Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Базаралиев: Жол фонду кийинки жылы 3,2 млрд. сом киреше пландоодо

© Sputnik / Асель АкматТранспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору Бекназар Базаралиев
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору Бекназар Базаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору Бекназар Базаралиев өлкөнүн жол тармагы жаңы ыкмалар менен каржыланып, 16 булактан киреше табуу пландалып жатканын айтты.
Жол фонду кийинки жылы 3,2 миллиард сом киреше табууну пландоодо. Ал каражат республикалык бюджеттен, күйүүчү жана майлоочу майларга салынган акциз салыгынан жана башка булактардан чогулат. Бул тууралуу Бекназар Базаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Базаралиев: Жол фонду кийинки жылы 3,2 млрд. сом киреше пландоодо
Анын айтымында, 2023-жылдын 1-январынан баштап "Жол фонду жөнүндө" мыйзам күчүнө кирип, иштей баштайт.
"2021-жылдын аягында министрлер кабинетинин токтомуна ылайык Жол фонду түзүлүп, 2022-жылдын февралында мекеме катары каттоодон өткөн. Быйыл май айында "Жол фонду жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, ал 2023-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Фонддун максаты — өлкөнүн жол тармагын жакшыртууга багытталып, автомобиль жолдорун долбоорлоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоого каражат топтоо. Мисалы, Жол фонду кийинки жылы 3,2 миллиард сом киреше табууну пландап жатат. Ал каражат республикалык бюджеттен, күйүүчү жана майлоочу майларга салынган акциз салыгынан жана башка булактардан чогулат. Учурда фондго киреше алып келе турчу 16 каржы булагынын сегизи иштеп, калганы мыйзамдар, токтомдор, жоболор менен бекитилип, кийинчерээк кошулушу керек", — деди Базаралиев.
Ошондой эле адис Жол фондунун жогорку органы Байкоочу кеңеш мекеменин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0