Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операциянын жаңы форматы: деңиздеги дрондор кармашы

© Sputnik / Иван Родионов / Медиабанкка өтүүДронду даярдап жаткан аскер. Архив
Дронду даярдап жаткан аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
Севастополдогу алты даана учкучсуз аппарат жана деңиз дрондорунун аралаш чабуулу НАТОнун Россия менен прокси-согушун жаңы деңгээлге чыгарды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул көрүнүш киевдик режимдин кызыкчылыгын, аскерлерин же ресурстарын эсепке албастан, украиналык согуштук аракеттер театрынын тышындагы түз куралдуу тирешке карай кезектеги бурулуш экенин белгилейт.
РФ Коргоо министрлиги 29-октябрдын таңында Кара деңиз флотунун, ошондой эле жарандык кемелерге (Севастополдогу тышкы жана ички рейддерде) террордук чабуул жасалганын маалымдады. Бирок РФтин абадан коргоо тутумунун кеме комплекси тарабынан анын мизи ыкчам кайтарылган.
Южная булуңундагы зым тосмо бузулуп, "Иван Голубец" деңиз тральщиги бир аз жабыркады. Анткен менен Севастополдун тышкы рейдинде төрт деңиз учкучсузу, ичкисинде үч аппарат РФ деңиз авиациясынын кеме куралдары жана күчтөрү тарабынан жок кылынды. Бул террордук актыны уюштуруу үчүн Украинанын №73 деңиз операциялары атайын борборунун аскерлерин Очаков шаарында (Николаев облусунда) британ адистери таптаган. Бул тууралуу россиялык аскер мекемеси билдирди.
РФ Куралдуу күчтөрү абадан сокку уруу менен 30-октябрда Очаковдогу Атайын операциялар борборун жок кылды. Кара деңиз флотунун башкы базасына деңизден жана абадан топтоштурулган сокку урууга Украина Куралдуу күчтөрү тактикалык-технологиялык жактан дараметсиз экени белгилүү эле. Ал түгүл НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында ар кыл эффективдүүлүктөгү аскер-деңиз учкучсуздарына ээ болгону да саналуу. Атасак, Улуу Британия, АКШ, Франция, Түркияда гана бар. Украина алардын катарына кирбейт, бул аппараттарды пайдалануу үчүн даярдыктан өткөн операторлору да жок.
Деңиз дрону Очаковдон Севастополго чейин 300 чакырымдай аралыкты басып өтүп, андан ары Севастополь булуңундагы 400 метрлик тилкеге жетиши керек. Южная булуңундагы (тар жердеги) навигациянын жана бута көрсөткүчтөрүнүн татаалдыгын айтпай эле коёлу. Түндүк атлантикалык альянстын көп домендик бул операциясында 16 сокку уруучу аппарат, RQ-4B Global Hawk стратегиялык учкучсуз "координатору" тартылган. Ал эми мында Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистери алар жөн гана пайдаланылган. Тегин жерден америкалык The New York Times гезити бул ишти дароо украиналык аскердик чөйрөнүн "эрдиги" катары белгилебеди.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлиги тийиштүү мекемелер менен биргеликте "терактыны даярдоого британ адистеринин катыштыгына байланыштуу практикалык кадамдарды" иштеп чыгууда.
Кара деңиз флотунун бул чабуулга кабылган кемелери Африка өлкөлөрүндөгү ачарчылыктан азап чегип тургандарга жөнөтүлчү айыл чарба өндүрүмдөрүн украиналык порттордон чыгаруу боюнча эл аралык демилгелер алкагындагы "дан коридорунун" коопсуздугун камсыздап жатышкан. Бирок иш жүзүндө буудай байгер жашаган Батыш Европага берилип, ал эми Африкага бул долбоордун "күкүмдөрү" гана жетери айтылат.
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Доордун башкы карама-каршылыгы. Он жылдыкта дүйнөнү эмне күтөт? Путиндин сөзү
Россиянын текшерүүсү болбосо, кургак жүктүн шылтоосу менен киевдик режимге курал жана ок-дары ташылышы ыктымал. Ал эми бул Украинадагы согуштук аракеттер театрында курмандыктардын санын гана арбытат. Ошол себептен бүгүн РФтин Куралдуу күчтөрү үчүн стратегиялык чаралар (НАТОнун көп домендик долбооруна каршы туруу технология жана тактикасы) да, Кара деңиз флоту менен "коопсуздук коридорун" бөгөттөө боюнча ыкчам аракеттер да маанилүү.
Учкучсуздардын табылган калдыктары Москвага салмактанган чечим чыгарууга мүмкүндүк берет. Вашингтондогу расмий үлкөндөр өткөн жекшембиде АКШ Севастополго жасалган чабуулга көмөктөшпөгөнүн, аны уюштуруу үчүн Украинага эч кандай маалымат бербегенин айтып актанды. Анткен менен Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби быйыл апрелде "жээктеги коргонуунун ар кыл көйгөйлөрүн" чечүү үчүн Украинага АКШнын Аскер-деңиз флотунун корунан суу бетиндеги учкучсуздарды жөнөтүү жөнүндө билдирген эле.
Батыш Sea Hanter же Remus тибиндеги суу бетиндеги жана суу түбүндөгү роботтоштурулган аппараттарды өрчүтүүгө чоң көңүл буруп, Украинаны эбактан бери НАТОнун сынамык куралдары үчүн полигон катары кызмат кылат. Ал эми 29-октябрда АКШнын европалык союздаштары бул багытта кыйла артта экени тастыкталып калды.
Окуялар кандай нук алса да атайын аскердик операциялардын ишемби күнкү деңиздеги театры башкаруунун автоматташтырылган заманбап тутумунун жетегинде учкучсуз аппараттар менен дрондорду көп домендик колдонуунун жаңы доорун баштап койду. НАТОнун бөлөк туунун алдындагы ушул сымал операцияларынын кайталанышына даяр болуу шарт.
Альянстын учкучсуздары жана чалгындоочуларына (анын ичинде спутниктери да) украиналык согуштук аракеттер театрында иш алып барууга жол берилбегени оң. Атайын аскердик операциянын аймагына жакын жердеги америкалык RQ-4B Global Hawk стратегиялык чалгындоо аппараттары жана башкалар РФтин абадан коргонуу тутумдарынын буталарына айланары турулуу иш. Анткени Россияга башка арга калтырышпады. НАТО бүтүндөй Чыгыш Европаны "украиналаштыруу" менен алектенип, Үчүнчү дүйнөлүк согушту тутантууга тырышууда.
РФтин "дан келишиминен" чыгышына АКШ президенти Жо Байден жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин кыжырданышы да буга айкын далил, анткени Москва Түндүк атлантикалык альянстын пландарын бузуп койду. Балтикага ("Түндүк агымдын" жардырылышы) жана Севастополдун рейддерине дрондордун чабуулу Пентагон менен НАТОнун бир стратегиясынын шилтемдери. Бирок мындан жөн гана чыгып кетүүгө болбойт, антпесе орто мөөнөттүк келечекте Россиянын бардык деңиз чек араларына альянстын жаңы чабуулдарын көрүп калышыбыз ыктымал. Агрессорго катаал эскертүү берүү абзел.
Европага карай АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн USS Gerald Ford атомдук авиаташуучу башында турган тобу багыт алды. Бирок европалык сууларда мурда эле америкалык USS George Bush авиаташуучусу баштаган топ жайгашканы маалым.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
HAWK зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
1960-жылдардан элес: Украинага берилген HAWK зениттик комплексине мүнөздөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0