00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Борбордо саат 13:00. Жанылыктар чыгарылышы. Микрафондо Арууке Амирдинова. Саламатсыщдарбы!Бүгүн Париж Олимпиадасынын расмий ачылышы болотХаррис менен Трампты колдогондордун саны дээрлик бирдей экени айтылды Акылбек Жапаров электрондук сооданын өнүгүшү менен почточулук кесип жанданып жатканын айтты. Алдыда кененирээк Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почточу кайрадан замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Электрондук коммерция боюнча эл аралык экинчи форумдун ачылышына видеоконференция аркылуу катышкан. "2025-жылга чейин дүйнөлүк электрондук соодада чекене сатуу 50 пайызга өсүп, 7,3 триллион долларга чейин жетет. Бул жалпы чекене сатуунун 24,5 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылы 4,9 триллион доллар, жалпы чекене сатуунун 19,6 пайызы болгон", — деген Жапаров. Ошондой эле ал өлкөдө санариптештирүү тездетилген темп менен жүрүп керектүү документтерди берүү ылдамдаганын белгиледи.
Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, тагыраагы, 7:30да башталарын мэриядан билдиришти. Учурда борбордогу 103 мектепте 198 миң 129 бала окуйт. Анын ичинен 7 миң 842 бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет. "Жаңы окуу жылда 30 мектепте окуучуларды саат 7:30дан баштап окутуу пландалууда. Буга чейин шаардагы мектептердин 14үндө сабактар ушул учурда башталып келген", — деп айтылат маалыматта. Ошентип, күздөн тарта иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 же 44 пайызы эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөрүн кошумчалашты. Мындан тышкары, мэрия ата-энелерге автоунааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандарга айып пул салынып, эвакуатор алып кетерин эскертти. Шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында мектептерде саат 8:00гө чейин, ал эми лицейлерде жана жогорку окуу жайларда саат 10дон кийин окууну баштоо каралган.
Бүгүн Франциянын Париж шаарында 33-жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот. Салтанаттуу азем Бишкек убактысы менен саат 23:30да башталат. Уюштуруучулар бул жолу ачылыш адаттагыдай стадиондо эмес, Сена дарыясында болорун маалымдашкан. Тактап айтканда, 10 500 атлет 180 кайык менен суу аркылуу сүзүп өтөрү белгиленген. Кыргызстандан оюндарга 16 спортчу катышат. Алгачкылардан болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов 27-июль куну Бишкек убактысы менен саат 15:00дө жарышка чыгат. Оюндун ачылыш аземине Эммануэль Макрондун чакыруусу менен Францияга барган президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис атаандашы Дональд Трамптан алдыдагы шайлоодогу электораттын колдоо деңгээли боюнча Ак үйдүн азыркы башчысы Жо Байденге караганда азыраак артта. Бул туурасында РИА Новости The New York Times басылмасына таянып жазды. Карай келгенде Трампты учурда америкалыктардын 48 пайызы, ал эми Харристи 47 пайызы колдоору байкалган. Басылма кезектеги көрсөткүч демократтар үчүн Байдендин дебатка чыгышынан кийинки сурамжылоого караганда кадыресе өсүш экенин белгилеген. Муну менен катар эле Уолл-стриттеги финансисттер күздө болчу шайлоодо Харристи колдоого ыктап турушканы белгилүү болгону айтылды. Талапкер айым мурдараак шайлоо кампаниясындагы видеосун жарыялаганн.
Жаңылыктар түрмөгү
0