Таласта суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКүзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт
Күзгү аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Апта башында жамгыр жаабайт.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Маалыматка караганда, 13-14-ноябрда жана 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-ноябрда күндүн экинчи жарымында жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Ушуну менен аймакта 17-ноябрга чейин жаан жаап, күн 18-ноябрда ачылары айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы 16-ноябрдан тарта төмөндөп баштайт.
Коңур күз, алтын күз. Бишкектен тартылган он сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Коңур күз, алтын күз. Бишкектен тартылган он сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0