Көкөтөйдүн ашын кеңешүү, Каркыранын тандалышы. Манас баянынан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуңкурчак жайлоосу. Архивдик сүрөт
Чуңкурчак жайлоосу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Жазылуу
Көкөтөй хандын көзү өткөн соң Бокмурун аш өткөрүүгө белсенип сөз берет.
Бокмурундун даанышмандарды чакырганы. Бокмурун баланын үч жыл деген убадасы тосулду. Аш жөнүн айткандан бери үч жыл толду. Көкөтөйдүн коргонуна туу көтөрүп үй тикти. Анан кеңешүүгө катагандан Кан Кошойду, казактардан Көкчөнү, Агыш менен Кожошту, Акпай, Үмөт, Мамбетти, Эр Көккоён султанды, кайын журтунан деп Ооган каны Акунду чакыртып, чүйгүн эттен салып, бал кымыздан ууртатып отуруп өзү кыз издеп кеткенде атасынын өлүм күнү келип, башын жөлөп отуруп керээзин укпаганын, атасы тирүү кезинде эркелик менен эртеден кечке уктаганын айтат. Атакесинин ага айтар керээз сөзү Баймырза аркылуу ага жеткенине кейийт. Эми кыямат кайым болгончо унутулбас аш берсем, Манас канкорду ушул ашка баш кылсам дейт. Анан ал абакеси Кошойго ошол ашта азар түмөн ой ойлогонун, ат чаптырсамбы, темирдүү найза алышып, сезгенбестен салышып, мусулмандан, капырдан эр сайыш кылсамбы, эки балбандын күрөшүн күлдү журт көрсүн, эки журттан эки адам эңишип оюн салсын, эки жактын эки тазы сүзүшсүн, казык кагып, төө байлап, жыпжылаңач чечинтип төө чечти ойношсун, как жыгачтан сулатып, карагайдын бир жүзүн асманды карай улатып, алтындан жамбы тактырып, мергениң атып алгын деп жамбы аттырсамбы дейт. Атакемдин тоюнда эч нерсе аябаймын, баарын чачамын деген Бокмурундун дердеңдеген сөзүн угуп Кан Кошой болкулдап күлөт, Дөө Кошой солкулдап күлөт да, анан "кандардан калат алтын так, мынча оозанып калган соң, оюңа түшүп алган соң, кылсаң, балам, кылып бак, төгүлгөн жерде жин калат, акыры бенде өлөрдө, ажал жетти деп калат, атыштуу жерде чеп калат, төгүн жалган дүйнөдө өлбөй тирүү ким калат" деп, аш кудайынын жолун ачат. Калгандар эмне демек?! Кошой айтып атса баары дуулдап Бокмурундукун туура дешет, а түгүл жардам беришерин убадалайт. Анан аш берер жерди тандоо керек болду акылгөйлөргө.
Аш өткөрөр жер тандоо. Бабасы Кошой башын чайкап, адегенде Күн батыш жакта көл да көптүгүн, суу жүрбөгөн чөл да көптүгүн айтып тим болот. Саймалуу калпак, сары шым, бото кур, алтын наал, жез өкчө казак каны Айдаркан уулу эр Көкчө Сары-Арка деген жер көргөнүн, Алтайдын туура как тушу экенин, адыры жайык, жери кең экенин айтып келе жатып, бир айыбы суусу кемдигин кыстарып өтөт кебине. Жанган көзү чырактай Жайдардын уулу эр Акбай Каратегин башында атактуу жайлоо Алай бар экенин, суусу тунуктугун, чөбү көптүгүн айтып туруп калат, ага көнбөй Мамбет Алайда сындырып жагар жыгач жоктугун, кемегеге жагар отундан жутап, осол болуп калышарын ортого салат. Эми Бокмурун Күн чыгыштагы Суусамырды сунуштайт, ага Кошой тоосу бийик, токою арбын кыйла бар, бирок жери эки тоо ортосу болуп тарлыгын айтат. Анысы – аны айтат, мунусу – муну айтат. Жаамысы бир ооздон бир жерди ылайык көрбөйт.
Жайлоодогу боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Көкөтөйдүн зыйнаты, ашка көрүлгөн камылга. Улуу баяндан 8 факт
Кошой дөөнүн кең Каркыра тууралуу айтканы. Ошондо Кошой баба баарын угуп отурган экен, карылыкка салып, эки көзүн баскан аппак кирпиктерин ымдай-ымдай, сакалын сылап мындай дейт: "Баарыңарга эп болсо, бабаңар айткан кеп болсо, Күн батыш жагы Ысык-Көл, ар тарабы бирдей тең, Иледен ылдый айдаса ат чабуучу жери кең, ашка ылайык ушу бар, ар тараптан сандалып аккан булак суусу бар, кең Каркыра атагы, сиркедей шакел чыкпаган кайнатып алма тузу бар, карагай, кайың, тереги, канчалык жагып жатсаң да отунга тиер кереги, ат чабылар жери мол, ашка ылайык жер ошол". Ушундай дегенде отургандардын баары башын ийкеп, Каркыра болсун аш өтөр жер деп бата кылып ийишти. Анан аш өтөр кез деп жай чилдеси ооп, күз эсеби болгондо, мал семирип толгондо, чөл жактагы дыйкандар кайрактын алдын алып кырманга койгондо дешти.
Элдин аш камы деп Каркырага көчүшү. Ашка кызматка келе тургандар Анжияндан, Жизактан, Азирет Айып жеринен, ашуулуу Көк-Арт белинен, казактын Сайрам, Чымыгенинен өздөр, анан да өзбектен үч жүз миң үйлүү киши. Алардын келе жаткан көчүнүн эң жардысына кырмызы килем жабылат, ондон өткөн кыздарга кош коңгуроо тагылат, келиндер кете, кыздар кызыл-тазыл кийишет, кемпирлер куйрук чайнашат, кедейге миң кой айдатат, катындар камка кийишет, көч баштагандын баарында желмаяндан төө болот, уйдун баарын мөөрөтүп, койдун баарын мааратып, жылкынын баарын кишенетип, төөнүн баарын боздотуп көч Көкөтөйдүн түп ордосу кең Ташкенден чыгат. Жаткырып төө комдошуп, жарактын баарын оңдошуп, жебилгеси жер чийип, жекесан үнү баш жарып, Көкөтөйдүн көк туусун көтөрүп баш-аягы көз жетпеген, алды менен арты үч күндүк, чубаса бирден жүз күндүк көч келет кең Каркыра болжошуп. Олуя-Ата, Чымыген, сай жакасы Сайрам өтүп, Козу-Башы, Копого арадан бир конуп келди. Жыйырманчы күнүндө Алма-Атага жетип, ал жерде алты күн өргүйт. Эшик менен Түргөндөн Көкөтөй ашы болот деп көп адамга даң салып өтөт. Ошентип аш камына келгендер Үч-Каркыра боюна, Үч-Булактын оюна токтойт. Жаныбар Каркыра жаткан экен чалкайып, же бир чиркейи, же бир чымыны жок, мал оттоого чөбү үзөңгүгө келет, асманда үзүк-үзүк булуттар бир шашып койбой кайдадыр сапар чегет, бетегеси белде булаган, элиги ээн сулаган, бадалынын баарында марал, бугу чураган бул Каркыра чын эле Көкөтөй кандын ашына ылайык жер экен.
Аштын башталышы. Кошой дөө айткандай эле жылга-жыбыттан түшкөн суусу, ортодон оргуштап аккан дайрасы канча мал, канча адам келсе да бир бөксөрүп койгудай эмес. Токсон миң жигит тоодон отун алууга камынды, күчкө толгон отунчулар арча, четин, долоно, карагайдан, куу дөңгөчтөн кыйышты, кең өтөккө тоо-тоо кылып жыйышты. Көкөтөйдүн алтын айчык кызыл туусун асмандатып аштады, кыскасы, ашты ушинтип баштады. Жетим уул, тул катынга эт кайтартып таштады. Кара кыргыз туугандар күнүнө миңден, жүздөн болуп көчүп келип, тукумдай кылып үйлөрүн тикти. Ошол кезде Бокмурун атасынын аманатынан кутулалы деп Кашымбек деген карысын баш кылып, Абдыкадыр, Дагулук, Мырза, Байыз, Нуркабыл, Кашымдын уулу Баймырза деген жакшыларын бүт жанына алдырды.
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Манастын ууланышы, Көзкамандардын бычакташуусу. Улуу баяндан 6 факт
Ашка чакырык. Баймырза кепти баштады, Анжиянды, Коконду чакыралык, кара калмактарга кабар салалык, арбакты кадырлап Манасты ашка башчы кылалы, анча-мынча сарттарды сыйлап, аларды алдырарлык, айтору, марттар келсин, ашка кошумчасын берсин дейт. Анын кебин угуп Бокмурун келтирип сөгүп таштады, "ичкениң кара чай, Мырза, как баш, минерге таппай тай Мырза, как баш, билгениңди макул дээр нааданга чалыш кай Мырза, как баш, ашыңды мыктап берип ал, как баш, атаң Кашым өлгөндө, как баш" деп дагы көп сөздү айтып Көкөтөйдүн керээзин уккан жалгыз кишинин жаагын жап кылат. Аны менен чектелбей, мусулман менен капырды бүт жыйнаарын, адам түгүл пери-дөөнү, жыян балыкты да ашка чакырарын айтат. Аянбаймын мал күчүн, дүйнө жүзүн чакырам намыс деген иш үчүн дейт. Анан ал ары тилмеч, ары акын, ар жакшыга көп жакын, узактан сөздү көп айткан ырчылыгы бар эле деп Жаш Айдарды кашына чакыртат. Ага алтындан кылган соот бадананы кийгизет да, Мааникер атты мингизет. Ошол кезде Көкөтөйдөн калган Мааникер "кара байыр, казанат, калбыр өпкө, жез канат, камыш кулак, жез билек, коё берсең тушабас, мээ кайнаган ысыкка, кырылышкан кызыкка кырк күн чапса суусабас, чөл-биябан жазыкка кырк күнү чапса кыйналбас, ошондой чөлдө жүрсө да оозуна ууртап суу албас, сүрөтү жылкы зымпыйган, териси кошо жыйылып, капталга катып зыңкыйган, оң жагында кырк чалгын, сол жагында кырк чалгын, туу кара кыл канаты, энеси аркар жел кайып, атасы тулпар чөл кайып, сексен күнү чуркаса серпиндиси, даңканы сегиз таш жерге бураса күчөй турган мал эле". Ошону мингизет, эң биринчи кыбыла тарапка бет алгын да Букарай шарып ары жагы, бузулган Чамбыл бери жагы Орто-Чаткал жердеген Буудайык уулу Музбурчакты чакыр, андан ары сен барсаң Бадакшан, Балык жери бар Маамытсултан каны бар, ага айт, Мысыр журтун бийлеген, бетине даңкан тийбеген Сейиттин уулу Кемел бар, Тайып урук пери бар, Перинин жүргөн жери бар, Тайыптын Көнөк беги бар, Жер урунту Желпиниш, ага кирип кетерсиң, канаты бардан жин жүрөт, кайраты бардан пил жүрөт, сол тарапка барарсың, оң колду көздөй саларсың, дарыянын жээги бар, тышында даңгыт эли бар, даңгыттын Чоюн алпы бар – аны ашка чакыр дейт. Анан дагы Бараңга барып жетерсиң, Балтаматка барып айт, Сулаймандын тушунда журт бузулуп ушунда жабырга малын салыптыр, кытайдан качып кыйла журт Жапан болуп калыптыр, аларга айт, Көтөрүш деген эри бар, Сыймун арал жери бар, башчысына барып айт, Кара калмак дөөсү, азыркы күндө ушулар эче жүз миңдин ээси Жолой менен Ушаң бар, ошону көздөй сызып бар, андан ары өтөрсүң, Анжылыкка жетерсиң, Кырмустун уулу Мурадыл, кызыл чоктуу Нескара, Каспаңдын Кара-Тоосунда, капкалуу Бээжин оозунда Чок-Табылгы жайлаган чоң кара атын байлаган Коңурбайга барып айт, кош Алооке карыга айт, Адам, дөө аралаш Суянын журту пери бар, жанында жажуж-мажуж бар, алардын Киеңкес деген дөөсү бар, Кишидаш деген жөөсү бар – буларга айт, Кишидаш деген сайса найза теше албайт, чапкан кылыч кесе албайт, адам уулу бет албайт, жан жагында дагы бар, жамандардын баары бар, жарты дене адам бар, сонун түрдүү калкы бар, адам, дөө, периден аралаш чыккан каркыбар – аларды да айта кел, жору куйрук Жоон алп, кайчы кулак Каман алп, кулан куйрук Кутан алп, киндиги темир Китен алп, кишиден эмес, жез тумшук, Чыңыроо деген бу бир калк – буларды айт дейт. Андан келип Оогандан Акун канга айтарсың, Чеч-Дөбөдө Кошой абаң кары бар, андан дагы Эламандын Төштүк бар, Эштектен бар Жамгырчы, кара жаак Үрбү бар, Кан Жүгөрү, Чегиш бар, уругу кыргыз уулунан улук Манас теңиз бар – аларды чакыр ашка дейт. Дагы-дагы көбүн чакыртат. Аттарын алып келсин, жарыш болот, чабыш болот, алыш болот, кыз куумай болот, мунун баары Каркырада өтөт дейт. Байгенин башын сураса тогуз миң кызыл нар дегин, уй, жылкысы аралаш токсон миң кара бар дегин, жүз миң саяр кой дегин, эң аягы байгенин тогуз кара, токсон кой, алтымыш атка байге де. Аттан түшпөй айт да, дароо кайт дейт. Эгер ким ашка келбесе босогосун кыйратарын, боз уланын ыйлатарын, керегесин кыйратарын, кериден байтал туйлатарын, келин-кызын ыйлатарын, там-коргонуң талкалаарын, кум коргонуң куйкалаарын кошумчалайт. Мааникер менен жаш Айдар чакырар жерди билишти, узун жолго түшүштү, кайран дулдул ошондо буралган чөптүн үстүнөн, булуттуу көктүн астынан жүгүрдү десе учкандай, учту десе, союлгур, даңканы ташты бузгандай, барар жерин кыдырып тогуз айда Жер жүзүн бир кыдырып жетип барып келиптир...
Толго спектакли Кыргыз драма театрында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Көкөтөйдүн керээзи: Бокмурундун Манаска барышы. Улуу баяндан 6 факт
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0