Көкөтөйдүн керээзи: Бокмурундун Манаска барышы. Улуу баяндан 6 факт

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Толго" спектакли Кыргыз драма театрында. Архив
Толго спектакли Кыргыз драма театрында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Жазылуу
Манастын ууланышы, Көзкамандардын бычакташуусу боюнча баяндаганбыз. Бул сапар кызыр чалган Көкөтөйдүн дүйнө салышы, уулу Бокмурундун Айкөлгө барышын окурмандарга сунуштайбыз.
Көкөтөйдүн ооруп калышы. Ар кимге келер бир ажал дегендей, Ташкенге Манас хан кылып дайындап кеткен Көкөтөйдүн башында да жаналгыч жалаңдап айланчыктап туруп калат. Кабыргадан кагынып, акылынан жаңылып, шай-шайманы кетип, бул жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө кетери сезилип калган кезде кебин угар баласы Бокмурун катын алат элем деп кайын журту Ооганга кеткен бойдон жол каратып жоголот. Ошондо Көкөтөй керээзин айтар жалгыз уулу көздөн учуп, бир чети ага ишенип-ишенбей, андан көрө дурустур деп жакын тууганын эстеп, кандашы да, жандашы да Бай деген кишинин Баймырза деген уулун кашына чакыртат.
Өлүм алдындагы Көкөтөйдүн Баймырзага айткандары. Бай уулу Баймырзаны чакырып өмүр кечи батып бараткан хан дароо эле керээзин баштайт, баласы жаш калганын, малы ээсиз калганын, амбар толо алтыны, Айымкүлдөй катыны калганынан баштап, ат коюудан кызганып, уулуна Бокмурун деп ысым ыроолоп, чимкириги акса да эл ичинде аман жүрүшүн тилегенин айтат. Эми мен өлгөндө ошол балам өлгөнүмдү элге билдирбей, мал-алымды чачып салып бүлдүрбөй, келиндин тоюндай, балдардын оюнундай, кемпирдин ашындай кылып эле көөмп салсын дейт. Өлүм зыйнатына эки-үчтөн кара сойсоңор, элүү-кырк кийит койсоңор – ошол жетет, тирүү калгандарга да мал керек, өтүрүк чачып не керек дейт, эптеп көөм салгыла дейт. Анан анын ошол кезде колдо болгон тогуз миң токсон жылкысын, токсон миң беш жүз коюн, эки миң үч жүз төөсүн, алты миң сексен сыйырын, тогуз миң топозун эси жок уулу Бокмурун чачып салуусунан коркконун кошумчалайт. Он бир жерге кыз берген экен, он бир күйөө балалуу болуптур, эки там толгон күмүшү, алтымыш сарай карк толгон актатып койгон күрүчү, көөхар таштан миңи, зумурут таштан токсону, дагы эки тамда лагыл, жакут, мариат асыл таштары, жуда, буулум, бутасы, сексен миң дейилдеси, кызыл кымкабы былк этпей жатыптыр. Аны айтат. Ошол күндөрү жалгыз баласы, шок уулу, акылы жок уулу, он бешке чыгып, эч ким менен акылдашпай Оогандагы Акун, Түлкү деген хандардын, Түлкүсүнүн кызы Канышайды жактырып калып, ошого кетип калганын, бала ал жактан келгенче минтип ажал кандуу кылычын салаңдатып тооруп турганын, баласын көрбөй кетип жатканын айтат. Дагы арманы: "Сайылган бойдон тал калды, жайылган бойдон мал калды, жыйылган бойдон пул калды, орчун дүйнө бош калды". Өлгөндө эси жок уулу Бокмурун казынасын ачпашы керек, кара ашка токсон сойдурбашы керек, дооранга үч жүз төө байлап, тогуз жүз кысыр бээ байлап, үч миңден уйдан байлатып, арасына ал уйдун аркагай мүйүз өгүздөн алты жүзүн айдатып, аябай койдон кырбашы керек. Анан дагы ал өлгөндө жамбыдан миңди санап, сөөктү ак ыстампулга оротуп, кылыч менен кырдырып, кымыз менен жуудуруп, аяк-башын кымкап менен буудуруп, сай төрөгө карматып, сарбап менен буудуруп, замзам менен жуундуруп, чарайнага чаптатып, шайингиге каптатып, ырчыларга мактатып, ыжыктарга сактатып бай Көкөтөй өлдү деп ар журтка кабар кылып, дүйнө-мүлкүн чачпашы зарыл. Анан да чакырчулар бул жактарга барбасын, "адамдын баары жыйылып ашыма келип калбасын, Какандын шаарын каралап, каз моюл журтун аралап, Жетиген жакка барбасын, ал жакта Жетимурук журту бар, желмогуздай ушулар: бир кулагы жамынчы, жоо дегенде камынчу, бир кулагы төшөнчү, айбаты бар ошончо, маңдайда бар көздөрү, басып жүргөн айбандай, макоодон жаман өздөрү, байкап адам түшүнгүс балдырлаган сөздөрү, адам десең айбандай, ар бирөөнүн мүйүзү найзадан мурун сайгандай" дейт. Дагы Күшөндү деген улугу бар, дөө менен пери жашаган, Көйкаптын чети турук кылган элге, Кумулду журтуна, ошондой эле Олуя-Ата, Ташкен, Кокон, Маргалаң, Самаркан, Оро-Төбө, Кожонт, Котон, жетимиш шаар Жеркент, Багдат, Бадахшан, Балык, Кырым, Кытай, орус калкына кабар бербесин, ал жактан бир адам да келбесин дейт. Ошону менен эле чөлдөгү араб, көлдөгү аят, эргежээли, итаалы да өлүм кабарын таппасын суранат. Керээзинде кыжылдап жаткан кытайды чакырбасын дейт. Калмактан тыргоот, шибээни деген элдери бака менен жылан жейт, алар келсе кыргызга калба салат, Лоп дарыя, Шор дайра жакта көчүгү балык, башы адам миң жылдан бери жашаган отуз кулач жаянды оп тартып ашаган кутурук деген жандар бар – алар да келбешин айтат. Алган жары баш болуп катындар күнү-түнү жоктошуп, какшап, малымдын, дүйнө-мүлкүмдүн санагын айтпасын керээз кылат. Анын жүз тилдүү тогуз ачкычы бар кырк кез темир сандыгын амал таап ачып албашы керек. Өлгөндүн шааниси кылып жан келгендин баарысы жарым таш жерден өкүрүп түшсүн, жалгыз баласы Бокмурун аталап турсун, ал бир кызга ашык экен, ошол ашыгын алганча мени койбогула, балам топо салсын, өкүрүп турсун дейт сексен төрттөгү абышка. Кызыл чоктуу Нескара Кытайдын зор улугуна, Оюктун боюн жердеген, ойроттон киши жеңбеген, он эки таман бети бар, карт кокодой эти бар, Ороңгу катынга, дагы Сыйкын журтуна кабар жетпесин, алардын Сухан аттуу дөөсү бар, Эргежээли улугу Чакчайышка жана дагы көп-көп элдерди, жерлерди санап, ошолорго кабар бердиртпегиле дейт. Анан уругу кыргыз – улуу журт, кара кыргыз арстан Манас иниме айтканымды жеткирсин, аны менен кеңешип иш кылсын деп туруп Көкөтөйдүн көк түтүнү бурк этип, көкүрөктөн жан дирт этип учуп кетти.
Театралдык оюн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2022
Көзкамандардын келиши, Манастын Акун хан менен бел куда болушу. Улуу баяндан 6 факт
Бокмурундун Канышайды алып келиши. Ушул кезде он үч жашында туткунга түшүп калып, ал жактан Түлкүнүн кызы Канышайды сүйүп, анан ал жакка барып, аны аялдыкка алып Бокмурун уул да жете келет. Канышай кайын атасы каза болгонго ыйлап жайма-жай, наалып айгай салат, карап тургандар "Келиндин аягынан, койчунун таягынан" деп ошол күндөн ушул күн айтылып келчү кеп чыгарат. Бокмурун атасынын керээзин укпай, акыретке узата албай өкүрүп түшөт, атасынын кезинде: мамыкка салып бөлөткөнүн, майышкан жерде жөлөткөнүн, ыйлаганда сооротконун, ак кадек менен оротконун, таттуудан тандап бал бергенин, майдан тандап жал бергенин, жоргодон тандап тай бергенин, торкодон тандап шай бергенин, дүйнө жемишин тандап жедиргенин айтат. "Айланып мени бир көрбөй арманда бойдон өттүңбү, укпадым урмат кебиңди, узактан барып келгенче уу өлүм тапты эбиңди" деп арманын айтып Бокмурун солкулдап ыйлап кең Ташкендин калаасын бүт өксүттү. Ташкенде баары "өзүбүзгө көп күйгөн кыргыздын анык башы эле, кейиште төккөн жашыбыз, кеттиби кыргыз башыбыз" деп айгай салып буркурап турду. Ушундан өлүккө өкүрүү расымы калыптыр. Түн жарым оодарып, күйүттүн ыйы токтоду.
Баймырза Көкөтөйдүн керээзин уулуна айтышы. Ошол кезде кара сакал Баймырза ыйлап аткан Бокмурунду жеңден тартып эшикке жетелеп барып, эч ким жок экенин билген соң атасынын керээзин бир башынан айтып берет. Мен өтүп кеткенде түмөн журтту чакырып дүйнөмдү чачпай, сандыктарымды ачпай, келиндин тоюндай, кемпирдин оюнундай эле көөмп салгыла дегенин айтат. Анан он эки ай былк этпей отуруп, жыл болгондо такыядай Ташкенден калкым көчүп чыксын, аш кудайга даярдык көрсүн, Чымыгенттин чыбырга кулун байлатып, Сары-Арка чыга жайлатып, Козу-Башы, Копого кой көктөтүп, Алтыбайдын бөксөгө ат семиртип өтсүн деп, бабабыз өлгөн экен деп баары кыргыз жоктосун, Үч-Каркыра жайлатып, Мааникер атты байлатып, Үч-Булактын оюна үйлөрүн тиксин да аш берсин, аш бергенде сайышка киши салсын, алыстан ат чаптырсын, күрөшкө, эңишке балбан чыксын, төө чечмей болсун, байгесин аябай койсун деп атаң түтөп айтты дейт Баймырза азалуу турган Бокмурунга.
Бокмурундун Баймырзага ороңдошу. Баймырзанын айткан сөзүнөн улам Бокмурун эми эмне кылыбыз дегенде ал "кары-куру бээлерден, как чеке болгон тайлардан союп, айлы жакын байлардан анча-мынча чакырып, атакеңди көмөлү" дейт. Муну угуп Бокмурун керээз уккан, укканын айткан Баймырзага ачуусу менен бир тиет, "ишенген кишим сен болсоң", "Баймырза как баш сен белең" "атакем кыямат кетип калыптыр, кыл деп айткан сөзү экен, атакем акырет кетип калыптыр, аш бер деген өзү экен" деп ойлонуп отуруп, маасилет сурап Таластагы Манаска барат.
Бокмурундун Манаска барышы. Ошол кезде айбандын зору Мааникерди минип Бокмурун Таласка жөнөйт. Мааникери аттан башка жаныбар экен, капырай! "Учту десе баскандай, жер жүйөсүн чыгарып жебенин огун аткандай ал кырга барып бир тийип, сом туягы жер чийип, созулуп жаанын огундай, бу кырга барып бир тийип, кулагын шамдай көтөрүп, куйругун жерге чөгөрүп, тар колтуктан суу чыгып, таноосунан буу чыгып, тери чыгып сызылып, деми чыгып кысылып, даңканы тийген таштары талкаланып бузулуп" бүгүн кечте Ташкенден чыгып, эртеси шамда Таласка жете барды. Үстүндө бадана тонун зымпыйта кийген Бокмурун. Көз байланып калган кез экен. Манас төрө дөбөдөгү жыйындан үйүнө кайтып атыптыр. Кабагы ачылбаган, даты бар баланын ким экенин сурайт Эр Манас. Бокмурун көзүнө жашын алып, кыргыз экенин, атасы Жанадил уулу Көкөтөй бул жарык дүйнөдөн көчкөнүн, анан атасынын өлүмү менен өзүнүн шамы өчкөнүн, үч айлык жол Ооганга кеткенде атасын өлүм алдында көрбөй калганын, аты Бокмурун экенин айтат. Атасы Баймырзага керээзин калтырган экен, анын айтуусунда калган ишти Манаска айткыла деп сизге тапшырыптыр дейт. Алты суу толгон малым бар, аябастан аш бер деп айтканын билдирет, аргамды таппай сизге келдим дейт. Көкөтөйдүн жасаты али көмүлбөй, жерге берилбей турганын кошумчалайт. Муну угуп Эр Манас ичтен күйүп чок болот, межилисте далай калыс кеп айткан кызыр чалган Көкөтөй атасынан жакын киши экенин айтып балага суусун берип, сөзгө кандырып, кайра жолго салат. Мааникер түнү менен кайра Ташкенге жете барат. Бокмурундун Манаска барып келгенин жан адам туйбай калат.
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0