Миң орундуу "Манас" театры ишке кирет. Президент Рысбай Исаков менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Садыр Жапаров манасчыны Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктады.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосун 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолукту. Мамлекет башчынын маалымат кызматы ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу катышканын билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосун 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолукту

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосун 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосун 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчынын маалымат кызматы ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу катышканын билдирди

Мамлекет башчынын маалымат кызматы ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу катышканын билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/2

Мамлекет башчынын маалымат кызматы ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу катышканын билдирди

1/2

Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосун 124 саат айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолукту

2/2

Мамлекет башчынын маалымат кызматы ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу катышканын билдирди

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров манасчыны Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктап, бул өнөр кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салтка жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салым экенин белгилеген.

"Президент руханий-адептик тарбия болбосо, билимдүү, дени сак муунду тарбиялоо мүмкүн эместигин, ошондуктан манасчылык өнөр өсүп келе жаткан муун үчүн агартуучулук мааниге ээ экендигин белгиледи. Интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, келерки жылы "Манас айылы" этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу "Манас" театры ишке кирерин, муну менен бардык манасчылардын башын бириктирип, бул өнөрдү жайылтууга боло тургандыгын айтты", — деп жазылган маалыматта.

Рысбай Исаков мамлекет башчыга манасчылыкты колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, "Манас" театрынын алдында мектеп ачуу ниетин билдирген. Исаковдун айтымында, ал мектептен элге белгилүү манасчыларды даярдап чыгарса болот.
Жолугушуунун соңунда президент манасчы Исаковго "Манас", "Семетей", "Сейтек" үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.
Рысбай Исаков: мени жаман көргөн учур деле өтүп кетет, бирок эмгегим калат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Рысбай Исаков: мени жаман көргөн учур деле өтүп кетет, бирок эмгегим калат
Жаңылыктар түрмөгү
0