00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Бишкекте саат 17:00. Жанылыктар чыгарылышы. Микрафондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы!«Манас» аэропортуна баш калаадан күн сайын автобус каттай баштадыУкраинанын Россия менен тынчтык келишимге Зеленскийдин кеңсесиндегилер каршыСадыр Жапаров Парижде спортту өнүктүрүүгө арналган саммитке катышты. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Франциянын Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага 500гө жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын лидерлери, спортчулар жана спорттук кыймылдын, ошондой эле финансылык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты. Бул саммит «Париж-2024» уюштуруу комитетинин климаттык стратегиясына ылайык, ошондой эле келечек муундар алдындагы кеңири милдеттенменин алкагында өлкөлөргө жана спортко кызыкдар тараптарга БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүн ырастоого мүмкүндүк берет. Иш-чара спорттун туруктуу өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы деген ишенимдин негизинде, күч-аракеттерди мобилизациялоону максат кылат жана спорттук иш-чаралардын жаңы жолун орнотууга багытталган. Президент Садыр Жапаров Париж шаарына 25-июлда барды. Ал бүгүн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине да катышат.
«Манас» эл аралык аэропортуна Бишкек шаарынан коомдук транспорт каттай баштады. Бул тууралуу аталган аба майданынан кабарлашты. №153 автобус Бишкек шаарынын 12-кичирайонунан шаар аралап «Манас» эл аралык аэропортуна каттайт. Автобус кондиционер менен камсыздалган жана бардык шарттары бар. Коомдук транспорт күн сайын эртең мененки саат 7:30дан кечки 20:00гө чейин 10-15 мүнөттүк аралык менен жүрөт. «Манас» эл аралык аэропортуна чейин жол кире 150 сом, накталай эмес төлөм 122 сом.
Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жабырлануучу Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылып, милиция кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анткени, ал мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Аталган факты боюнча "Опузалап пара талап кылуу" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Россия менен тынчтык келишимдин болушуна каршы чыкты. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Прессге шилтеме кылып жазды. Анын пикиринде, келишим Россиянын күчтөнүшүнө шарт түзөт. "Келишим жаңжалдын убактылуу токтошуна алып келиши мүмкүн. Бул деген Россия кетирген каталарын оңдоп, аскердик күчтөрүн модернизациялайт дегендик", — деген Подоляк. Ошол эле учурда ал айтылып жаткан диалогду "шайтан менен болгон келишимге" салыштырган. Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба кытайлык кесиптеши менен жолукканда Киев Москва менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле маалда Киев мыйзам менен сүйлөшүүлөргө тыюу салып, Москванын диалог жүргүзүү тууралуу билдирүүсүн көңүл сыртында калтырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0