Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Санкт-Петербург бийлиги Бишкектин өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
Эки шаардын ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы иштелип чыгып, макулдашылган.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Санкт-Петербург калаасынын бийлиги Бишкек мэриясына жол кыймылын башкаруу жана уюштуруу жаатында жардам берүүгө даяр. Бул туурасында Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Сергей Марков билдирди.
Ал Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын кызматташуусуна арналып Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Марков Бишкек менен Ош Петербургдун расмий өнөктөштөрү экенин эске салган. Бүгүн Бишкектин вице-мэри менен жолугушуу белгиленген. Анда эки калаанын кызматташуусу боюнча карта тапшырылат. Документ Россиянын түндүк борборунун башчысы менен макулдашылып, кол коюлган. Анда эки шаардын аткаруу органдарын ар кыл тармакта өз ара иштешүүнү турмушка ашырууга милдеттендирген пунктулар бар.
Мисалы, "Петербург жолугушуулары" — бул картадагы иш-чараларды ишке ашырууну караган иштердин мисалы. Андан сырткары, билим берүү, маданий жана турак жай-коммуналдык чарба жааты да камтылган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовПервый зампредседателя Комитета по внешним связям Санкт-Петербурга Сергей Марков
Первый зампредседателя Комитета по внешним связям Санкт-Петербурга Сергей Марков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
"Бул жерде Санкт-Петербург Бишкектин аткаруу бийлигине көмөктөшүп, алдыңкы технологиялар, таштандылар менен иштөө ыкмалары, жол кыймылын уюштуруу жаатында кошумча тажрыйбаларды үйрөтмөкчү. Петербург — дүйнөдөгү заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча алдыга чыккан калаалардын бири. "Акылдуу шаар" долбоору бизде толугу менен иштеп, жол кыймылы менен элибиздин коопсуздугун камсыздап келет", — деди Петербург бийлигинин өкүлү.
Тагыраагы, тармактык адистер келип, бул жердеги кыйынчылыктар жана көйгөйлөр менен таанышып, андан соң Санкт-Петербургда колдонулган тажрыйбаны салыштырып маселени кандай кылып чечүү боюнча сунушун айтууга даяр. Андан кийин Бишкектик адистерди өздөрүндө кабыл алышмакчы.
"Биз конкреттүү иштеп жаткан долбоорлор менен бөлүшүүгө даярбыз. Бул IT-тармагындагы колдонулуп жаткан технологияларга эле тиешелүү эмес, шаардагы райондорду, сквер, парктарды салууга да жардам берет", — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, "Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары" башталды. Бул — Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар комитети уюштурган жолугушуулардын сериясы. "Кыргызстандагы Петербург жолугушууларын" 4-9-ноябрь аралыгында Бишкек жана Ошто өткөрүү пландалган.
Петербург жолугушуусу блокадачылар эстелигине гүл коюу менен башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
"Петербург жолугушуусу" блокадачылар эстелигине гүл коюу менен башталды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0