25-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТыйын чычкан. Архивдик сүрөт
Тыйын чычкан. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
25-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Таласта +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +12...+17, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +6...+11 градус жылуу болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек шаарында +11...+13, ордолуу Ошто +13...+15 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Бишкектеги Ата-Түрк паркында адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Күн кайра жылыйбы? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0