Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш украиналык каатчылыктан чыгуунун жолун тапты. Кырдаалга сереп

© AP Photo / Efrem LukatskyКиевдеги "Родина-мать" монументи. Архив
Киевдеги  Родина-мать монументи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Жазылуу
Польшага атылган ракета салгылашта Россияны жеңе алышпаса, Батыш украиналык крзистен чыгуунун кошумча жолун кантип табарын көрсөткөндөй болду. Кеп кезеги менен болсун.
Шейшембинин кеч бешиминде Киевдеги бийлик жана алардын союздаштары, өздөрүнүн баамында атайын аскердик операция башталгандан берки күчтүү ракеталык соккунун жыйынтыгын чыгарууга киришти.
Россиялык аскерлер аянты боюнча экинчи орундагы европалык өлкөнүн энергетикалык тутумун жок кылуу коркунучуна кептеп гана тим болбостон, анын чегинен тышкаркы стратегиялык бутаны жок кылды деген бүтүмгө келишти. Болбосо ракета Польшанын Пшеводув айылындагы тракторго тийип, эки адам набыт болгону кабарланган эле.
Давид Нармания ушул окуяга баам салып, андан кийинки аракеттерге, көрүлгөн чараларга токтолгон.
Адегенде ракета жөнүндөгү кабарды жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан. Ошондон кийин Польша бийлиги альянстын негизги келишиминин төртүнчү беренесин колдонуу мүмкүндүгүн НАТОдогу союздаштары менен талкууланып жатканын билдирген. Эске салсак, ал беренеде блоктун мүчөлөрүнүн бирине коркунуч туулса консультация өткөрүү каралат.
Анткен менен Варшава Москваны түз күнөөлөгөн эмес. "Россиялык өндүрүштөгү ракета" менен сокку урулган деп гана чектелишкен. Бирок баары бир россиялык элчи Сергей Андреевди өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги чакырган. Ал эми Киев жана Прибалтика дароо Россияны айыптады. Анткен менен шаршембинин таңында эле польшалык трактор үчүнчү дүйнөлүк согушка себеп болбой турганы анык болду. АКШ президенти Жо Байден Польшага Россиядан ракета атылышы күмөн жаратарын белгиледи.
Москванын бул окуяга тиешеси жоктугун Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган да айтып, ал эми польшалык журт башчы Анжей Дуда аткылоо кайталанарын болжоого эч кандай негиз жок экенин белгиледи. Ошол эле учурда Варшавадагылар Түндүк Атлантика альянсынын негизги келишиминин төртүнчү беренесин колдонуунун зарылдыгы жок экенин жарыялоого шашылышты.
Бирок Киев көшөрүп, айтканын кайтпай жаткан. Кийинчерээк Зеленский этияттык менен: "Польшада жарылган ракета украиналык эмес экенинен шегим жок", — дегенге өттү. Көп өтпөй: "Аскер-аба күчтөрүнүн командачысы жана башкы командачы Залужныйдын ракета бизге таандык эмес экени, ракеталык сокку биз тараптан урулбаганы туурасындагы кечээги докладында айтылгандардан эч шек санабайм. Аларга ишенбөөгө себеп жок", — деп Зеленский дароо жоопкерчиликти дыкаттык менен башкаларга оодарып койду.
Россиянын Тышкы иштер министрлигин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Россия ТИМи НАТО өлкөлөрүнүн Польшага түшкөн ракета боюнча реакциясына нааразы
Бул кырдаалда Польша Украинага ордун көрсөтүп койгонун да белгилеп кетпесек болбос. Киевдеги бийлик окуяны иликтөөгө катышууну өтүнгөн. Бирок Дуда бул Варшава менен Вашингтон биргеликте өткөрүп жаткан процедура экенин билдирди. "Эгер бул териштирүүгө кимдир бирөө катыша турган болсо, бул үчүн эки тараптуу макулдашуу зарыл", — деп так кесе жооп кайтарды.
Окуя пландалбастан капыстан болгондой, бирок мындай чагымды уюштуруп, кырдаалды ырбатуунун таптакыр кажети жок. Антпесе АКШ НАТОнун келишиминин төртүнчү эмес, бешинчи беренесинин алкагында аракет этүүгө же альянстын ишинин принциптерин кайра карап чыгууга аргасыз. Башкача айтканда, өзөктүк держава менен түз жаңжалдашууга кирүү менен Американы ушунча жылдан бери сактап келе жаткан бүтүндөй коопсуздук тутумунун өзөгүн бузуунун бирин тандоого мажбур болот.
Анткен менен дагы бир вариант бар. Атап айтканда, жаңжал тутана электе дипломатиялык жолун издөө мүмкүнчүлүгү да жок эмес, себеби Батыштагылар өлкөлөрүнүн армиялары менен тирешүү Россияны уй мүйүз тартып сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз кыларына ынанышат.
Маселелерди Кремль дал Ак үй менен чече турган мындай формат Киев менен дипломатия ойногонго караганда кыйла мазмундуу экени шексиз. Бирок Вашингтон тил табышууга даяр болбосо, бул варианттан да майнап чыкпай турганы ырас. Арийне ошол маалда Украинанын өзү эмне болот? Акырында андан эмне калат?
Батыштагылар ракетаны Россия атпаганы менен жоопкерчилик баары бир анын мойнунда деп жар салды. Вашингтон менен Брюссель ушундай көз карашты карманганын канчалык создуктурса, ошончолук узак убакыт Украина НАТОнун курал жаатындагы иштелмелери үчүн полигон бойдон кала берет.
Саясий эрки жетишерлик болсо мындай чагымды америкалык желдеттер Вашингтондун макулдугун албастан деле уюштуруп кое алат. Ал эми кооптуу маселеден коомчулуктун көңүлүн буруп кеткен соң Вашингтон жактырган "көзөмөлдөнүүчү башаламандыкты" башкаруу улам татаалдай бермекчи.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Орой чагымчылык. ТИМ өкүлү Польшадагы ракета чуусу тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0