00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: тааныш же акчанын күчү менен айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2022
Жазылуу
Президент бир тууганынын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи ирет кирүүгө даярдык көрүп жатканын мисал кылып, бул эң туура чечим экенин белгилеген.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө айдоочулук күбөлүктү берүү тыкыр көзөмөлгө алынарын айтып, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүндө болорун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эскертти.
"Айрым чиновниктердин, айрыкча күч түзүмдөрүндө иштеген аткаминерлердин айдоочулук күбөлүктү тууган-туушкан, жек-жаатына белек катары берип келгени эч кимге жашыруун эмес. Мындан тышкары, ар кыл коррупциялык схемаларды түзүп, мамлекеттик кызматты өз кызыкчылыгына пайдаланып, киреше табуунун булагы катары көргөндөр да бар. Аларга аёо болбойт", — деп жазган президент.
Президент айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн компьютердик экзамендер киргизилгенин эске салып, бир тууганынын кызы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка сегизинчи ирет кирүүгө даярдык көрүп жатканын айткан.
"Бул эң туура жана кубаттоого арзый турган чечим деп эсептейм. Сиздерди дагы бул тармактагы чирип бараткан системаны жоюуга салым кошууга чакырып кетер элем. Экзаменди айланып өтүү амалдарын көргөндөр болууда. Төмөндөгү сүрөттөр менен тасмада "Унаа" ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалында айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз берүүнүн айла-амалы кылып дүрбүгө чейин колдонулганын көрүүгө болот. Алар терезеден шыкаалап, сынактагы жоопторду тууралап турушкан. Эми мунун кесепети айтпаса да түшүнүктүү. Бул өлкө боюнча катталган жол кырсыктарына, бейкүнөө өлүмдөргө себеп болуп келет. Канча деген жарандарыбыз кан жолдо набыт болууда. Ошондуктан эми мурдагыдай тааныш-билиш же акчанын күчүнө салып айдоочулук күбөлүк алууга жол берилбейт. Андайга баруу аракеттерине мыйзам чегиндеги кескин жана катаал чаралар колдонулат", — деген мамлекет башчы.
Садыр Жапаров ар кимге "крыша" болом дегендерге эскертүү берген.
"Кайсы кызматкер прокуратуранын кайсы кызматкерине чалганы, ким-кимге "крыша" болуп берем деп ишендиргенинен бери менде толук маалымат бар. Мыйзамсыз иш-аракеттерге барууңарды токтоткула, акыркы жолу эскертем! Эртең туугандарыңар дагы "элдин баласы болчу" деп ыйламсырап чыкпасын! Автоунааны жол кыймылынын эрежелерин мыкты билген айдоочу отурганда гана жол кырсыктарынын, өлүмдүн саны азаят", — деп жазган Жапаров.
Киши жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
ИИМ айдоочулук күбөлүккө кайталап экзамен тапшырганда акча төлөтүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0