Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинадан улам арсеналы кандай жоготууга учураганын ачыктады

© Фото / U.S. Army / Sgt. 1st Class Claudio TejadaАКШ аскерлери машыгуу учурунда. Архив
АКШ аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Жазылуу
Хейстин айтымында, Пентагон 2004-жылдан бери зениттик-ракеталык комплекс сатып ала элек. Учурда курал-жарактын запасын толуктоо маселеси курч бойдон калууда.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. АКШ куралдуу күчтөрүнүн айынан Stinger зениттик-ракеталык комплекси менен Javelin танкага каршы ракеталык комплекстеринин бир нече жылга эсептелген запасын сарптады. Бул тууралуу National Review басылмасы аскердик-өнөр жай комплексинин башкы директору Грег Хейске таянуу менен жазды.
"Маселе — чыр-чатактын алгачкы айларында эле запастын көп сарпталып калганында. Биз Stinger өндүрүшүнүн 13 жылдык жана Javelin өндүрүшүнүн 5 жылдык запасын түгөттүк", — деди Хейс Украинага курал-жарактын жеткирилишине баа берип жатып.
Ал ошондой эле Пентагон 2004-жылдан бери зениттик-ракеталык комплекс сатып ала электигин айтып, запасты толуктоо маселеси өтө курч турганын кошумчалады.
Басылманын баяндамачысы Жимми Куинн Вашингтон Украинага аскердик жардам катары 5 500 даана Javelin жана 1 400 даана "Стингер" жөнөткөнүн, Raytheon армиянын аскердик запасын толуктоо үчүн 624 миллион долларлык тендерди утуп алганын кабарлаган.
АКШ армиясынын министри Кристина Вормут Reagan National Defense коргоо форумунун жүрүшүндө Пентагон Украинага колдоо көрсөтүүдөн улам түгөнгөн ок-дарыны толуктоо үчүн алты миллиард доллардан ашык суммага көптөгөн келишимдерге кол койгонун билдирди.
Бирок Пентагондун курал-жарак өндүрүү аракети кандай болору белгисиз. Автордун айтымында, бул Сенатта көпчүлүк орунга ээ болгон республикачылардын Украинага карата жүргүзгөн саясатына жараша болот.
Россиянын Украинадагы атайын операциясынын алкагында АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Киевди курал-жарак менен камсыз кылууда. Программалар он миллиарддаган долларды түзөт. Москва өз кезегинде Батыштын курал-жарак жеткирүүсү жаңжалды мындан ары дагы узартып, ал эми аларды ташыган транспорт РФ армиясынын мыйзамдуу бутасы болуп каларын эскертип келет.
Рим шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Италияда Украинага курал жеткирүүгө каршы акция өтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0