Песков: Польша кеп С-300дүн сыныктары боюнча болгонун дароо айтышы керек эле

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Польша ачык маалымат бергенде адистер ракетанын Россиянын Куралдуу күчтөрүнө таандык эместигин дароо түшүнмөк деген пикир айтылды.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Польша кеп С-300дүн калдыктары боюнча жүрүп жатканын дароо айтышы керек болчу, байланыша турган каналдар бар эле. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканын РИА Новости билдирди.
"Жок, мен бул бул тууралуу билбейм (РФ, АКШ жана НАТОнун байланыш каналдары кызматташты беле – ред.), бирок ал жакта эскалацияга эч кандай себеп да, шылтоо да жок болчу. Польшалыктардын кеп С-300дүн калдыктары боюнча болуп жатканын билдиргенге бардык мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Албетте, бардык адистер ал россиялык куралдуу күчтөргө тиешеси бар ракета эместигин дароо түшүнмөк", – деди Песков журналисттерди ракета окуясында кырдаалды андан ары курчутуп жибербеш үчүн РФ, АКШ жана НАТОнун байланыш каналдары кызматташты беле деген тейдеги суроосуна жооп берип жатып.
Ал РФ, АКШ жана НАТОнун байланыш каналдары бар экендигин кошумчалаган.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган. Өлкө башчысы Анджей Дуда бул ракеталар кимге таандык экендиги тууралуу так маалымат жок экенин айтса, Польшанын Тышкы иштер министрлиги ракеталар Россияда чыгарылганын белгилеген. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Анджей Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
Пентагон Польшага түшкөн ракета боюнча божомолдорго таянып, шашып билдирүү жасап жиберүүдөн алыс экендигин, фактылар керектигин, аны алууга мүмкүнчүлүк жетиштүү деген позициясын айткан.
Ал эми АКШ президенти Жозеф Байден 16-ноябрда эртең менен Балиде G20 саммитине катышкан G7 менен НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын ыкчам жолугушуусун демилгелеген. Алдын ала маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.
Россиянын Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, украин-поляк чек арасына ал күнү эч кандай сокку урулган эмес, ал эми сүрөттөгү талкаланган бөлүктөрдүн россиялык куралдарга такыр тиешеси жок. Ведомстводон польшалык ЖМКлардын "россиялык" ракеталар келип түштү деген билдирүүлөрүн абалды курчутуу үчүн жасалган чагымчылык деп баалаган. Министрлик Польшадагы окуя болгон жерден жарыяланган сүрөттөрдөн улам ал жерге украиналык ПВО С-300 системасынын урандылары келип түшкөнүн аңдоого болорун билдирди.
Россиянын Коргоо министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Россия: Польшага түшкөн "россиялык ракеталар" тууралуу маалымат провокация
Жаңылыктар түрмөгү
0