипломатиялык каражаттар менен чындап эле ага көмөктөшө алат. Андай болгон күндө деле бул абал Украинада РФтин атайын аскердик операциянын жүрүшүн анчейин басаңдата албаса керек. Россиянын Мамлекеттик думасы да Косово, дүйнө түзүлүшүнүн америкалык "эрежелерин" кайра карап чыгуу, "Косово республикасын" Европа биримдигине кабыл алуунун укуктук талаага жатпаган аракеттери жаатындагы позициясын так белгилеген. Эске салсак, ЕБдин беш мүчөсү, атап айтканда, Греция, Испания, Кипр, Словакия, Румыния мындай мамлекетти тааныбайт.
Россия менен аскер-техникалык кызматташтык Сербияга акыркы жылдары коргонуу жөндөмүн чыңдап алууга шарт түздү. Белград алты МиГ-29 истребителин, он БРДМ-2МС ок өткөрбөс транспортер, ошондой эле жети Ми-17 жана Ми-35 тик учагын, 30 Т-72МС заманбапташтырылган танкын, 30 БРДМ-2 ок өткөрбөс унаасын, алты "Панцирь-С1" ракеталык-замбиректик комплексин Москвадан тартууга алган.
Сербия армиясынын катарында 25 миң аскер кызматкери бар. Сербиянын аскер күчтөрү 117 учак жана тик учагына, 323 танк жана башка ок өткөрбөс техниканын 1133 бирдигине, 406 залптык октун реактивдүү тутумунун ракеталык түзүлүшүнө, 497дөй артиллериялык куралга ээ.
Аталган мамлекет деңизге чыга албайт, анткен менен Дунайда дайра флотилиясын уюштурган. Анын курамында алты күзөтүүчү катер, төрт мина тральщиги жана эки понтондук батальону бар. Белград өлкөнүн бардык территориясын тартипке келтирүүгө жетишерлик аскердик күчкө ээлик кылат. Global Firepower батыш рейтингинде 61-сапта турат.
Жамааттык Батыш Приштина тарапта. Эгер эртең капыстан согуш тутанып кетсе, НАТО тескеген KFOR эл аралык тынчтык орнотуучу миссиясы косоволук согушкерлердин отряддары менен дароо аралашып кетери да ажеп эмес. KFOR миссиясынын күчтөрү БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1999-жылдагы 1244-резолюциясынын негизинде иш алып барып, бирок андан эч кандай майнап чыга элек. Косоводо жай турмушту дале камсыздай албай келет.
KFOR контингентинде НАТОго мүчө жана союздаш 28 мамлекеттен 3775 аскер кызмат өтөйт. Таанылбаган "Косово республикасынын" территориясында KFOR Батышка ыңгайлуу, каалаган учурда аскердик жаңжалды "кайрадан тутантууну" гана кепилдейт. Аягы тыйылбаган чагымчылдык жана согуштар – Пентагон менен НАТОнун планетанын булуң-бурчундагы "тынчтык орнотуучу" ишмердигинин стандарттык ыкмасы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Аскер кызматкери Россия менен Беларустун биргелешкен машыгууларында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Атайын аскердик операция: Беларустан сокку урулушу мүмкүнбү?
Жаңылыктар түрмөгү
0