Элдик курултайдан улам Бишкектин чоң көчөлөрү 4 күн жабылып турат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архивдик сүрөт
Жол кайгуул кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Кайгуул милиция жолдор курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жабыла турганын эскертти.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 24-25-26-27-ноябрь күндөрү Бишкекте негизги көчөлөргө убактылуу чектөөлөр киргизиле турганын Кайгуул милиция кабарлады.
Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтөт.
Кайгуул милиция жолдор курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жабыла турганын эскертти.
Убактылуу чектөө киргизиле турчу көчөлөр:
Манас /Чыңгыз Айтматов проспектиси. Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин;
Жибек Жолу проспектиси. Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин;
Элдик курултай — кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш. Ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров "Элдик курултайды чакыруу боюнча" жарлыкка кол койгон.
Желек кармаган адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Парламенттин ордун баспайт. Садыр Жапаров Элдик курултай туурасында айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0