Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Эксперт соцтармак доорунда радио алып баруучунун ролу кандай экенин айтты

© Sputnik / Акбар АкжигитовSputnik радиосунун орус тилдүү берүүсүнүн жетекчиси Наталия Нерсесян
Sputnik радиосунун орус тилдүү берүүсүнүн жетекчиси Наталия Нерсесян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жазылуу
Наталия Нерсесян түз алып көрсөтүүдөн улам радионун алып баруучусун угуп эле эмес, көрүүгө да мүмкүн экенин белгилеген.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Радио алып баруучусунун социалдык тармак өнүккөн азыркы доордогу жаңы ролу тууралуу Sputnik радиосунун орус тилдүү берүүсүнүн жетекчиси Наталия Нерсесян айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда SputnikPro долбоорунун алкагында мастер-класс өткөн.
Адис бүгүнкү күндө радионун алып баруучусу угармандар эле эмес, көрөрмандар арасында да аудиториясын таба аларын белгиледи.
"Аудитория алып баруучуну угуп да, көрө да алат. Мисалы, биздеги студиянын баарында камера орнотулган, социалдык тармакта түз эфирлерди алып барабыз. Радионун алып баруучусу бүгүн микрофондун жанында эле отурган адам эмес, бүгүн ал видеоблогдордун жылдызы. Анын үстүнө азыр видеобайланыш аркылуу конокторду да тартууга мүмкүнчүлүк бар. Берүүнү онлайн эле эмес, жаздырылганын да көрүп-угууга болот", — деди Нерсесян.
Ал Sputnik радиосундагы "Обсудим?" ("Талкуулабайлыбы" — ред.) программасын мисал келтирген.
"Программанын алып баруучулары эфирди ээн-эркин алып барышат, актуалдуу маселелерди жеңил, баарын жеткиликтүү кылып талкуулашат. Мындай формат сүрөтү менен чыкса андан бетер майнаптуу болот: эфирди он миңдеген адам көрүүдө. Демек, биз уккан эле эмес, көргөн адамдардын арасынан да аудитория таап жатабыз", — деди адис.
SputnikPro — Россиянын мыкты медиаменеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентациясы жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. SputnikPro окуулары 2018-жылдын жазынан бери Армениядан Индияга, Грециядан Кытайга чейин өттү. Жалпы жонунан долбоорго 80 өлкөдөн 5 000 киши катышкан.
Sputnik — эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу, "Россия сегодня" медиатобунун бир бөлүгү. Sputnik ондогон тилдерде иштеген интернет-сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүлөрдү, англис, араб, испан, кытай жана фарс тилдеринде чыккан маалымат түрмөгүн бириктирип турат. Sputnik маалымат ресурстарынын аудиториясы айына 21 миллион кишини түзсө, соцтармактагы катталуучуларынын саны 26 миллионго жетти. Sputnik агенттигинин башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан.
Sputnik радиосунун баяндамачысы, алып баруучу Евгений Майструк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Пресс-борбор
Радиоберүүнүн кызыгын кантип арттыруу керек. Алып баруучунун кеңештери
Жаңылыктар түрмөгү
0