Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Запорожье багытына карай россиялык күчтөрдүн чабуулу. Аскерий сереп

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРоссия аскерлери
Россия аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
РФтин атайын аскердик операциясы кышында "тоңдурулары" туурасында Батышта тараган кептер чындыкка коошпойт. Анткени Днепрдин сол жээгинде россиялык аскерлердин катары калыңдаганы байкалат.
Мындай абал украиналык согуштук аракеттер театрында аларга стратегиялык демилгени колго алууга, 1000 чакырымдык фронттун дароо бир нече тилкесине чабуул коюуга мүмкүндүк берерин белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар да автор Украинадагы аскердик операциянын жүрүшүнө токтолгон.
Россиялык аскер күчтөрү Купянск, Красно-Лиманск, Южно-Донецк, Лисичанск жана Запорожье багыттарында жылып, Угладардан Соледарга чейинки эбегейсиз мейкиндикте сокку урууда. Ал эми танкисттер Авдеевкага бараткан жолду салып, шаардын четиндеги украиналык бекемделген райондорго чабуул жасоодо.
Украиналык аскерлердин контрчабуулдары чоң жоготуулар менен аяктоодо. Артемовскинин жака-белиндеги украиналык бригадалар да бириндеп, майда отряддарга айланып калды. Украина Куралдуу күчтөрү резервдерин Херсондон Запорожьеге жеткирүүгө тырышууда.
Украинанын аба мейкиндиги Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн тыкыр көзөмөлүндө турат. Күзөтүү маалында эле МиГ-31БМ менен Су-35С истребителдери украиналык учак жана тик учактарды 400 чакырым аралыктан Р-37М ракеталары менен жок кылууда. 15-ноябрдан бери россиялык күчтөрдүн абадан чабуул коюу операциясы ийгиликтүү жүрүүдө. Күнүнө жүзгө чукул ракета Украинанын аскердик башкаруу объектилерине, коргоо өнөр жай комплекстерине карай атылууда.
Атап айтсак, Днепропетровскидеги Южмаш ракеталык заводунун цехтери, Николаев жана Одессадагы логистика объектилери талкаланды. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кое берилген бардык ракеталар бутасынан тайган жок.
Павловканы бошотуу үчүн салгылашта эле россиялык аскерлер украиналык "киборгдордун" 1400дөй бирдигин, эки Су-25 чабуулчусун, Ми-8 тик учагын, 12 танк, пехотанын 27 унаасын, 30 ок өткөрбөс машинасын, алты артиллериялык курал жана 28 учкучсузун жок кылган. Өткөн суткаларда эле Украина Куралдуу күчтөрү 200гө жакын аскери, үч танк, беш пехота унаасы жана тогуз ок өткөрбөс машинасынан ажырап калды.
Автоунаадагы АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Украинага жардам көрсөтүүгө каршы болгондор көбөйө баштаганы айтылды
Киевдик режимдин жана Батыштагы колдоочуларынын ресурстары түгөнүп барат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлердин чектелген мүмкүнчүлүктөрүн белгилөөдө. Киевге берилген чет өлкөлүк жардам Украина согуштук аракеттер театрында көп деле көмөкчү боло албасы айкын. Батыш тартуулаган, өздөрүндө жарактан чыгарылган куралдар (БМП-1 менен Т-72) Россия армиясынын үстөмдүк күчүн жок кыла албайт.
РФ тактикалык өзөктүк ок-дарысын пайдаланбастан НАТОлук куралдардын баарынын быт-чытын чыгарып кое алат. Миллиарддаган америкалык долларлар (тагыраак – 18,2 млрд) кайдадыр сиңип (же көмүскө рынокко агылып) кеткендей. Вашингтондо Украина Куралдуу күчтөрүн камсыздоо жагын катуу текшерүү демилгелери тегин жерден жаңырып жаткан жок.
Чет өлкөлүк жалданма аскерлер дүйнөнүн эч бир өлкөсүнө жеңишти тартуулаган эмес, Украина алардан түк айырмаланбайт. Маселен, 15-ноябрда польшалык жалданма аскерлердин австралиялык Bushmaster PMV ок өткөрбөс унаасын минген ири тобу Купянск багытында жок кылынды.
Америкалык The American Conservative басылмасы: "Бүтүндөй америкалык саясий элита Борбордук иликтөө башкармалыгы жана аскердик коомчулук менен биргеликте РФти атайын көкүтүп отуруп, Украина жаңжалына кептеди", - деп жазды. Ал гана эмес, "АКШнын саясаты – эмне болсо да Украина менен Россиянын ортосуна от коюу эле... Тышкы саясий жана аскерий элиталар өздөрүнүн келишпес кастык саясаты кептеген кыйроо жана өлүм үчүн жоопкерчиликти тартууга тийиш" экени да белгиленет.
Албетте, "Украинадагы кыргынды" уюштурганы – НАТОну Чыгышка карай кеңейтүү далалаты, Киевдеги куралдуу төңкөрүш жана Россия менен куралдуу жаңжалды тутантканы үчүн Кошмо Штаттар келечекте жооп берери шексиз.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский күзөтчүлөрдүн курчоосунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев: Зеленскийге Россия менен сүйлөшүү өзүнүн кызыкчылыгы үчүн керек эмес
Жаңылыктар түрмөгү
0