Жапаров майыптуулугу бар адамдарга мамлекет кандай жардам бериши керектигин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
3-декабрда Майыптардын эл аралык күнү белгиленип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Өлкө башчы майыптуулугу бар адамдардын коомго толук кандуу кошулуусу үчүн бир катар милдеттерди ишке ашыруу максаты бар экенин айтты.
"Мамлекет бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200 миң адамдын жашоо-шартын өзгөртүү менен алектенип келет. Социалдык төлөмдөр түрүндө майып адамдарды колдоо саясатын өрчүтүүбүз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле майыптар билим алууга, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыз болууга, эс алууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж экенин эске салды.
"Маданий жайларга баруусун шарттагандан сырткары, өз жанын өзү багуусуна керектүү шарт түзүп берсек, аларга коомго пайда келтирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сездире алабыз. Арабызда кыйынчылыктарга моюн сунбай, өзгөчө өнөрлөргө ээ, турмушта чоң ийгиликтерге жетишкен эрки күчтүү жарандарыбыз да жок эмес. Мындай жарандар мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине карабастан, бактылуу турмушка жетише аларын далилдеп келишет", — деп айтылат кайрылууда.
Сөзүнүн соңунда президент майып жарандарга кажыбас кайрат жана максаттар ишке ашышын каалаган.
Төшөктө жаткандарды баккан жаркылдак Гүлнара Сагыналиева: байланып калдым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Төшөктө жаткандарды баккан "жаркылдак" Гүлнара Сагыналиева: байланып калдым
Жаңылыктар түрмөгү
0