Эсеп палатасы: мекемелерди текшерүүдө 76 иш укук коргоо органдарына берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековДело № папкасы. Архив
Дело № папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Жөнөтүлгөн материалдардан кийин укук коргоо органдары 10 кылмыш ишин козгогон.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жүргүзүлгөн бир нече аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2022-жылдын азыркы мезгилине карата укук коргоо органдарына 76 материал жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эсеп палатасынын башчысы Алмазбек Акматов билдирди.
Тагыраагы, Башкы прокуратурага 70, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 6 материал жиберишкен.
"Анын жалпы суммасы 7 миллирд 964 миллион 493,6 сомду, 84,0 миң долларды жана 927 миллион 537,3 еврону түзөт (калыбына келтирилүүчү сумма жогорудагы үч валюта бирдигинде тиркелген — ред.)", — деп билдирген Акматов.
Жөнөтүлгөн материалдарды кароонун жыйынтыгында укук коргоо органдары тарабынан 10 кылмыш иши козголуп, анын алтоо сотко жиберилген. Жети иш кыскартылып, 25 материал боюнча тиешелүү текшерүү иш-аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Акматов анын жыйынтыгында он кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылганын кошумчалады.
Азыркы мезгилде 336 миллион 558,3 миң сом ордуна коюлган.
Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Кыргызстанда экономиканын өсүшү болжолдонууда. ЕАӨБ атаган цифралар
Жаңылыктар түрмөгү
0