Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүМанас эпосунан иллюстрация
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
"Манас" эпосу туурасындагы мурдагы баянда Алмамбеттин келишине арналган той туурасында айтып берген элек. Бул сапар Бай Жакыптын айкөлгө өмүрлүк жубай, жан шерик издешинен кеп кылабыз.
Татыктуу зайып алуу тууралуу Манастын атасына айтышы. Манас баатыр эки аялы менен тең ынак болуп, арзып жүрүп кошулбайт. Биринчи аялы Карабөрк да, экинчиси Акылай да жоолошкон журттун кыздары болуп, экөө тең ага олжо катары келген. Бул экөөнө көпчүлүк, анын ичинде кайын атасы Жакып да, кайын энеси Чыйырды да ошондой карайт. Манас өзү да биринчиси тууралуу "Кайып даңдын Карабөрк, катын жатат койнумда, кастык кылып жол тосуп, Ымалайдын тоосунда, Каңгурдун кара коосунда, үч жүз нөкөр кашында, Кайып даңдын Карабөрк, колума түштү башында" деп айтып, кыз алгандай болбой, кыябына толбой жүргөнүн атасы Жакыпка билдирет. Экинчисин Алтайдан Алайга көчүп келгенде Каратегинден калчалар тийишип, Таш-Котондун талаасындагы Тагызма деген калаадан Шоорук канды жеңген соң ошол кан кызы Акылайды тартуу кылып, ошол тартуудан кийин кара тажиктер талоондон кутулат, бирок Манас дале калың берип, кыз алгандай болбойт, кызык оюн көрө албайт. Бул эки аял болсо бири-бирине күнүлөштүк кылып ынтымагы жоктой. Башка журттан келген билимдүү жана баарын туя билген Алмамбет бул экөө менен бир ооз сүйлөшүп, бир көрүп эле Манасты сен али бойдок экенсиң дегендей кылат. А Манаска болсо жар гана эмес, акылман кеңешчи, уз жана баатыр төрөп бере турган ургаачы керек эле. Ошого ал чыныгы аялын алуу тууралуу ойго батып, санаа тартты. Анысын атасына айтат, кулдук уруп турушун, салт боюнча кыз көчүрүп келишин суранат. Катын алып берүү атанын мойнундагы иш экенин каңкуулайт, калыңын өзү төлөй турганын мойнуна алат.
Баатыр издеген кыз кандай болбошу керек. Атасы ага жубай катары табышы керек кыз тууралуу баатыр мындай деп айтат: эдир-эмиш кеби бар, бийдин кызы болбосун, ар ишти жашырып кылган, пирдин кызы болбосун, үкүлүү сексек, дөң маңдай, түштө турган жардынын кызы болбосун, жарыбаган иш кылып, талабына жетпеген ардуунун кызы болбосун, чачылуу чачпак, чалма этек, караңгы үйдөн каймак жеген байдын кызы болбосун, "туурук таман, тултук бет, туура тилин чайнаган", кулдун кызы болбосун, "эркелетип өстүргөн эркеги жок, кызы бар" жалгыз кыз да болбосун, атасын билбей башка өскөн, өз эркинче кашка өскөн, кан кызы да болбосун, "өкүмү бар өзүндө, аят-адис сөзүндө" казынын кызы да болбошу керек.
Баатыр издеген жар кандай болушу керек. Атасы Бай Жакыпка уулу кан Манас айтат, ага кандай кыз ылайыктуу экенин. Ыраң-башы, кебете-келбети мындай болушу керек: "тарткан тасма белденген, тал чыбыктай теңселген, саамай чачы сеңселген, акылын терең ойлогон, ак сүлөөсүн баштанып аста басып сойлогон, ар бир түрлүү жумуштун аркасын аңдап болжогон" ургаачы болсун. Анан жүзү, сулуулугу мындай болушу зарыл: "жазы маңдай, көөхар көз, инжи тиштүү, ширин сөз". Акылмандыгы, мүнөзү болсо "ашкере кылган сабырын, адамга салбай жабырын, айтар сөзү акырын, эл алмакка жиберген нечен түрлүү акылын, боло турган жумушту болжоп билип алыстан", "акылга дыйкан айлалуу, ааламга толук пайдалуу, көңүлү сылык, бейли кең, төрт тарабы болгон тең, жылдызы ысык, жылуу сөз, чырагы жарык, жоодур көз, алача моюн, түймө баш, акылга терең, боору таш, көкүлү көркөм, колоң чач" болушу керек. Анан да акылы менен эр баккан, айла менен эл баккан, ойротто жок уз, ою терең кыз болсун дейт. Болсо – болбогондой болсун, көзү түшкөн пенденинин көңүлүнө толгондой болсун. Адамдар анын береке-пейлин көргөндө ичпей-жебей тоюшу керек, жүргөн-турганы сарамжал, сөзү шекер болушу ылаазым. Ушуларды айтат атасына баласы, анан да "оңой-олтоң кыз издеп окус кылып койбогун" деп эскертет.
Манас баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Манастын жери Талас деп аталышы, Алмамбеттин келиши. Улуу баяндан 6 факт
Бай Жакыптын кыз издеп жолго чыгышы. Уулунун сөзүн аябай угуп, баласына келин алып берүү атанын наркы экенин туюп, жаман да болсо Манасынын даңкы бар экенин билип, Манастын "малга кароо сырың бар, мал жагына калганда басылбаган чырың бар" дегенине намыстанып, барар жагы дайынсыз жакка жолго чыгат. Жакып жанына кудалыкка жарай турган деп сындан өткөрүп, Атайдын уулу Боокени, Акымбек уулу Меңдибайды, Алыбек уулу Жоокени кошо алат. Алтымыш жамбы пул алат, кызмат кылар кул алат. Самаркан, Жарды-Бай, Оро-Төбө, Жызак деген жерлерди бүт аралайт, ылайыктуу кызы жок, азыр табылып калчудай ар кимдин үйүн сагалайт. Сыр-Дайраны кечет, Чыйырчыктын кырынан өтүп, жай саратан аптапта акактаткан Ташкенге кирет. Ташкенден бир кыз таба албай, күн жүрүш жакка беттеди, дагы жок, анан не кыларын таба албай, же кайрылып кайта албай дагы бир ойлонду. Көөнүнө көөнө калаа Букар келди. Бул жердин улама-шайыктары илимдүү, улуктары билимдүү, бир табылса, мен издеген келиним ошол жерден табылат деди кыз издеген Бай Жакып. Дагы болбоду. Кыдырып өтүп Букарды, кечип өтүп Кейипти, Манас айткан кызды таба албай жанын абдан кийитти.
Алым мырзанын айткандары. Ошол жерде бир эл башы, анын аты Алым мырза деген экен, ага эки жамбы бере койсо ошол айтат акырын шыбырап, бир кыз бар дейт, атасынын аты Атемир, ал отуз калаага кан дейт, анын кызы Санирабийга дейт. Бу кыздын жолдошу кырк нөөкөр экенин, бирок ал кыздын эркек жынысындагы адамга бой кошуусу кыйын болорун эскертет. Анан бул кызды эч бир эркек аламын деп айтпаганын, аламын деген пенде жандан айрылып каларын кошумчалайт.
Жакыптын кыз көрүүгө барышы. Эки жамбы пул алып кудуңдаган Алымы кыз издеген чалдарды таштап, Жакыпты гана баштап кан бакчасына алып барат. Бул жерге жан адам кирмек түгүл баш бага албайт экен. Баштап барган мырзасы Жакыпты аккан суунун четиндеги калың куурай ичине, чок камыштын баанасына жашырат. Ошол аккан суу ары барып ауз болгон көлмөгө куят. Ауздун чети калың бак, жер-жемиши жайнайт, булбул кушу сайрайт. Ушул жерге чыгып кыздар оюн салат. Азыр да ыр ырдап, бий бийлеп, кыздар шарактап каткырып, не бир сонун ырахатка батышып аткан учуру экен. Жакып аларга шырп алдырбай аңдып жатат. Бир убакта кыздар аккан сууну бойлоп Жакыпка жакын келишет. Жабыла алар жаңгак, алча, жүзүм, бадам терип кирет, жанындагы Жакыпка колдорун сунса жеткидей жерде туруп алышып. Ошол кезде эки кыз – кийин билсе Арууке менен Каныкей кокок деген бир жемишке кол узатат.
Санирабийга. Кокок үзөм деген кыздардын колу жемишке жетпеди. Ошондо чылк жибекке чырмалып, жыгылчуудай ыргалып, алтын жыгасы оң чекесинде турган кызды даана көрдү Бай Жакып. Кыздын сулуулугу элде жок, шыңк этип жыла сүйлөгөн он алты жарым жаштагы акыл толгон кези экен, олоңдой кара чачы, чийдей келишкен кара кашы, ботодой ийилген бели, жазы маңдайы, аркасы кайкы, аркар төшү, ай чырайлуу бото көзү, нурданган кызыл жүзү, буралган кымча бели, издегени ушул кыз экенин айтып тургансыды Бай Жакыпка. Кыздар эптеп бир коко түшүрдү да, аны бөлө жешип, ары-бери басышты. Эми Жакып даана көрдү келин болчу немени.
Бул кыздын атасы – Атемир. Атемир үч бир тууган эркектин улуусу, андан кийинкиси – Абылкасым, кенжеси – Шаатемир. Атемир кан аябай адилеттүү, адил, эл таламын талашкан өкүмдар эле. Анын өңү-түсү кара болгону үчүн көпчүлүк атын айтпай эле Кара кан деп аташчу экен. Санирабийга – ошол Кара кан Атемирдин эрке кызы.
Жакыптын кызга сын бериши. Ары-бери шыңкылдап баскан кызды карап туруп Бай Жакып мындагы кырк бир кыздан артыгы ушунусу экенин туйду. Анан дароо ойлонду, желке жагы тар экенин, жетигип жашы толгончо туубай коёрун, тууса да турбай коёрун. Сыйлуу болорун да ойлоду, кирпиги узун, тунук көз экен – ыйлуу болорун да, болжолу жок боорукер болорун да ичинен айта салды. Үзүлгөндү улаган ургаачы болот, жетишпедим дегенге жеңин кесип берген берешен болот буюрса деди. Жеткире акылдуу тереңдигин, "короз моюн, колоң чач, босого маңдай, боору таш, бекемдик жайы бар экен" деп, "болор кепти бир айткан чечендик жайы бар экен" деп, "бечарага карашкан бекемдик жайы бар экен" деп сын берди. Анан да анын кызылдай бою сарамжал экенин да түшүндү. Бирок төрөт жагы кем экендигин туюп, бир умсунуп алды.
Жакыптын кан ордого келиши. Кыздарды көргөн соң, көңүлүнө толгон соң жыла басып акырын Жакып ордого барып, орто жериндеги супага чалкайып отуруп калат. Эки желдет, бир беги аны календарканага баргын, бул жерге отурба деп ачуу сөздөрдү айтып кууйт. Ошондо жини кайнаган, эки көзү жайнаган Жакып кан отурган жерге кан отурса эмне болот деп, бекер жүрбөгөнүн, жуучу болуп келгенин түшүндүрөт, "Атемириң кандай кан, айлына конок келбеген ант аткырың кандай жан" деп алардын намысына тиет. Анда беги айтат, Атемир муну укса каныңдан кашык тамбай жок болосуң, анын кызын эч ким көргөн эмес дейт, сүйлөгөнүң түркү тил, уругуң ким, уулуң ким, өз ажалың өзүң бил дейт. Жакып уругу кара кыргыз, жайлаган жери Азиреттин Кара-Тоо экенин, Алтайдан келгенин, атасы Ногой, өзү Жакып экенин, ауздун жогору жагында намаз окуп атып кызды көргөнүн айтат. Өлтүрсөң бир чалды өлтүрөрсүң, өлсө жалгыз чал өлөр, өңкөй Кыйба шаарың анда не көрөр, жалгыз өлбөй эки-үчтү кошо ала жатармын дейт. Ошол кезде шам намазга азан айтылып, эл намазга кирди жабылып. Намаз бүтүп, каны да отузча жан-жөөкөрүн ээрчитип мечиттен чыкты. Алардын бири баягы Жакыпты айдаган Акылбайыс деген бек экен. Ал Атемир канга Азиреттин Кара-Тоо, Анжыян жактан алжыган бир чал келгенин, аны менен кандай сөздөр болгонун бүт айтып берет. Ошондо Атемир башын чайкап, бул киши оңой киши эместигин билет, аты-жөнүн сурагыла, ак сакал болсо кызды өзү алат бекен же иниси алат бекен, кыздарды кайдан көрдү деп таң калат. Аркалык дешет экен Жакыптын журтун кыйбалыктар, ошолордон Абдыкалык, Акылбайыс, Түлөөбек – үчөө аркалык кишиге жакын барат, аны аяп календарканага барыңыз, ак сакалдуу экенсиз, бирөө-жарым майып кылып коёт дешет. Жакып, өзү да бир элге кан болсо, Манастын атасы болсо жөн турабы, "сатылуу болсо ашыңар мен берейин тыйынды", "капкага камчы илбеген, калкың менен куруп кал" деп дагы көп нерселерди айтып түп аталарын түшүндүрүп кирет. Өзүн болсо "Ногойдун уулу Жакыптыр, ордоңорго кор болуп, ушу бүгүн жатыптыр" деп келип, "кыз үчүн мени кыйнаган баламдын аты Манастыр" дейт.
Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Көкчөнүн кутумчулардын тилине кирип Алмамбетке эрегиши. Улуу баяндан беш факт
Жаңылыктар түрмөгү
0