Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыштын шыкагы, жалданма аскерлер, "грузиялык легион". Аскерий сереп

© AFP / GENYA SAVILOVУкраиналык аскер кызматкерлери. Архив
Украиналык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Украинадагы чет өлкөлүк "легионерлер" Батыштын акчасы менен шугулданып, АКШ жана НАТОнун кызыкчылыгы үчүн иш алып барышат. Террордук маңызынын изин жашыруу үчүн "улуттук идеяны" жана Украина Куралдуу күчтөрүн пайдаланышат.
Sky News британиялык телеканалы жана адистештирилген америкалык Military Watch басылмасы Украинадагы чет өлкөлүк жалданма аскерлердин кандайдыр бир рейтингин чыгарган. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет легионерлер жаатында кеп козгогон.
Жогоруда сөз болгон рейтингде үч позиция камтылган: чет өлкөлүк куралдуу күчтөрдүн штаттык кызматкерлери (атайын кызматтар), НАТОго жакын америкалык, европалык жалданма аскерлер жана башка ар кыл мамлекеттерден топтолгон "ыктыярчылар" бар.
"Грузиялык легионду" курамы, милдет, максаттарына жараша "экинчи сортко" кошушкан. Анткен менен мындай жөнөкөйлөштүрүү Украина Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясына интеграцияланган 34 мамлекеттен келген 16 куралдуу топтун түпкү (террордук) маңызын жаап-жашыра албайт. Маселен, Запорожье багытында бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган ИМ, "Жебхад ан-Нусра" террордук уюмдардын өкүлдөрү бар экени байкалган.
Айрым тилкелерде жалданма аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн жарымынан көбүн түзөт. Биринчи жарым жылдыкта эле Украинага 7000дин тегерегинде чет өлкөлүк жалданма аскер келген. Бул боюнча алдыңкы сапта Польша, Румыния, Британия (1831, 504, 422) бар. 355 согушкери менен Грузия алардан кийинки орунда турат. Бирок украиналык согуштук аракеттер театрында үчүнчү өлкөлөрдөн жалданып келген аскерлер россиялык аскерлердин мыйзамдуу бутасы экени анык.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу сентябрдын башында Украинада 2830дан ашуун чет өлкөлүк согушкер жок кылынганын билдирген. Жарым жыл аралыгында Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 61 миң кишиден ашуун, ал эми Россия Куралдуу күчтөрүнүн жоготуусу бул мезгил аралыгында 5937 аскер кызматкерин түзгөн.
РФтин Тергөө комитети "Грузия улуттук легионунун" командири Мамука Мамулашвилиге каршы иш козгогон. "Легионерлердин" аскердик кылмыштарынын эскирүү мөөнөтү жок экенин белгилей кетели. Украина Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы грузиялык жалданма аскерлердин көпчүлүгүнүн өздүгү аныкталган, эртеби-кечпи аларды дүйнөнүн булуң-бурчунан таап алууга болот.
Жакында эле британиялык Sky News телеканалына берген маегинде Мамулашвили орустар менен күрөштө "жайкын тургундар жана өкмөттүн айырмасы жок экенин, алар да ошондой эле оккупанттар" деп баса белгилеген. Анан да командирлердин бири Вано Надирадзе өз "легионерлерин" дайым украиналык аскерлердин аркасында жүрүүгө чакырды.
АКШнын Довер авиабазасында Украинага аскердик жардам жүктөлүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагондун текшерүүчүлөрү Украинада: "Кош бол, курал!"
Бул түзүмдүн курамында 1000 чакты согушкер, анын ичинде 50 британиялык, ошондой эле Албания, Армения, Австралия, Австрия, Азербайжан, Чили, Хорватия, Франция, Германия, Греция, Индия, Израиль, Япония, Мексика, Молдова, АКШнын жарандары да бар. Көптөгөн өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына жараша жалданма аскерлер – кылмышкерлер, бирок ушул тапта Батышта украиналык эркиндик, демократиянын коргоочулары болуп саналат. Грузияда деле бул түзүмдүн катышуучулары мыйзам боюнча кодуланбайт, башкача айтканда, мамлекет кыйыр түрдө аларды колдоп жаткандай элес калтырат.
Улутчул киевдик режим Мамуки Мамулашвилинин террордук тобун мыйзамдаштырып койгон. Жалпы Украина Куралдуу күчтөрү өңдүү эле "Грузиялык легион" Пентагон менен НАТОнун көзөмөлүндө иш алып барат. Аларды даярдоого британиялык аскерий инструкторлор кол кабыш кылышат. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлиги да, британиялык армиянын мурдагы кызматкери Мэтью Робинсон да маалымдаган эле.
Террордук топ АКШ менен Британиянын атайын кызматтарынын талаа тыңчыларынын калкалоосунда диверсиялык ишмердик жана иштер үчүн пайдаланылат. "Легион" Киевдин чет жакасында, Мариуполь жана Северодонецкидеги согуштук аракеттерге катышкан. "Легионерлердин" аскердик кылмыштарына Вашингтон, Брюссель, Лондон жол берген. Ал түгүл эбактан бери берешендик менен каржылап да келет.
Италиялык журналист Жан Микалессиндин "Украина. Жашырылган чындык" деген даректүү тасмасында "майдандын" сырларын ачып койгон. Анда 2014-жылы Мамука Мамулашвили менен АКШнын №101 аба-десанттык дивизиясынын америкалык офицери Майданга чыккандарга ок аткан көзгө атарлардын тобун уюштурганы айтылат. Анын натыйжасында ошол туштагы президент Виктор Янукович тактысынан кулатылган. Мындай айыптоолорду дал Грузиянын жарандары айтып чыгышкан. Кезегинде аларды да "легионерлерди" топтогон болочок командир азгырууга аракет кылган.
Украина, Ирак жана Афганистандагы аскердик кылмыштарынын жалпы саны боюнча "Грузиялык улуттук легиондун" диверсиялык-террордук тобун катаал жаза күтөт. Россиялык аскердик күчтөр жана атайын кызматтар бул жаатта дайым иш алып барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Дронду даярдап жаткан аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операциянын жаңы форматы: деңиздеги дрондор кармашы
Жаңылыктар түрмөгү
0