Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Пентагондун текшерүүчүлөрү Украинада: "Кош бол, курал!"

© AP Photo / Mauricio Campino/U.S. Air ForceАКШнын Довер авиабазасында Украинага аскердик жардам жүктөлүү учурунда. Архив
АКШнын Довер авиабазасында Украинага аскердик жардам жүктөлүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
Вашингтон Киевде мыйзамсыз курал сатыларын танып келет, бирок Украина Куралдуу күчтөрүнө жөнөтүлгөн аскердик жүктөрүнүн үчтөн бири гана дарегине жетери белгилүү.
Бул – киевдик режимге Кошмо Штаттардын аскерий жардамын кыскартууга да, украиналык мамлекеттүүлүктүн кызыкчылыктары жана керектөөлөрүн эске албастан НАТО менен Россиянын түз тирешин тутантууга да ыңгайлуу шылтоо. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Украинага жардам иретинде берилген куралдын көлөмүнө, анын эсебин алуунун жаңы форматына токтолгон.
Украинадагы россиялык атайын операция америкалык жана батыш европалык аскер өнөр жай комплексинин күчү ашкере апыртылганын далилдеп койду. Курал өндүрүшүндө НАТОго мүчө мамлекеттерине Россия менен атаандашуу мурдагыдай эле өтө кыйын. Согуштук аракеттердин сегиз айында РФтин аскерлери Украина Куралдуу күчтөрүнүн 6270 танк жана башка ок өтпөс машинасын, 3544 артиллериялык курал жана миномётун, 2414 учкучсуз, 881 радиоактивдүү залптык октун тутумун, 497 учак жана тик учагын, 384 зениттик ракеталык комплексин жана башка дагы көп куралын жок кылды.
РФ Коргоо министрлигинин статистикасы Украина курал корун үч жолу жоготконун, башкача айтканда, НАТОнун арсеналдарын кыйла какшытып койгонун айгинелейт. Бирок Вашингтон менен Брюсселди бүгүн Россия Куралдуу күчтөрүнүн кудурети гана кооптондурбайт. Украина аркылуу Батыштын миллиарддаган (доллар жана евро менен) аскерий көмөгүнүн көп бөлүгү куралдын эл аралык "кара куралына" кетет. Алар Түндүк атлантикалык альянска кирген өлкөлөрдө да капыстан "атылып кетиши" да мүмкүн.
Вашингтон Украинада америкалык куралдарды уурдоону (кайра сатуу) расмий түрдө танып келет. Аталган өлкө Жемкорлук боюнча индексте 180 мамлекеттин арасында 122-сапта турат. Newsweek маалыматына таянсак, АКШнын Украинага жөнөтүлгөн аскердик жардамынын үчтөн бири чындап эле дарегине жеткен.
Пентагон жардамы кайда кетип жатканын көзөмөлдөй албайт. Кошмо Штаттардын текшерүүчүлөрү Украина Куралдуу күчтөрүнө жиберилген "чоң тобокелдиктеги" куралдардын (эң оболу, Stinger жана Javelin комплекстеринин) болгону 10 пайызын гана текшере алган.
Согуш баарын жууп кетет. Буга дейре да афган талибдери олжого алган америкалык Black Hawk тик учактарын учуруп, ал эми Ирактагы ислам согушкерлери басып алган ондогон Abrams танктарын пайдаланып жатканы байкалган. Пентагондогулар Украина согуштук аракеттер театрындагы дрон жана ракеталар АКШнын аймагына жана союздаш өлкөлөрүнө улам көбөйүп бараткан коркунуч экенин түшүнөт.
Вашингтондогу Капитолийдин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Россияга каршы кансыз согуш максатына жеткен жок. Bloomberg мисалы

Жемкорлукка өзгөртүү киргизүү

Украинага аскердик жардамдын изине көз салган Киль дүйнөлүк экономика институтунун маалыматы боюнча, быйыл февралдан тарта АКШ 23 млрд. доллар, Улуу Британия – 3,7 млрд. доллар, Германия – 1,4 млрд. доллар, Польша – 1,8 млрд. доллар бөлгөн. Ак үйдөн АКШ конгресси киевдик режимге болуп көрбөгөндөй, бирок күңүрт аскердик көмөктүн көлөмүн көзөмөлдөөнүн таптакыр башка тутумун талап кылды.
Ноябрдан бери украиналык арсеналдарды АКШ армиясынын аскер кызматкерлери кайтарат. Бирок куралдар россиялык авиация жана артиллериянын соккусу менен каалаган убакта жок кылынышы да ажеп эмес. АКШнын инспекторлору "фронттун чегине жакын" пайда болору арсар, бирок Украинанын картасында коопсуз локациялар жок.
Курал менен жабдууну америкалык көзөмөлдөөнүн жаңы форматы Пентагондун жоготуулары арбыган сайын Россия менен НАТОнун түз куралдуу кагылышына себеп болуп калышы ыктымал. Тарыхка үңүлсөк, Тонкин булуңунда эки америкалык эсминец атып түшүрүлгөн соң Вьетнамда АКШнын согушу тутанган.
Вашингтон окуялардын мындай нук алышына, жаңжалдын Украина согуштук аракеттер театрынын чегинен чыгарын болжобой койбосо керек. АКШнын он миңдеген аскерлери Румыния, Польша жана Балтика өлкөлөрүнө жөн жерден топтолбогон чыгар. Кезегинде америкалык президент Рональд Рейгандын кеңешчиси болгон Пол Крейг Робертс: "Вашингтон тарабынан жалган желектин алдында жүргүзүлгөн чабуулдардын өтө көптүгүн эске алсак, АКШны Россияга каршы согушка тарта турган Украинадагы дагы бир чабуулду күтүүгө болобу?" — деп суроо салат.
Экинчи жагынан 8-ноябрда өтө турган АКШ конгрессине шайлоодон кийин киевдик режимге ири топтомдогу аскердик жардамды берүү татаалданып, солгундап же токтоп калышы да ажеп эмес. Америкалык Катон институтунун улук илимий кызматкери Гален Карпентер: "Украинанын көз карандысыздыгы жана территориялык бүтүндүгүн сактоо үчүн Кошмо Штаттар өзөктүк куралга ээ Россия менен согушууга арзыбайт".
Кандай болгон учурда да чет өлкөлүк валюта жана экономикалык жардамдан толук көз каранды болгон Украина бүдөмүк келечекке түз караганы дурус. АКШ "жемкорлукка малынган демократияны", ал эми Европа биримдиги "үлкөндүн" көлөкөсүн акырына дейре коргоп турары айкын.
РФтин коргоо министри Сергей Шойгу: "Жамааттык Батыштын кыйратуучу аракеттеринин негизги максаты – албетте, Россияны, анын экономикасын, аскерий дараметин жок кылып, көз карандысыз тышкы саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу. Ал эми киевдик режим менен Украина – АКШ менен НАТОнун "коштолгон жоготуулар" тизмесине атайын киргизилген куралы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
АКШнын жана Европа биримдигинин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британияда Батыш качан Россия менен сүйлөшүүгө аргасыз болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0