00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия ТИМи НАТО өлкөлөрүнүн Польшага түшкөн ракета боюнча реакциясына нааразы

© Sputnik / Наталья СеливерстоваРоссиянын Тышкы иштер министрлигин имараты
Россиянын Тышкы иштер министрлигин имараты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Дипөкүлчүлүк Киев режими да бул окуяда өтө тездик менен Россияга көө жабууга аракет кылганын белгилеген.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Польшага түшкөн ракета боюнча расмий билдирүү жасап, НАТОго мүчө-мамлекеттердин ичинен айрымдарынын ага болгон реакциясын "кыжырды келтире тургандай" деп сыпаттады. ТИМдин билдирүүсү сайтына жарыяланган.

"НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн кээ бири жана алардын ЖМКлары абалды териштирбей туруп ракета окуясына Россия күнөөлүү болушу мүмкүн деген жалган маалыматтарды чыгарууга ашыкты", — жазылган ТИМдин маалыматында.

Дипөкүлчүлүк Киев режими да бул окуяда өтө тездик менен Россияга көө жабууга аракет кылганын белгилеген.
"Киев бийлиги Россияны күнөөлөш үчүн бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып келет. Анын үстүнө Зеленскийдин режими колдоочуларын алсыратып жаткандыктан, алар Батыштын колдоосун бекемдөөгө аракет кылууда", — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган.
Associated Press басылмасы жазгандай, булар россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулган Украина армиясынын ракеталары болгон.
Польшанын Тышкы иштер министрлиги окуя болору менен ракеталар Россияда чыгарылганын маалымдаса, президенти Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айткан. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Анджей Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын билдирип, интернетте тарап жаткан ракета калдыктарынын сүрөттөрү Россияга тиешеси жок экенин белгилеген.
Ал эми АКШ президенти Жозеф Байден алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.
Полиция кызматкерлери Пшеводов шаарындагы (Польша) жардыруу болгон жерде көзөмөл-өткөрүү пунктунда документтерди текшерүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Песков: Польшадагы "ракета окуясына" Россиянын тиешеси жок
Жаңылыктар түрмөгү
0