Бишкекте Россиянын бычакталган жаранынын сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак менен адам. Иллюстративдик сүрөт
Бычак менен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Сөөк жер төлөдөн табылган, учурда тергөө уланууда.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекте Россия жаранынын бычакталган сөөгү табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
3-ноябрда Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүнөн жашы болжол менен 35-40 жаштагы бычакталган эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Милиция киши колдуу болгон адамдын ким экендигин аныктады. Ал Россиянын 32 жаштагы жараны болуп чыкты. Аталган факт Ленин РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.
Мушташ. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Чыгыш-5 районундагы мушташ өлүм менен аяктап, жети киши кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0