00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Париж шаарында XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү.Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыкты. Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.Салтанатка келген лидерлерге, делегация өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм көргөзмө-шоу тартууланды. Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында "Байтик курулуш" аталышындагы керамикалык кыш завод салтанат менен ачылды.Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, ишкана суткасына 150 миң кирпич чыгарат. Учурда ал жерде 50дөн ашык адам эмгектенип жатат. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 миллион долларды түзүп, анын 1 миллион 350 миң долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду берген. Өндүрүштүн жалпы аянты — 8 миң чарчы метр.Иш-чарага РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана Экономика, коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Эгемендик жылдарынан бери Кыргызстандын элчиликтери үчүн ижарага кеткен каражатка жеке имараттарды сатып алууга болмок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барганда айтты. Элчи Садык Шер-Нияз мамлекет башчысына мурда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери ижарага алынган 53 чарчы метрлик имаратта иштөөгө мажбур болушканын маалымдады.Жапаровдун тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.Жапаров имаратты көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазды.
Шейшемби күнү, 30-июлда, Бишкектеги Русский домдо саат 16:30да "Немец мугалими" даректүү тасмасы көрсөтүлөт.Тасмада советтик чалгынчы Рахым Бурхановдун өмүрү баяндалат. Анын негизин Россиянын Мамлекеттик кинофондунда жана Мамлекеттик кинофотодокументтер архивинде сакталган кинохроникалык материалдар түзөт. "Рахим бухаралык кадыр барктуу үй-бүлөдөн чыккан. 1920-жылдары Германияда окуп, немец тилин жакшы билген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында чалгындоо органдары аркылуу немецтерге советтик Орто Азия менен алектенген структураларга киргизүү үчүн жөнөтүлгөн. Адамгерчиликсиз сыноолордон өткөндөн кийин, Бурханов улутчулдар СССРге жөнөткөн агенттер тууралуу маалымат алууга жетишкен", — деп айтылат маалыматта.Тасма эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана дипломдоруна ээ болгон. Сеанстын соңунда фильмдин режиссеру жана сценарийинин автору, тарых илимдеринин доктору Евгений Кожокин менен жолугушуу болот.Тасманы көрүүгө жана жолугушууга катышууну каалагандар катталуусу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0