Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Доордун башкы карама-каршылыгы. Он жылдыкта дүйнөнү эмне күтөт? Путиндин сөзү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
"Валдай" форумунда Владимир Путин "тарыхый чекте турганыбызды, алдыда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң кооптуу, болжоп болгус жана эң маанилүү он жылдык күтүп турганын" эскертти.
РФ лидеринин аталган форумдагы айткандарын Петр Акопов талдап чыккан. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялады.
"Дүйнөлүк иштерде Батыштын үстөмдүгүнүн тарыхый мезгили аяктап, бир уюлдук дүйнө жоюлуп барат... Батыш адамзатты жалгыз башкарууга жөндөмсүз, бирок ага карабастан буга далалатын токтотпой келет. Ал эми дүйнө калкынын көпчүлүгү андай көрүнүшкө баш ийгиси жок. Жаңы доордун башкы карама-каршылыгы ушунда. Кырдаал белгилүү бир деңгээлде революциялык: жогоркулардын эми колунан келбейт, ал эми төмөндөгүлөр мурдагыдай жашоого макул эмес", – деди Россия президенти.
Путиндин сөзү адамзаттын болочогу туурасында талкууга арналды. Болгондо да ал ааламдашуунун батыш планы кабылган туңгуюк жана каатчылыктан гана кеп салбастан, анын ордун баса ала турган багытты, Россия курууну сунуштаган дүйнөнүн чектерин көрсөттү. Жалпыбыздын келечегибиз тууралуу тең укуктагы сүйлөшүүнү канчалык эрте баштасак, ошончолук дурус эмеспи. Ошондуктан ал муну баарына, ал түгүл Батышка да сунуштады.
Путин ушул тапта Батыш адатынча кырдаалды курчутуу аракетинде экенин, бирок анын куну оор болорун белгиледи. "Дүйнөнү тескөөнү азыр Батыш тобокелге салууда. Бирок бул "оюн" кооптуу, кандуу, ыплас экени ырас. Ал өлкө жана элдердин эгемендүүлүгүн, өзгөчөлүгүн жана уникалдуулугун четке кагып, башка мамлекеттердин кызыкчылыктары менен эсептешпейт", – деп кейиди россиялык лидер. Путиндин баамында, америкалык дүйнө тартиби күн өткөн сайын башаламандыкты гана арбытып, батыш өлкөлөрүнүн өзүнө да кедерги болууда. Алардын өз алдынчалыгын көрсөтүү аракеттерин да көтөрө албайт.
Бирок дүйнө табияты боюнча көп түрдүү, Батыштын бардыгын бир калыпка салуу далалатынан майнап чыкпастыгын белгилеген РФ президенти "алардан жаратман жана өсүп-өнүгүү боюнча демилгелер чыкпайт. Үстөмдүгүн сактап калуу аракетинен башка дүйнөгө сунуштай турган нерсеси жок" деди. Анткен менен ошол үстөмдүгүн коргоп салуу жыл өткөн сайын Батыш үчүн кыйындап барат.
РФ ТИМ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кара деңиздеги теракт. Москва Лондонго жооп кайтарат
Путин Батышка тиешеси жок дүйнө батыштын үстөмдүгүнүн дагы уланышына каршы экенин айтат. Себеби ал жөн гана дүйнөлүк лидерликке ээ болууну гана көксөбөстөн, баарын өзүнө баш ийдирип алууну самайт.
"Батыштын ааламдашуу модели дал каржылык жана технологиялык монополизмге таянып, бардык өзгөчөлүктөрдү өчүрүү менен түзүлгөн. Анткени алар дүйнөлүк экономика жана саясатта Батыштын айныгыс үстөмдүгүн бекемдөө керек экени түшүнүктүү болчу. Бул үчүн бүтүндөй планетанын табигый жана каржылык ресурстарын, интеллектуалдык, кадрдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгы бар эле", – деп түшүндүрдү Путин. Буга РФ лидери Александр Зиновьевдин "Батыш цивилизациясынын тирденип кетиши үчүн жашоо чөйрөсү катары бүтүндөй планета жана адамзаттын бардык ресурстары зарыл" деген сөзүн мисал келтирди.
Россия өзүнүн улуттук кызыкчылыктары жана жаңы дүйнө тартибин түзүү максаттарына таянуу менен адамзат цивилизациясы жана үрп-адаттарынын ар түрдүүлүгүнө басым жасайт. Путин келечектеги дүйнө түзүмүн: "Бүгүнкү тарыхый учурдун маңызы бардык цивилизациялар, мамлекеттер жана алардын интеграциялык бирикмелеринин алдында өзүнүн, демократиялык, өзгөчө өнүгүү жолу чындап ачылып жатканында. Эң оболу жаңы дүйнө түзүмү мыйзам жана укукка негизделип, эркин, бирөөнүн таасирине кабылбаган жана адилеттүү болууга тийиш", – деп сүрөттөп берди.
Ошол эле учурда Путин өзүнчө өнүгүү обочолонууну туюндурбастыгын да баса белгилеп, тескерисинче, калыс жана тең укуктуу принциптер менен жигердүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты боолголой турганын кошумчалады.
"Эгер либералдык глобализация – батыш үлгүсүн дүйнө жүзүнө таңуулоо болсо, интеграция, тескерисинче, бүтүн, жалпы жеңиш үчүн ар бир цивилизациянын дараметин ачуу. Эгер глобализм – бул диктат болсо, интеграция – бул баарына пайдалуу жалпы стратегияларды биргеликте иштеп чыгуу", – деди РФ президенти "Валдай" форумунда.
Жаңы дүйнө тартибинин негизги түптөөчүлөрү держава-цивилизациялар жана чөлкөмдүк чоң бирикмелер болмокчу. "Россия экономикасы, социалдык тутуму, ресурстук базасы, инфраструктурасы бири-бирин толуктап турган коңшу өлкөлөрдүн өз ара аракет этүүсү менен түптөлө турган ири мейкиндиктерди жаратуу механизмдерин жигердүү ишке салууну маанилүү деп эсептейт. Маңызында мындай ири мейкиндиктер – көп полярдуу дүйнө түзүмүнүн экономикалык негизи. Алардын диалогунан адамзаттын анык биримдиги жаралат", – деп боолголоду Путин.
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украинага жардамы өзүндөгү аскердик чоң көйгөйдү ачыктады
Ошондой эле Владимир Путин "көп полярдуулук Европа үчүн өзүнүн саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын калыптандыруу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүк" экенин да эскертти. Дүйнөнүн Батышка тиешеси жок бөлүгүн да чыныгы демократиялык тартипти орнотууга чакырды. "Көп полярдык дүйнөдө анык демократия – эң оболу ар бир элдин, баса белгилегим келет, ар бир коомдун, кандай цивилизация болбосун өз жолун, өз социалдык-саясий системасын түзүү мүмкүнчүлүгү", – деди ал.
РФ лидеринин айтымында, жаңы дүйнө тартибин куруу үчүн цивилизациялардын диалогу руханий-моралдык, салттуу баалуулуктарына таянып, алар кайталангыс жана эч кимге таңуулаганга болбойт.
"Биздин үрп-адат, баалуулуктар боюнча түшүнүгүбүз ушундай, бул ыкманы адамзаттын көпчүлүгү туура көрүп, туура кабылдайт. Бул мыйзам ченемдүү, себеби дал Чыгыштын, Латын Америкасы, Африка, Евразиянын түпкү коомчулугу дүйнөлүк цивилизациянын өзөгүн түзөт эмеспи", – дейт РФ президенти.
Ал эми Батышка Путин диктаттан диалогго өтүүдөн бөлөк арга жоктугун кайра-кайра эскертет. Келечегин ойлой турган болсо, бул Батыштын өзүнүн кызыкчылыктарына туура келет эмеспи.
"Элдер жана цивилизациялардын өзгөчөлүктөрүнө болгон сый ар биринин, чындыгында Батыштын өзүнүн да кызыкчылыгында. Өз артыкчылыгынан ажырап баратканда ал дүйнөлүк аренада заматта эле азчылыкка айланууда. Анан бул батыш азчылыгынын маданий өзгөчөлүгүнө болгон укугу камсыздалууга тийиш. Буга калган бардыгынын укуктары менен бирдей деңгээлде буга да сый мамиле жасалышы абзел.
Эгер Батыштын каймактары өз элинин аң-сезимине гендер жана гей-параддар сымал, менимче, кызыктай жаңыча теңденцияларды сиңдире алабыз дешсе, аларга да жол болсун. Каалаганын кылышсын! Бирок башкалардан да ошол багытка ыктоону талап кылууга алардын эч кандай акысы жок", – деп так кесе сүйлөдү россиялык лидер.
Атлантикалык долбоор ишке ашпай калганына бүт дүйнөнүн көзү жетип турат. Россияны жок кылууга багытталган батыш саясаты өздөрүнүн глобалдык долбоорун кыйратууда. Анткен менен Россия америкалыктар өз билгениндей курган түзүлүштү уратууга эле эмес, жаңы дүйнө тартибин орнотуу ишин тездетүүгө баарын чакырууда. Путин Россия анда жаңы гегемондун ролун ээлөөгө умтулбаганын да, кеп бирөөнүн ордуна экинчиси үстөмдүк кылары же Батыштын орду Чыгыш менен алмаштырууда эмес экенин да атайын баса белгиледи.
Россия Путин "адамзат цивилизациясынын симфониясы" деп атаган саамалыкты түзүүнүн таптакыр башка, адилеттүү ыкмасын сунуштайт. Жакынкы он жылдыкта батышка тиешеси жок дүйнө дал ушуну менен алектенет. Бул — 1945-жылдан кийинки мезгилдеги эң кооптуу, ошол эле учурда абдан маанилүү да жол.
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Путин Батыш баштаган оюн кооптуу, кандуу жана ыплас экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0