https://sputnik.kg/20221213/sputnik-kyrgyzstandyn-radioprogrammasy-mykty-boldu-1071054686.html
Sputnik Кыргызстандын радиопрограммасы ЖМКнын эл аралык сынагында мыкты аталды
Sputnik Кыргызстандын радиопрограммасы ЖМКнын эл аралык сынагында мыкты аталды
Sputnik Кыргызстан
Евразия өнүктүрүү банкы Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгын... 13.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-13T18:32+0600
2022-12-13T18:32+0600
2022-12-13T23:00+0600
журналист
жеңүүчү
сынак
айтурган сатиева
sputnik кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0d/1071050294_0:112:3067:1837_1920x0_80_0_0_e9e8019219d0ee107962f85f5e50a9b2.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева Евразиялык өнүктүрүү банкы тарабынан жыл сайын уюштурулган "Евразиялык интеграция жана өнүгүү — XXI кылым" аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири болду.Сатиеванын программаларынын сериясы "Мыкты радиоматериал" номинациясында өзгөчөлөнгөн.Сынакка Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ЖМКларына чыккан 150 материал кабыл алынган. Аларды алты мамлекеттин Журналисттер союзунун жетекчилеринен турган эксперттик кеңеш баалады.Калыстар тобу материалдар сапаттуу контексти, евразиялык мейкиндиктеги интеграцияга байланышкан маселелер терең талданганы менен айырмаланганын белгиледи. Кийинки жылдан тарта журналисттерге материалдарын улуттук тилинде жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген саамалык кирди.Евразия өнүктүрүү банкы — инвестициялык ишмердүүлүгүн евразиялык мейкиндикте жүргүзүп келген эл аралык финансылык уюм. 15 жылдан бери уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык байланышын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө көмөктөшүп келет. Банктын уставдык капиталы 7 миллиард долларды түзөт.Sputnik Кыргызстан өз ишмердүүлүгүн 2014-жылдын декабрында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбор бар. Sputnik Кыргызстан жергиликтүү интернет ЖМКлардын катарында алдыңкы позицияларды ээлейт.Sputnik Кыргызстан ондогон мамлекетте мультимедиалык маалымат хабга ээ эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өзүнө 30 тилде чыккан сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдик тиркемелерди жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт.
https://sputnik.kg/20220527/evraziya-onukturuu-banky-mln-dollar-beret-1064744266.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0d/1071050294_66:0:2797:2048_1920x0_80_0_0_51f9d77ee8f2b66bfc28c257ecde1159.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
журналист, жеңүүчү, сынак, айтурган сатиева, sputnik кыргызстан
журналист, жеңүүчү, сынак, айтурган сатиева, sputnik кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын радиопрограммасы ЖМКнын эл аралык сынагында мыкты аталды
18:32 13.12.2022 (Жаңыртылды: 23:00 13.12.2022) Евразия өнүктүрүү банкы Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарган.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева Евразиялык өнүктүрүү банкы тарабынан жыл сайын уюштурулган "Евразиялык интеграция жана өнүгүү — XXI кылым" аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн бири болду.
Сатиеванын программаларынын сериясы "Мыкты радиоматериал" номинациясында өзгөчөлөнгөн.
Сынакка Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ЖМКларына чыккан 150 материал кабыл алынган. Аларды алты мамлекеттин Журналисттер союзунун жетекчилеринен турган эксперттик кеңеш баалады.
Калыстар тобу материалдар сапаттуу контексти, евразиялык мейкиндиктеги интеграцияга байланышкан маселелер терең талданганы менен айырмаланганын белгиледи. Кийинки жылдан тарта журналисттерге материалдарын улуттук тилинде жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген саамалык кирди.
Евразия өнүктүрүү банкы — инвестициялык ишмердүүлүгүн евразиялык мейкиндикте жүргүзүп келген эл аралык финансылык уюм. 15 жылдан бери уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык байланышын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө көмөктөшүп келет. Банктын уставдык капиталы 7 миллиард долларды түзөт.
Sputnik Кыргызстан өз ишмердүүлүгүн 2014-жылдын декабрында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбор бар. Sputnik Кыргызстан жергиликтүү интернет ЖМКлардын катарында алдыңкы позицияларды ээлейт.
Sputnik Кыргызстан ондогон мамлекетте мультимедиалык маалымат хабга ээ эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өзүнө 30 тилде чыккан сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдик тиркемелерди жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт.